Шай Коэн: Түркия эң жакшы жол

272
0

Израилдин Стамбулдагы башкы консулу Шай Коэн Израиль газын Түркия аркылуу дүйнөгө алып чыгуу эң жакшы жол экендигин билдирди. Коэндин айтымында, төрт миллиард доллар көлөмүндөгү бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке менчик сектор даяр турат.

“Израиль газын дүйнөгө алып чыгуу үчүн Түркия эң жакшы жана эң ыңгайлуу жол деген пикирге толук кошуламын. Геосаясий көз караштан каралганда энергия булактарын чыгыштан батышка, түштүктөн түндүккө ташып өтүү үчүн негизги жол милдетин өтөөчү Түркия болбосо, энергия булактарын диверсификациялоо өтө кыйын болот”, “Түтүк жаткыруу, газ тармагын кеңейтүү жана түтүк Түркиянын түштүк жээгине жетип барышы үчүн 4 миллиард доллар керек болот. Бул болсо, инвесторлордон, курулуш компанияларынан жана эки мамлекеттен олуттуу максатта иш жүргүзүүнү талап кылат. Мен эң кеминде “бул максат жеке менчик сектордо бар” деп айтышым мүмкүн. Себеби, жеке менчик сектор тарабынан алда качан эле бардык чаралар көрүп коюлган. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убакыт маселеси гана калды”. “Геосаясий себептерден улам, Израиль газынынын чоӊ бөлүгү Түркия аркылуу чет өлкөгө чыгышы өтө маанилүү”, – деди Израилдин башкы консулу.

Акыркы кабарларга ылайык, Түркия-Израил ортосундагы мамилелерде жылуулук күзөтүлүүдө. 2010-жылы жүз берген Мави Мармара окуясынан кийин Түркия-Израиль ортосундагы мамилелер курчугандыгы айтылат. Бирок саясий эксперттердин айтымында, кескиндик сөздө гана болуп, иш жүзүндө болсо алакалар мурункудай эле, ал тургай мурункудан да жакшыраак уланып келет.

Африкага сапырынын алдында аэропортто маалымат жыйынын уюштурган Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркия менен Израиль ортосундагы алакаларды жакшыртуу үчүн кадамдар ташталгандыгын билдирди.

“Оӊ жакка өзгөрүүлөр туурасында бир пикирге келдик. Биздин талабыбыз кечирим суроо болчу, ал нерсе ишке ашты. Компенсация талап кылдык, ал да болду. Үчүнчү талап, Газадан блокаданы алып таштоо болчу. Учурда Газада электр энергия жана суу проблемасы бар. Бул жаатта сунуштарды киргиздик. Өзгөрүштөр оӊ жагына болуп жаткандай. Дагы башка бир маселе, мектеп жана ооруканаларды курууга уруксат беришсе… Мындан тышкары, азык-түлүк жана дары-дармектер Түркия аркылуу келсе кабыл алабыз деп жатышат”, –  деди Түркия президенти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here