Кыргызстанга расмий сапар менен келген Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушуу учурунда, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын аягында боло турган президенттик шайлоодо европалык өнөктөштөрдүн жардамынан үмүттөнүп жаткандыгын билдирди.
Атамбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун ачык-айкын жана таза өтүшүндө жардам бергени үчүн Европа Союзуна ыраазылык билдирди.
Өз кезегинде Ле Руа “Европа Союзу Кыргызстанда демократияны бекемдөө жолундагы аракеттерин уланта тургандыгын” айткан. Ал Европа Союзу Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтып өттү.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуудан кийин болуп өткөн брифингде Ален Ле Руа Европа союзу Кыргызстанда лаборатория ачуу маселесин көрүп чыгып жатканын, Европа Союзу 2020-жылга чейин Кыргызстанга 200 миллион евро ажыратышын билдирди.
“2020-жылга чейин бардык каражат бөлүп берилет”, – деди Ле Руа.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, эки жыл мурда көп жылдык программа түзүлүп, Европа Союзу бул программанын алкагында мыйзам үстөмдүгүн колдоп-кубаттоо, билим берүү тармагында реформа өткөрүү жана алыскы айыл жергесине жардам берүү үчүн 186 миллион евро бере турган болгон.
“Мындан тышкары, Европа Союзу шайлоо системасын колдоп-кубаттоо үчүн дагы 13 миллион евро бөлүп берет”, – деди Абдылдаев.
Министрдин айтымында, бул каражат президенттик шайлоону өткөрүүгө жумшалат.
Туркистон:
Шайлоо маселесинде тышкы же ички күчтөрдөн жардам суроо жана шайлоону ошол күчтөрдөн алынган каражаттар менен өткөрүү чоӊ ката. Шайлоо түпкүлүгүндө улуттун кирешеси болгон өкмөттүн каражаты менен өтүшү керек. Себеби, бул элдик шайлоо болгондуктан, ал башка күчтөрдүн каражаты менен өтүшүнүн өзү бул шайлоо акыйкатсыз болоруна ишара кылат. Ар кандай шайлоого демөөрчүлүк кылып жаткан күч шайлоодо эл тарабынан жеке адамдарга берилип жаткан бийликке көз артат. Алар өз кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн басым өткөрүшөт. Антпесе, бул жумшалган каражаттардан бул демөөрчүлөргө пайда жок. Алар “шайлоодогу демократиялык көрүнүштөрдүн өзү биз үчүн пайда” деп айтышы анык. Бирок, ошондо да алар куру демократиялык жараяндын өзүнө чектелип калышпайт.
Шайлоо демөөрчүлөрү, мисалы Европа Союзу, Кыргызстандагы шайлоолордон эки пайданы көздөйт. Биринчиси, кыргыз элитасын мүмкүн болушунча Батыш дүйнө карашы тарапка тартып, аларды бийликке алып келүү, же учурдагы өкмөткө өз таасирин өткөрүү ишин күчөтүү. Экинчиси болсо, шайлоо исламдашып кетишинин алдын алуу. Себеби, шайлоонун исламдашып барышында элдин жана саясатчылардын басымдуу бөлүгү Ислам жана мусулмандар тарабында болот. Себеби, бүт дүйнөдө о.э. Кыргызстанда да Батыш идеологиясы Ислам идеологиясынан жеӊилди. Алардын материалдык жана аскерий басым өткөрүүдөн башка чарасы жок. Бул жараян исламий өкүмдөргө алып барбаса да, коомдун сезиле турган даражада исламдашып кетишине себеп болот. Бул болсо, үстүбүздөгү колонизатор мамлекеттердин таасирин алсыратып жиберет.