Зекет

353
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Зекет

Зекет -الزكاة – лугатта өсүү, мындан да көбөйүү деген манинини түшүндүрөт. Зекет -الزكاة- деп аталышынын себеби, ал зекет берүүчүнүн малы бул дүйнөдө өзүнөн кийин дагы да көбөйүшүнө себеп болуп, акыретте ага сооп бар болгондуктан “өсүү” т.а.  -الزكاة- “зекет” деп аталат. Ошондуктан, аны берүүдөн качса, малына зыян жетет жана өзү да күнөөкөр болот.  Аллах Таала айтат:

Аллах Таоло айтади:

وَمَا أَنفَقْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَهُوَ يُخْلِفُهُ

Кайсы бир нерсени инфак-эхсан (кайыр-садака) кылсаңар, анда, (Алла) анын ордун толтурат”.         [34:39]

وَمَا تُنفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَلِأَنفُسِكُمْ وَمَا تُنفِقُونَ إِلاَ ابْتِغَاءَ وَجْهِ اللَّهِ وَمَا تُنفِقُوا مِنْ خَيْرٍ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لاَ تُظْلَمُونَ

Кандай жакшылык (нерсе) инфак-эхсан кылсаңар, анда өзүңөр үчүн. Алланын жүзүн каалап жакшылык инфак-эхсан кылгыла. Кылган ар бир жакшылыгыңар силерге зулум кылынбаган абалында өзүңөргө толук-түгөл кайтарылат”. [2:272]

Зекет берүүчүнү берген зекети аруулап-тазалайт, Аллах Таала айтат:

خُذْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِمْ بِهَا

(Эй Мухаммад), сен алардын малдарынын бир бөлүгүн өздөрүн аруулап-тазалай турган садага катары алгын”.  [9:103]

Зекет малы байтулмалга коюла турган малдар түрүнө кирет. Ал башка түрдөгү малдардан жыйылышы, алына турган өлчөмү жана сарпталышы жагынан айырмаланат. Ал жалаң гана мусулмандардын малдарынан алынат. Башкалардыкынан жыйылбайт. Ал жалпы салык эмес, белгилүү бир ибадат болуп, исламдын бир рүкүн-түркүгү эсептелет. Ал мал  болушу менен бирге, аны өтөө намаз, орозо, ажы сыяктуу рухий кыйматты да вужудка келтирет. Аны өтөө мусулмандын мойнундагы парзы айн. Ал үммөттөн жыйыла турган башка малдар сыяктуу мамлекеттин муктаждыктары, жамааттын пайдасына карап жыйылбайт. Мужтаждык болушу же болбошуна карабастан байтулмалга берилиши шарт. Мусулмандын малына зекет важып болгондо, андан сакыт болбойт. Карыздары жана муктаждыктарынан тышкаркы малы нисабына жеткен мусулманга зекет важып. Ал мусулмандардан башкага важып болбойт. Жаш балага да, жиндиге да парз. Термизий Абдулла ибн Амрдан риваят кылышынча, Пайгамбар :

«أَلَا مَنْ وَلِيَ يَتِيمًا لَهُ مَالٌ، فَلْيَتَّجِرْ فِيهِ، وَلَا يَتْرُكْهُ حَتَّى تَأْكُلَهُ الصَّدَقَةُ»

«Сак болгула, кимде-ким малы бар жетимге васий болсо, малын айлантып турсун. Аны зекет жеп жиберишине коюп бербесин», – деген. Т.а. зекетке төлөнө берип, малы жок болуп кетпесин дегени. Анткени, зекет малдын үстүнө важып. Ал жасадий эмес, малиявий ибадат.

Алына турган зекеттин өлчөмү анык болуп, кемибейт да, көбөйбөйт. Алтын, күмүш, соода малдарындагы өлчөмү – кырктан бири. Зекет нисабы жеткен малдан алынат. Нисаб эки жүз дирхам күмүш же жыйырма мискал алтын менен белгиленет. Алтындын мискалы – шаръий динарга тең. Анын салмагы жыйырма кийрот (карат) т.а. 4,25 грамм. Ушуга караганда, нисаб алтын менен өлчөнгөндө 85 грамм алтынга туура келет. Күмүш дирхам болсо 2,975 грамм. Демек, нисаб күмүш менен өлчөнгөндө 595 грамм күмүшкө туура келет. Мал нисапка жетпесе, андан эч нерсе алынбайт. Буудай сыяктуу дандар, төө, уй, кой сыяктуу чарбалардын нисабын, өлчөмүн жана алардан канча алынышы керектигин факихтер толугу менен баян кылышкан.

Зекет сарптала турган жайлар да анык белгиленген. Ал Алла Куранда зикир кылган сегиз бөлүктөн башкасына сарпталбайт. Алла Таала айтат:

إِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَاءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِي سَبِيلِ اللَّهِ وَاِبْنِ السَّبِيلِ

– «Албетте, садагалар (т.а. зекеттер) жалаң жакыр-кембагалдарга, мискин-бечараларга, садага жыюучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге жана моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (т.а. жихадга) о.э. жолоочу-мусапырларга берилет».   [9:60]

Акчасы бар болгон, бирок сарп каражаты көп кишилер жакырлар (факир) эсептелет. Таптакыр акчасы жок, кирими да жоктор болсо мискиндер  эсептелет. Алла Таала айтат:

أَوْ مِسْكِينًا ذَا مَتْرَبَةٍ

– «Же муктаж мискин-бечарага». [90:16]

Зекет жыюучулар – аны жыюу жана таркатуу менен алектене турган кишилер. Дилдери динге дос кылынуучу кишилер – мамлекет «зекет берилсе, мусулмандыгы дагы да бекемделет» деп ойлогон кимселер. Кулдарды азат кылуу үчүн да зекет берилет. Зекет алуучулардын бул бөлүгү азыркы учурда жок. Карыздарлар – карызын үзө албай жаткан карыздарлар. Алланын жолунда дегени – жихад үчүн дегени. Куранда : {فِي سَبِيلِ اللَّهِ} деген сөз сарптоого алакадар болсо, жихад маанисин билдирет. Мусапыр – үзүлгөн (т.а. мал-мүлкү, өлкөсүнөн ыраактагы) жолоочу. Ушул сегиз сыныптан башкасына зекет акчасынан берилбейт. Ал мамлекеттин экономикалык иштерине сарпталбайт. Ушул сегиз сыныптан бирертеси табылбай калса, зекет сарпталбастан байтулмалда сакталып тура берет. Кажет түшкөндө т.а. сегиз сыныптан бири табылганда берилет. Зекет халифа же анын өкүлүнө тапшырылат. Себеби, Алла Таала:

خُذْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِمْ بِهَا

– «(Эй Мухаммад), сен алардын малдарынын бир бөлүгүн өздөрүн аруулап-тазалай турган садага катары алгын»,  [9:103]

– деди. Абу Бакр да адамдардан кембагалдарга бересиңерби деп отурбастан, зекет берүүлөрүн талап кылган. Сахабалар ага каршылык билдирбеген. Зекет берүүдөн баш тартышкандан кийин, аларга каршы согушкан. Зекетти акылууларга имам гана берет. Ал тургай, валийлер залим болсо да аларга тапшырылат. Сухайл ибн Абу Солих риваят кылат: «Саъд ибн Абу Ваккастын алдына келип: «менин малым бар, зекетти чыгармакчымын, тигилерди өзүң көрүп турасың, мага эмне кеңеш бересиң», – дедим. Ал «ошолорго бере бер» деди. Ибн Умардын алдына барган элем, ал да ушул сөздү айтты. Абу Хурайранын алдына барган элем, ал да ушул сөздү айтты. Абу Саиддин алдына барган элем, ал да ушул сөздү айтты». Бул риваятты «Мугний»дин муаллифи айткан. Зекет зиммий болуш-болбошуна карабастан, капырга эч качан берилбейт. Себеби, Пайгамбар  Муаз ибн Жабалды Яманга жиберип жатканда:

«فَأَعْلِمْهُمْ أَنَّ اللهَ اِفْتَرَضَ عَلَيْهِمْ صَدَقَةً فِى أَمْوَالِهِمْ، تَؤْخُذُ مِنْ أَغْنِيَائِهِمْ، وَتَرُدُّ عَلَى فُقَرَائِهِمْ»

«Алардын малдарына байларынан алынып жакырларга бериле турган садаганы (зекетти) Алла парз кылганын аларга бидирип кой», – деди. Бул хадисти Бухарий ибн Аббастан риваят кылган. Анда Пайгамбар  зекеттин важыптыгын мусулмандардын байларына хас кылгандай, сарпталышын мусулмандардын жакырларына хастап жатат. Бирок, көңүлдөн чыгарып бериле турган садаганы капырга берүү да жайыз. Алла Таала айтат:

وَيُطْعِمُونَ الطَّعَامَ عَلَى حُبِّهِ مِسْكِينًا وَيَتِيمًا وَأَسِيرًا

– «Жана тамакты каалап турушса да, (өздөрү жебестен) бечара, жетим жана туткундарды даамдандырышат»,   [76:8]

Ал учурда капырдан башка туткун болбогон. (“Исламдагы экономикалык түзүм” китебинен алынды).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here