САКАФАТТЫН ТААСИРИ

283
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

 САКАФАТТЫН ТААСИРИ

Халифалык мамлекети жок болуп, эл аралык саясаттан четте калышына; 50дөн ашуун майда мамлекетчелерге бөлүнүп, ортолорунда жасалма чегаралар тартылышына; бири-бири менен душмандардай мамиледе боло турган абалга келип калышына – мына ушулардын бардыгына куфр сакафаты себепкер. Бул сакафат көптөгөн жылдар Ислам дүйнөсүнө кирип келе албаган. Ал тургай мусулмандардагы күч-кубаттын негизи Исламий сакафат экенин билишкен соӊ, аны жок кылып, ордуна өз сакафатын киргизүү максатындагы аракеттери да жокко чыккан:

1842-жылы Америка өкүлчүлүгүнүн башчылыгында анын программасы негизинде илимий коом түзүү үчүн бир комитет түзүлдү. Бул комитет беш жыл иш алып барды жана 1847-жылга келип «Билим жана илимдер коому» аттуу коом түзүүгө жетишти. …

Бул коомдун максаты башында анык эмес эле. Бирок, чоңдор жана жаштар ортосунда илим таратуу көрүнүшүндө иш алып бары­шат эле. Чоңдорго да, жаштарга да миссионердик пландарга ылайык көрсөтмөлөрдүн негизинде Батыш сакафаты менен сакафат берилет эле. …

Бул коомду кеӊейтүү жана ишмердүүлүгүн күчөтүү үчүн катуу мээнет кылынды, бирок бул мээнеттер натыйжа бербеди. …

1850-жылы «Чыгыш коому» аттуу башка коом түзүлдүБирок, көпкө жашабады жана биринчи коомдун артынан ал да жа­былды. Кийин бир нече коомдор түзүлдү, бирок, алардын баары то­лук ийгиликсиздикке учурады. Акыры 1857-жылы жаңыча ыкмада бир коом түзүлдү

Кийин 1875-жылы Бейрутта жашы­руун бир коом түзүлдү. Ал өз иш-аракетин саясий идеология неги­зине курду. Ошондуктан, араб улутчулдугу идеологиясын жая баш­тады. Аны түзгөндөр Бейруттагы протестант университетинде таалим алган жаштардан бешөө эле. Алар миссионердик уюмдарды таасир кыла алган насронийлерден эле. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, алар өз коомуна бир нече адамды гана кошо алышты. Бул коом­дун араб улутчулдугуна, арабдардын – айрыкча Сирия жана Ли­ванда – саясий эгемендүүлүгүнө чакырып жатышса да, бирок, кылып жаткан иштеринде, программаларында жана ал жөнүндөгү кабар­ларда дилдерге анык эмес умтулуулар жана дайынсыз арзуу-үмүттөрдү салууну максат кылып жатканы белгилүү болду. Бул коом арабдаштырууга жана улутчулдукка чакырар эле, Усманий мамле­кетке каршы душмандыкты козгойт эле жана аны «Түркия» деп атап, динди мамлекеттен ажыратуу жана араб улутчулдугун негиз кылуу үчүн иш алып барат эле. Бул коом араб улутчулдугун жамынып алган болсо да, анын жетекчилери чыгарып жаткан баракчаларында көбүнчө «Түркия»га дооматтарды т.а. алардын айтышынча «Түркия» арабдардан Халифалыкты зордук менен тартып алган, Исламдын таза шариятына кол салган жана динде кайдыгерлик кылган», – деген доо­маттарды кошуп жиберишет эле. Бул нерселер анын түзүлүшүнөн көздөлгөн максаты – Исламий мамлекетке каршы козголоң козгоо, Ислам динине карата мусулмандарда шек-күмөндөрдү ойготуу жана кайрыисламий негизде саясий кыймылдарды түзүү экендигин көрсөтүп берди. Муну ушул кыймылдарды батыштыктардын түзгөнү, аларды күзөтүп жана башкарып турушканы, аларга олуттуу маани беришкени, алар жөнүндө өз тыянактарын жазып турушканы да тас­тыктайт. Мисалы, Британиянын Бейруттагы консулу өз өкмөтүнө 1880-жылы 28-июлда жөнөткөн телеграммасында мына буларды жаз­ган: «Козголоңго чакырган баракчалар пайда болуп калды. Аларды Мидхат чыгарган окшойт. Азырынча абал тынч. Деталдар почта ар­кылуу жиберилет»…

“Ошол себептен улам, миссионердик аракеттер өз катарына мусулмандардын интеллигенциясын кошуп алып, аларды Исламга жана исламий сакафатка каршы кылып койгон кезде болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти”. (“Ислам мамлекети” китебинен алынды).

Куфр дүйнөсү катуу аракет кылып, малайларын ишке салуунун натыйжасында бүгүнкү күнгө келип 50дөн ашуун мамлекетчелердин ар биринде куфр сакафатын сиӊире турган миңдеген окуу жайлар тынымсыз иштеп жатат. Өкмөттөр да билим берүү программасын ошол негизде түзүп, мыйзамдаштырышкан, ал тургай “диний мекеме” деп мамлекеттен ажыратып койгон жерлерде да ушул программалар негизинде “тартиптештирүүгө” (т.а. Исламды бузууга) аракет кылып жатышат. Алар Исламдын душманы болгон калктар негиздеген БУУ аркылуу жийиркеничтүү программаларды мажбурлашат, Ислам сакафатына кайтпашыбызды катуу көзөмөл кылышат. Себеби, Ислам идеологиясы бүткүл араб элин бөлүнүүчүлүк жана наадандык (жахилият) караңгылыгында тентиреп жүргөн пикирий төмөндүктөн Ислам менен нурданган пикирий ойгонуу дооруна алып чыкты жана бул нур арабдарды эле эмес, бүткүл дүйнөнү камтып алды. Мусулмандар Исламды бүткүл дүйнөгө жаюу үчүн аалам бойлоп аттанышты. Натыйжада, Фарс (Персия), Ирак, Шам (Си­рия, Ли­ван, Иордания, Палестина), Мисир (Египет) жана Түндүк Афри­каны ээлешти. Бул элдердин улуттары да, тилдери да ар башка эле. Фарс мамлекетиндеги фарс улуту Шамдагы румдуктардан, Мисирдеги кыбтый­лардан жана түндүк Африкадагы барбарлардан бүтүндөй айырмаланып турчу. Алардын адаттары, салттары, диндери ар түрдүү эле. Булар Ис­лам башкаруусу астында жашап, Исламды түшүнгөндөн кийин, бардыгы Исламга кирип келди жана бардыгы бир үммөт – Ислам Үммөтүнө ай­ланды. Мына ошондуктан, элдерди, улуттарды бириктирүүдө Ислам идеологиясынын ийгилиги теңдешсиз болду. Ислам Үммөтү он эки кылым бою, миладий VI-кылымынан XVIII-кылым­дын жарымына чейин бүткүл дүйнөдө дүйнө караш (хазорат), маданият, сакофат жана илим тармактарында эң жогорку Үммөт болуп келген болсо, Ислам мамлекети дүйнөдөгү эң улуу мамлекет болгон. Ислам Үммөтү ушул мөөнөт ичинде бүткүл дүйнө боюнча кулпурган гүл болду жана бардык элдер ичинде жаркырап турган күн болду. Колонизатордун мусибаттары, анын акыйдаларды булгап, пикирлерди ууландыруу жаатындагы бузуктугу жана айлакердигине карабастан, бул элдер бүгүнкү күнгө чейин мусулман болуп келе жатышат жана кыяматка чейин бир бүтүн Үммөт болуп калат.

Бирок, кафирлер Ислам сакафатын алышыбыздан эч бир ыраазы болушпайт. Муну билгенибизден кийин сак болушубуз керек. Алардын каалоосуна т.а. куфр сакафаты жаштарыбызды ууландырып жатканына унчукпай тура берсек, зордукчулдар өз ара талаша турган, жардамчысы жок таштанды нерседей болуп калышыбызды Аллах Таала ант ичүү менен айткан:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى

 وَلَئِنْ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنْ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنْ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Яхудий жана насронийлер алардын динине кирмейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: «Аллахтын жолу гана чыныгы жол». Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден кийин да алардын көнүлү каалаган нерсеге ээрчип кетсең, Аллах тарабынан сага дос да жардамчы да болбойт. [2:120]

Бүгүнкү күндөгү “шийъа-сунний, араб-түрк, өзбек-тажик, кыргыз-казак, түндүк-түштүк сыяктуу Ислам арам кылган бөлүнүүлөрдү жок кыла турган, Ислам өлкөлөрүн кайрадан бириктире турган о.э. эл аралык саясаттагы позициясын жетекчи мамлекет деңгээлине көтөрө турган нерсе –  бул исламий сакафат.

Исламий сакафат билим болуп эсептелет, аны үйрөнүүгө исламий акыйда себеп болгон. Бул билим исламий акыйданы өз ичине ала турган жана аны үйрөнө турган, мисалы, тавхид илими сыяктуу, же исламий акыйданын үстүнө курулган фикх, тафсир жана хадис сыяктуу, же исла­мий акыйдадан келип чыккан өкүмдөрдү түшүнүү талап кылган, мисалы, араб тили, хадис термини жана усул илими сыяктуу исламдагы ижтихад талап кылган билим болобу, айырмасыз. Булардын баары исламий са­кафат болуп эсептелет, себеби аны үйрөнүүгө исламий акыйда себеп болгон.

Исламий сакафат Куран жана Сүннөткө байланыштуу. Куран жана сүннөттөн, алардын талабынан исламий сакафаттын бардык бөлүмдөрү келип чыгат. Өз кезегинде Куран жана Сүннөт да исламий сакафат бо­луп эсептелет. Себеби, исламий акыйда Куран жана сүннөттү билүүгө жана алардагы өкүмдөрдүн негизинде жашоого буюрат. Куран Расу­лулла га аны адамдарга баян кылып берүүсү үчүн түшүрүлдү. Алла Таала мындай деди:

– «Сага болсо адамдарга түшүрүлгөн нерселерди баян кылып беришиң үчүн бул зикирди түшүрдүк». [16:44]

жана мусулмандарды Расулулла алып келген нерселерди кабыл алууга буюрду:

  • – «Пайгамбар өзү силерге тартуу эткен нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла». [59:7]

Расулулла алып келген нерсени түшүнгөндөн жана үйрөнгөндөн кийин гана колдонуу мүмкүн болот. Ушул себептен, Куран жана Сүннөт талап кылган маърифат жүзөгө келип, ар түрдүү исламий билимдер пайда болду. Натыйжада исламий сакафат үчүн белгилүү бир мазмун жүзөгө келди, булар: Куран, Сүннөт, лугат, сарф, нахв, нутк, тафсир, хадис, хадис истилахы, усул, тавхид жана ушул сыяктуу исламий билимдер. (“Исламий шахсия 1” китебинен алынды.)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here