Сингапур Кыргызстан экономикасына инвестиция жаткырууга кызыкдар

265
0

 Сингапур Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеӊейтүүгө о.э. Сингапур инвестициялары Кыргызстан экономикасына келишине жардам берүүчү мамлекеттер аралык келишимге кол коюуга кызыкдар.Бул тууралуу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сингапурдун соода жана өнөржай министри Ко По Кун Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ко По Кундун айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы эки жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Панкратов Кыргызстан да Сингапур республикасы менен соода-экономикалык алаканы күчөтүүгө кызыкдар экендигин айтты.

 “Сингапур экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү жаатындагы натыйжалуу реформаларды ишке ашырууда тажрыйбасы мол. Биз мамлекеттик башкаруу, логистика жана индустриалдык парктарды түзүү сыяктуу багытта тыгыз кызматташууга даярбыз. Өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөр бар жана аны эки өлкө үчүн максималдуу түрдө пайдалануу зарыл”,- деди Олег Панкратов.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here