Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Өзбекстан президенти Ислам Каримовду ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеӊешинин жыйыны жогорку даражада өткөрүлүшү менен куттуктады.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду Ташкентте өткөрүлгөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кеӊешинин саммитинен кийин жолугушуу өткөрүүгө чакырды.
“Сиз менен эӊ оболу, бүгүнкү күндүн негизги окуясы болгон ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кеңешинин жыйыны тууралуу талкуулашмакчымын. Менин оюмча, кээ бир суроолор пайда болгон жана кээ бир маселелерде пикир алмашуу зарыл”,- деди Өзбекстан президенти.
“Учурдан пайдаланып, президентиӊиз Путинге ал Москвада жылуу кабыл алгандыгы үчүн дагы бир ирет ыраазылык билдиремин”, – деп кошумчалады Ислам Каримов.
Каримовдун айтымында, “Путин менен жолугушуу маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн жараткан абалда өтө пайдалуу болгон”.
“Расмий протоколдон тышкары чын дилден маектешкенибиз ажайып болду. Ал да ошол кезде Москвага эми гана учуп келген эле, мен да Москвага барарым менен жолугушуу башталды жана мен анын мээнеткечтигин дагы бир жолу моюнга алдым. Аны менен алакалардагы бир катар маанилүү маселелерди талкуулашканыбыз үчүн ага ыраазычылык билдирем”, – деди Ислам Каримов.
Өз кезегинде, Россия тышкы иштер министри да Өзбекстан президентин ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кеңешинин Ташкенттеги жыйыны ажайып уюштурулгандыгы менен куттуктады.
Сергей Лавров: “Июнь айында Өзбекстан борборунда өтө турган саммит тарыхий саммит болот. Анда Индия жана Пакистандын ШКУдагы милдеттери жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлушу өтө маанилүү маселе”, – деди.
Туркистон:
Акыркы кездерде Россиянын Борбор Азияда дал ушул терроризмге каршы аракет жана жүрүштөрү күчөп барууда. Лавровдун Өзбекстанга келиши, мындан бир аз мурда Каримовдун Москвага сапары, Россия делегациясынын Тажикстанга келиши….
Эмне үчүн дал ушул терроризмге каршы? Россия жана Борбор Азия мамлекеттеринде экономикалык жана саясий проблемалар толуп-ташып жатат го. Мындан тышкары, Батыш системасы бул мамлекеттерде өзүнүн сакафий таасирин күчөтүп жатат. Бул болсо, Россиянын бул өлкөлөрдөгү сакафий колония таасирин чыгарып жиберет. Россия негедир Батыштын Борбор Азияда сакафий, экономикалык жана ал тургай саясий тармактардагы колония кылуу аракеттерине каршы бирер чара көрүү туурасында пикирлебей койду. Көӊүл бурган болсоңуз, анын маалымат механизми Батыштын Россияга каршы жүргүзүп жаткан маалыматтык чабуулунан коргонуу негизине курулуп калды. Россия өзүнүн колония мамлекеттерине – аларды өзүнүн таасири астында кармап калуу үчүн – бирер үмүт пайда кылышы мүмкүн болгон жаңы долборлорду сунуштай албай турган абалга түшүп калды. Ошондуктан, ал кээ бир Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу алсыз өлкөлөрдү терроризм коркунучу менен гана коркутуп келе жатат. Өзбекстанды болсо, экономикалык кызыкчылыктарды сунуштоо менен өзүнө тартууга аракет кылууда. Себеби, Каримов өзбек элин пахта монополиясынан азат кылып, жашылча-жемиш монополиясына мажбурлап тыгып жиберди. Россия базарлары болбосо Өзбекстандын жашылча-жемиштери чирип кетет.
Терроризм болсо, өзү Америка ойлоп тапкан, бирок учурда Россия көтөрүп алган бир байрак. Бул байрак астында эч кандай коркунуч жок. Муну бардык мамлекет башчылары жана саясатчылар жакшы билишет. Болгону ушул жалган чакырык жана жасалма байрак астына кирүүдөн баш тартышса, Россия же Батыш мамлекеттери ушул байрактын атынан террордук операцияларды уюштурушат. Коркунучтун түпкү негизи мына ушунда. Мына ушул ыпылас күчтөр бүт дүйнөдөгү мамлекеттерди дүйнөлүк куфр системасы менен коркууда кармап келишет.
АКШ же Батыш дүйнөсү үчүн Россия коркунуч туудурушу мүмкүн болгон олуттуу атаандаш болбой калды. Алар – кудум Афганистан иштернинде Өзбекстандан пайдаланышканы сыяктуу – Борбор Азия мамлекеттеринде Россиядан пайдаланышмакчы. Себеби, бул регион Россия жана Кытай менен алака кылууга мажбур болгон географиялык аймакта жайгашкан. Россия болсо азыркы абалында ушул мамлекеттерге инвестиция алып кире албайт. Ал буларга өз базарларын гана ачып бериши мүмкүн. Россия кеӊири базарга айланып барууда. Ал тургай Өзбекстан да ага өз товарларын экспорт кылып алуучу кеңири базар катары карап жатат.
АКШ Сирияда Россиядан аскерий баскынчы катары пайдаланып келе жаткандай эле, аны Борбор Азияда да өзүнө пайдалуу тармактарда катыштырмакчы болууда. АКШ булардын кызматташтыгына – эгерде чектен чыгып кетишпесе – олуттуу каршылык көрсөтпөйт. Бул иш да, кудум орустар Асадды коргоп берүү менен Американын кызыкчылыгына иттей кызмат кылып бергени сыяктуу. Ошондо да “ИШИМ” ызы-чуусу көтөрүлгөн эле.
Россия болсо жараяндарда катышып жаткандай болуп көрүнүүгө аракет кылууда. Түпкүлүгүндө, анын ички саясаты өтө кооптуу абалда калды. Россиянын жакынкы келечекте бутка туруп алышы кыйын. Путин Россиянын тышкы саясатында АКШны ыраазы кыла турган чегарада, же болбосо, жок эле дегенде аны ачууландырбай турган чегарада иш кылууга мажбур.