بسـم الله الرحمن الرحيم
Такыбаа адамга ким эскертүү бериши маанилүү эмес
Ар бир үммөттүн сакафаты – анын жашап турушу жана сакталып калышынын негизги шарты болуп саналат. Себеби, үммөттүн дүйнө карашы ушул таалим үстүнө курулат, анын максаттары жана турмуш таризи да ушул сакафат негизинде белгиленет. Үммөт мүчөлөрү бир «казан»да ушул сакафат менен бышып жетилет. Натыйжада, үммөт башка үммөттөрдөн айырмаланып турган үммөткө айланат. Үммөт акыйдасы, ушул акыйдадан келип чыккан өкүмдөр, чечимдер, түзүмдөр, ушул акыйда негизиндеги илим жана маърифаттар, ушул акыйдага байланыштуу окуялар – булардын бардыгы ушул үммөттүн өмүр-таржымалы жана тарыхы катары мына ушул сакафатта камтылган. Бу сакафат жоголсо, анда үммөт да жок болот, анын максаты, турмуш таризи өзгөрүп кетет, дос-душманды тааныбай калат, өздүгүн жоготуп, башка үммөттөрдүн сакафаты артынан тентиреп жүрө турган болуп калат.
Исламий сакафат – бул Исламий акыйда негизинде изилдене турган билимдер топтому. Тавхид илими сыяктуу исламий акыйдага тиешелүү билимдер да, фикх, тафсир, хадис сыяктуу исламий акыйдага негизделген билимдер да, исламий акыйдадан келип чыккан, өкүмдөрдү түшүнүп алууда керектүү болгон, мисалы, Исламдагы ижтихад талап кыла турган араб тили, хадис истилахтары, усул илими сыяктуу билимдер да Исламий сакафатка кирет. Себеби, булардын баары исламий акыйда негизинде изилденилет. Ислам үммөтүнүн тарыхы да анын сакафатынын бир бөлүгү болуп саналат. Анткени, анда үммөттүн дүйнө карашы, таанымал кишилери, жетекчилери, колбашчылары жана уламалары жөнүндө сөз жүргүзүлөт. Арабдардын Исламдан мурунку тарыхы болсо исламий сакафатка кирбейт. Бир гана Исламдан мурунку араб поэзиясын ушул сакафатка киргизүүгө болот. Себеби, бул поэзияда араб тилинин сөздөрүн, сөз тутумдарын, сүйлөм курулуштарын түшүнүүгө, арийне, ижтихад кылууга, Куранды тафсир кылууга жана хадистерди түшүнүүгө жардам берүүчү факторлор бар.
Үммөт сакафаты үммөт мүчөлөрүнөн шахсияны пайда кылат. Анткени, ал шахстын аклиясын, нерселер, сөздөр жана иштерге баа берүү таризин калыптандырат. О.э. ал анын майил-каалоолорун да калыптандырат. Демек, анын аклиятына, нафсиятына жана турмуш таризине таасир өткөрөт. Ушуга ылайык, үммөттүн сакафатын коргоо жана аны коомго кеңири жаюу мамлекеттин негизги милдеттеринен болуп саналат. Мурунку Советтер союзу өз перзенттерине коммунистик сакафатты сиңдирди. Өз дүйнө карашына капиталисттик же исламий сакафаттан бир да тамчы киргизбөөгө аракет кылды. Бүткүл Батыш болсо перзенттерин динди турмуштан ажыратуу үстүнө курулган капиталисттик дүйнө караш негизинде тарбиялап, турмуш таризин да ушул негизде калыптандырып, өз акыйдасы жана дүйнө карашына исламий дүйнө караштан бирер тамчы сызылып кирип калбашы үчүн согуштар уюштурду жана уюштурууда. Ислам мамлекети да өз перзенттерине исламий сакафатты сиңдирип, мамлекет ичинде исламий акыйдага негизделбеген пикирге даъват кылууну тыйып койду о.э. өз сакафатын даъват жана жихад аркылуу башка мамлекеттерге, үммөттөргө жайып келди жана жайып бара бермекчи.
Үммөт сакафатынын үммөт перзенттери жүрөгүнөн түнөк табышы, китептерде жазылып калышы о.э. үммөттүн өз акыйдасынан келип чыга турган өкүмдөр жана мыйзамдары негизинде иштерди башкара турган бир мамлекетке ээ болуусу – булардын баары сакафатты коргоонун эң маанилүү кепилдиктеринен болуп эсептелет.
Үммөт сакафатынын перзенттер жүрөгүнөн жана китеп барактарынан орун алышы – программа негизинде болобу же болбойбу, буга карабастан – таалим берүү менен ишке ашат.(“Халифалык мамлекетиндеги таалим берүү программасынын негиздери” китебинен).
“Сакафатты үйрөнүү таалимсиз деле болот” деп айтуу Аллах Тааланын буйругуна тескери келет. Себеби, Аллах Таала “Куран”ды араб тилинде түшүрүү менен бирге аларга Курандан таалим берүүнү жана баян кылып берүүнү Расулуллах (с.а.в)дын мойнуна жүктөдү о.э. бул милдет Расулуллах (с.а.в)дан кийин мураскорлоруна калган:
وَأَنزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ
– „ Сага болсо адамдарга түшүргөн нерселерди (шарият өкүмдөрүн) баян кылып беришиң үчүн бул эстетмени (Куранды) түшүрдүк”. [16:44]
Сакафатты үйрөнүүдөгү таалим ишине кайдыгер болуп калбастыгы үчүн сахабаларга карата Аллах Таала төмөнкү аятты түшүргөн:
– “Момундардын бардыгы (жихадга) чыгуулары шарт эмес. Акыры алардагы ар бир жамааттан бир тайпа адамдар (жихадга) чыгып, (калгандары) динди үйрөнүп, (жихадга кеткен) коомдору кайтып келгенде, өздөрү үйрөнгөн нерселерди аларга дагы үйрөтүшсө болбойбу? Ошентип Аллахтын азабынан сактанышса ажеп эмес”. [9:122]
Эй уламалар! Эй Расулуллах (с.а.в)дын мураскорлору!
Убакыт өтүп кете элегинде мойнуңардагы милдетиңерди толук аткарууга аракет кылгыла. Ката кылуудан этият болгула, кафирлердин максатына ылайык кылып Үммөттү чалгытпагыла, себеби, Аалымдын залалаты – бүт дүйнөнүн залалаты. Аллах Таала айтат:
وَلَا تَلْبِسُوا الْحَقَّ بِالْبَاطِلِ وَتَكْتُمُوا الْحَقَّ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
“Чындыкты жалганга алмаштырбагыла жана билип туруп чындыкты жашырбагыла”. [2:42]
Жүздөгөн жылдардан бери Исламды түшүнбөгөн абалда жашап келген, Исламдын колдонулушун көрбөгөн, Куран тилинен, аяттар кайсы вакиъге чечим болгондугунан кабарсыз болгон калкыбызга “өздөрү билип алышат же сураса айтамын” деген ойдо динди жеткирбей коюшуӊардын жоопкерчилиги катуу болот, себеби “акыйкатты” жашырган – малъун (наалатка калуучу). Аллах Таала айтат:
إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنزَلْنَا مِنْ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى مِنْ بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ أُوْلَئِكَ يَلْعَنُهُمْ اللَّهُ وَيَلْعَنُهُمْ اللَّاعِنُونَ
“Биз түшүргөн далилдер жана хидаяттан турган нерселерди адамдарга Китепте ачык-айкын кылып бергенибизден кийин аны жаап-жашырган кимселерди, шек-күмөнсүз, Аллах наалаттайт жана наалат кылуучу заттар да наалат кылышат”. [2:159]
Бир жаш бала чалынып жыгылганда Абу Ханифа (рахимахуллох) анын туруп алышына жардам берип: “Эй бала, жолуңда этият бол, майып болуп калышың мүмкүн”, – дегенде, ал бала: “Эй Шайх! Эй Устаз! Жолуңузда, кеп-сөзүӊүздө, чыгарган өкүмүӊүздө, амалыӊызда сиз аябай этият болушуӊуз керек. Мен чалынып кетсем өзүм гана жыгыламын, ал эми сиз чалынсаӊыз бүтүндөй Үммөт жыгылат!” – деп жооп берген. Бул эскертүүнү уккан улуу устаз Абу Ханифа (рахимахуллох) жоопкерчиликти сезгендиги себептүү, үч күнгө чейин өзүнө келе албай, түндөрдү уйкусуз өткөргөн.
Гариб.