Мыйзам долбоору: мамлекеттик террор, күч кызматкерлеринин каракчылыгы

264
0

ЖК депутаты К.Сатыбалдиев тарабынан «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталып,  2015-жылдын 14-декабрында коомдук талкууга коюлган. Негизи, бул демилге мурунтан УКМК жана ИИМ тарабынан демилгеленип келген эле. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда Кыргызстан мамлекети өзүнүн келечек муунуна карата террорчул саясат жүргүзгөн болот. А күч кызматкерлери болсо, бул мыйзам кабыл алына электе эле, аны менен коркутуу аркылуу ата-энелерден акча карактап ала баштады.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, “экстремисттик маанидеги материалдарды сактаган, таркаткан, аскердик аракеттерге катышуу үчүн Сирияга чыгып кетишкен жана бул адамдарга көмөкчү болушкан” деген шылтоолор менен 14 жаштагы мусулман жеткинчектер катаал жаза-чараларга кабылат.

Мыйзам долбооруна караганда, мындай жашы жете элек жеткинчектер үчүн “мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу”, “шарттуу бошотуу”, “кепилге өткөрүп берүү менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу”, “жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн жазанын бир кыйла жумшак түрүнө алмаштыруу” сыяктуу мүмкүнчүлүктөр жокко чыгарылат. Терроризм менен айыпталган 18 жашка толо элек адамдарды өмүр бою эркиндигинен ажыратканга чейин мүмкүндүк жаралат.

Мындан сырткары, бул долбоор диний экстремизм жана терроризм менен айыпталган жаш балалуу жана кош бойлуу аялдардын жаза мөөнөтүн өтөөнү кийинкиге жылдырууну алып салат.

Бул мыйзам долбоору коомчулукка эки жүздүүлүк менен тааныштырылууда. Эл көзүнө ал жалаң гана Сирияга кеткендерге каратылгандай кылып көрсөтүлүүдө. Бирок негизи, ал чет элдик согуштарга жана “терроризмге” эч кандай тиешеси жок, бирок, “экстремизм” шылтоосу менен жалаа жабуу мүмкүн болгон ар бир мусулманга каршы каратылган.

Жогорудан белгилүү болгондой, бул мыйзам – аялуу катмар болгон аялзатын жана жаш балдарды да аябаган залим мыйзам. Бирок ушуга карабастан, бул мыйзам долбоорун:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

ЖК Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети колдоду;

ЖК Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети төмөнкүдөй корутунду чыгарып берди:

ЖК депутаты К. Сатыбалдиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсин жана биринчи окууда аны кабыл алуу сунушталсын.

Балдар абактарынын абалы

Учурдагы мыйзам боюнча, Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартуу 14 жаштан башталат. Оболу, бала жаңылыштык менен алгачкы кылмышын кылса, анда жазасын штраф менен, же үй камагы менен өтөй алат. Эгер бир эле кылмышты кайра-кайра кыла берсе, же мыкаачылык менен оор кылмыш жасаса, абакка жиберилет. Мисалы, киши өлтүрүү, зордуктоо, уурулук, каракчылык ж.б.у.с. Эми болсо, алардын катарын ыйманга чакырган, жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарган, медреседе билим алган, беш убак мечитке каттаган, таквадар перзенттерибиз толуктап калганы турат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча бир гана өспүрүмдөр колониясы бар. Андагы акыбал өтө оор. Абак эл аралык стандарттарга эч бир дал келбейт жана билим берүү процесси жүргүзүлбөйт. Булар көбүнчө ата-энеси жок жетим балдар. Ал жерде бий жана байлардын балдарынан эч ким жок. Чиновниктердин балдары эмне гана кылмыштарды кылбай жатышат, бирок, алардын эч бирин ал жерден таппайсың. Мурун бул абакта 200 бала кармалып келсе, азыр 50 чакты эле кармалат. Мамлекет камсыздай албаганы себептүү, мындан ашыгын бошотууга мажбур.
Бирок, мындай көйгөйлөр биякта калып эле, депутат Кыянбек Сатыбалдиевдин:
“Азыр 50 млн. сом өкмөттөн каралып жатат. Атайын экстремизм, терроризмге байланышкан балдар үчүн 4 колония курганга, өзүнчө жер реконструкцияланып жатат. Булар башка жаза өтөөчүлөр менен бир абакта болушпайт. Анткени түрмөдө жатып алып да, башкаларды үгүттөшү мүмкүн” – деп, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюла электе эле өрөпкүгөн жайы бар.

Көкүрөк өйүгөн көйгөйлөр

Учурда 16 жашка чейинки  8000ден ашык балдар социалдык мекемелерде, оор шарттарда баш калкалап келет.

Кыргызстанда интернаттарда 20 миңден ашуун бала бар, анын 88%ы “тирүүлөй жетимдер” б.а. алардын ата-энелери ар кандай кыйын шарттар себептүү балдарын таштап кетишкен.

Азыр Кыргызстанда 40 бала дайынсыз жоголуп, табыла элек.

Орто эсеп менен бир жылда 150дөй бала өз жанын өзү кыят.

5 жылдан бери Кыргызстанда педофилия көрсөткүчү 37%га көтөрүлдү

2010-жылы Кыргызстанда кылмы-жаза кодексинин 132-статьясында каралган (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) 10 кылмыш катталган. 2011-жылы – 15, 2012-жылы – 26, 2013-жылы – 26, 2014-жылы – 33, 2015-жылы – 36. Бул сыяктуу жаш балдарга карата кылынган, мындан башка статьяларда каралган кылмыштар да улам өсүүдө. Мисалы, 2015-жылы катталганы:

КР Кылмыш-жаза кодекси 129-ст. (зордуктоо) – 74

130-ст. ( Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер – 27

131-ст. ( Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) – 8

132-ст. (Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) – 36

133-ст. УК ( Ыплас аракеттер) – 37

Кыргызстанда бойдон алдырган ар бир 13 аялдын бири жашы жете элек кыздар болуп саналат.

Өткөн жылы 1000ден ашык секелек кыздар төрөп коюшкан

Соңку 10 жыл аралыгында Кыргызстанда наркомания менен токсикомания 4 эсеге өскөн. Баңгилердин бейрасмий саны 45 миңге жетти. Каттоого алынбагандардын көбүн өспүрүмдөр түзөт.

Өлкө боюнча ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 6285ке жеткен. Жалпы катталгандардын 545и балдар. Илдеттен каза тапкандардын 60ын наристелер түзөт.

Бул жана мындан башка да көкөй кести көйгөйлөр толтура.

Чечим кандай

Бул проблемаларды чечүү мамлекеттин колунан келбей жатат. Анткени, ал көйгөйлөр демократия идеологиясын жамынган капиталисттик система колдонулуп жаткандыгы себептүү келип чыккан. Ал эми мамлекеттин аларды түбүнөн эмес, үстүртөн чечүүгө аракет кылуусу кайра улам жаңы проблемаларды келтирип чыгарууда. Бул проблемалар каршысында, алардын түпкү чечими катары калыс мусулмандар Ислам шариятын сунушташууда. Бул сунуш демократиялык куфр системасы өкүлдөрүн кыжырдантып, алар калыс мусулмандарды “экстремистке” чыгарууда жана камактарга алууда. Эми кезек, мусулмандар перзенттерине жетип келген көрүнөт.

Кыянат

Бүгүнкү күнгө чейин, бул долбоор коомдук талкууга коюлду делгени менен, элдин этибарынан алыс бекитилип келди. Мисалы, ал “нике мыйзам долбоорундай” коомдук талкууга алынган жок. Эми болсо УКМК жана ИИМ өкүлдөрү мындай залим жаза-чараларды катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун тездетип кабыл алууну Жогорку Кеңешке буйрууда.

Эй мусулмандар, бул мыйзам долбоорун Исламга жана ар бир мусулманга каршы багытталган курал деп билгиле. Ал силердин перзенттериңердин жаштыгына, жубайларыңардын аялуулугуна карабай, катаал чаралар менен жазаламакчы болуп жатат.

Бул долбоорду кубаттаган ар бир бийлик адамы өз калкына, өз жарандарына кыянат кылган болуп саналат. Бул система малайлары баңгилик, педофилия, сойкулук, жакырчылык, адам уурулук, өзүн-өзү өлтүрүү, кулчулук ж.б.у.с. көйгөйлөрдү чечпей, балдарыбыздын келечегине балта чаап келсе, эми сергек жашоо образын калыптандырып жаткан перзенттерибизди түрмөлөргө тыгып, алардын гүлгүн өмүрүн күлгө айландырганы жатышат.

Эмне талап кылынат

Урматтуу мусулман бир туугандар, бул долбоордун кайрадан коомдук талкууга коюлушун талап кылгыла да, аны жокко чыгаргыла. Антпесеңер, анын зыяны көп күттүрбөй, ар бириңердин үйүңөргө кирип келет.

“Нике жашы 18 жаш” болушуна ыраазы болгон бир туугандар, 14 жаштан жаза киргизилишине каршы чыгып, мурунку кетирген кемчилигиңерди жууп калууга аракеттенгиле.

Эй мусулмандар, мамлекеттен жогорудагы көйгөйлөрдүн баарын Ислам менен чечип беришин биз менен биргеликте талап кылгыла.

Аллах Таала айтат:

يا أَيُّهَا ٱلَّذِينَ آمَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَكُونُواْ مَعَ ٱلصَّٰادِقِينَ

«Эй момундар, Аллахтан таква кылгыла жана садык заттар менен бирге болгула»  [9:119]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here