АКШ орустарга каршы Кыргызстанды колдоп-кубаттайт  

278
0

Америка Кошмо Штаттары тарабынан кыргыз саясатчылары жана маалымат каражаттары үчүн грант бөлүндү. Бул грант саясатчылар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү орустарга каршы үгүт иштерин жүргүзүшү үчүн жумшалат. Бул тууралуу “for.kg” сайты кабарлады. АКШ өкмөтү жана Сорос фонду тарабынан бөлүнгөн каражат Россия саясатына жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушуна каршы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жумшалат.

Сайтта таркатылган кабарга таянсак, Кыргызстандагы оппозициячыл саясатчылар менен журналисттер жогорудагы маселени Америка тышкы иштер министрлигинин расмийлери менен талкуулашуу үчүн АКШга барат. АКШга барган делегация “Уулуттук Демократия фонду”, “Эл аралык алакалар Улуттук демократиялык институту”, “Сорос фонду” жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен бир жолугушат.

Кыргыз саясатчыларынан Равшан Жээнбеков, Марат Баязов жана Аманулло Иминов, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн болсо “Республика гезитинин” башкы редактору Замира Сыдыкова, “Zanoza.kg” сайтынын негиздөөчүсү Нарын Идинов, “Kyrgyztoday.kg” сайтынын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев, “Искра плюс” гезитинин редактору Адилет Айтикеевдер барышат.

АКШ Россияны Борбор Азиядагы негизги атаандаш деп билет. АКШ 2017-жылы Россияга каршы Европадагы союздаштарын колдоп-кубаттоо үчүн 4,3 миллиард доллар бөлдү. Бул каражаттын 953 миллион доллары түрдүү иш-аракеттерди колдоп-кубаттоо үчүн мурдагы советтик республикаларга берилет.

   Туркистон:  АКШнын бул кайрымдуулугунун артында эмнелер жашырынган?          

Борбор Азия региону АКШ жана Россиянын кызыкчылыктары кагышып жаткан кезектеги аймак болуп калды. Кыргызстан бул кагышуунун стратегиялык борбору болуп барууда. Себеби, Кыргызстандагы саясий чөйрө тандаган демократиялык багыт жана ушул жолдо кол коюлган бардык документтер алардын кол-буттарын кишендеп койду.

Эркиндиктерди коргоо негизиндеги демократия принциптери Кыргызстан мамлекетин тунгуюкка кептеп койду. Эл аралык саясат тарабынан кыргыз калкы, бүтүндөй бир мамлекет катары өтө кордолуп турган бир учурда, кыргыз мамлекети адам эркиндиктеринин коргоочусу катары көрүндү. Мамлекет башчылары – бузук негизге курулган дүйнөлүк саясат жана мыйзамдар себепкер болгон – жарандардын жакырчылык деңгээли үчүн, өздөрүн же бири-бирин айыптай башташты. Ал тургай, бири-бирин мамлекеттен кууп жиберүү менен да абал өзгөрбөдү.

Жогорудагы абалга көӊүл буралы. Кыргызстандын дээрлик бардык экономикалык мамилелери Россия менен алака кылуу негизине курулуп калган. АКШ биздин экономикалык абалыбызды оӊдоп бере албайт. Ал бийликтин бүгүнкү күндөгү орустар менен келише албай турган абалынан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга аракет кылып жатат.

Россия болсо Атамбаевди алмаштыруу үчүн Кыргызстандагы жетекчи элитага каршы маалыматтык чабуул баштап жиберди. Кыргызстандагы жетекчи топ бул маалыматтык чабуулдан аман калуу максатында Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана саясатчыларга АКШ тарапка бурулууга шарт түзүп бере баштады. АКШ Кыргызстан үчүн Россияга түздөн-түз басым өткөрбөйт. Россия да Кыргызстан үчүн АКШ менен түздөн-түз кагышпайт. Алардын экөө тең Кыргызстанга ар тараптан басым өткөрө беришет.

Кыргызстан эл аралык системанын саясий оюндарында кезектеги шахмат талаасына айланып барууда. АКШ өтө ишенимсиз жана кыянатчы өнөктөш. Ал кайсы регион менен жакын мамиледе болсо, ошол мамлекетте жардыруу сыяктуу бузукчулуктарды уюштурат. Россия болсо кубатсыз жана агрессивдүү иш алып бара турган, келечеги өтө начар болгон союздаш. Булар Кыргызстандан Сирия жана Шам өлкөлөрүндө изден чыгып бара жаткан саясий жана аскерий операциялардан дүйнөлүк коомчулукту алаксытуу үчүн пайдаланууну көздөп жаткан болушу да мүмкүн. Анда бул региондо башаламандык жана тополоӊдорду чыгарууга аракет кылышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here