Эрдоган менен анын премьер-министри ортосунда эмне болуп жатат?

307
0

Адилет жана Өнүгүү партиясы 22-майда кезектен тышкары экинчи сьездин өткөрүү туурасында токтом кабыл алды. Анда партия төрагалыгын эле эмес, партиядагы ыйгарым –укугу бар комитеттерге, өкмөткө о.э. партиянын парламенттеги топтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилет. Бул токтом премьер-министр Давутоглу 2016-жыл, 5-май күнү партия төрагалыгынан кеткенден кийин чыгарылды. Анткени, партия төрагалыгынан кетүү премьер-министрликтен кетүүнү түшүндүрөт. Себеби, партиянын ички уставында жазылгандай партия төрагасы премьер-министр болушу керек.

Демек, Давутоглу менен Эрдоган ортосунда келишпестик пайда болгон. Акыйкатта болсо, Эрдоган премьер-министр болгон кезде Давутоглуну кеӊешчи кылып алган эле. Андан соӊ, аны тышкы иштер министри кылган, андан кийин партия төрагалыгындагы жана өкмөттөгү орун басары кылып алган болчу. Булардын бардыгы Эрдогандын Давутоглуна канчалык даражада ишенгендигин көрсөтүп турат. Бирок, Давутоглу премьер-министр болгондон кийин, ушул мансабы талап кылган укуктарынан пайдаланып, өз алдынча токтомдорду чыгара турган болуп калды. Эрдоган болсо президенттик башкарууга өтүүгө аракет кылууда, бул болсо, аны жеке акимге, ыйгарым-укуктар ээсине айландырышы анык.

Бул эки жетекчи ортосунда саясатта бирер келишпестик күзөтүлгөн эмес. Себеби, экөө теӊ Америка белгилеген жол менен жүрүштү жана анын саясатын эч бир кыйшаюусуз биргеликте аткарышты. Буга Давутоглунун 2016-жыл, 3-май күнү ал-Жазира каналына берген интервьюсу мисал болот. Анын айтымында,  ал акыркы он жылдын ичинде т.а. Эрдоганга кеӊешчи, андан кийин тышкы иштер министри болгон жылдарда Сирияга 60 жолу барган, ошондо Башар Асад режими 2006-жылдагы жекеленүү саясатын баштан өткөрүп жаткан эле. Т.а. бул кылмышкер Башар Харирийге кол салуудан кийин Ливандан куулгандан кийин, Түркия менен мамилесин бекемдөөгө аракет кылган эле. Давутоглу ал тургай «Башар Асад биздин досубузга айланган» деди. Бул сөздөр Эрдогандын: «Сирияга (Башар Асадга) жардам колун созгон бирден-бир мамлекет Түркия эле жана Башар Асад режими менен яхудийлер мамлекети ортосунда ортомчулук ролун аткарган да мына ушул мамлекет эле», – деген сөзүнөн айрымаланбайт. Эрдогандын бул сөзү бул эки жетекчи Америка саясатын ишке ашырып, анын малайы Башарды куткарууга аракет кылышканын түшүндүрөт. Давутоглунун Иран менен болгон мамилелери да Эрдогандыкынан айырмаланбайт. Ал «Түркия менен Иран Сирия маселесинде бүтүндөй пикирлеш экендигин жана келишип алгандыгын» ачык билдирди.

Ошондуктан да Давутоглу тышкы саясатта Эрдоган менен ихтилаф кылган эмес. Америка анын кызматтан кетишине комментарий берди. «Ак үйдүн» маалымат катчысы Жош Эрнест 2016-жыл, 5-май күнү: «Мунун Ислам Мамлекети уюмун алсыратып, жексен кылуудагы стратегияларыбызды биргеликте ишке ашырууга бирер таасири болот деп ойлобоймун», – деди. О.э. муну «Түркиянын ички саясаты» деп эсептей тургандыгын билдирди. Көрүнүп тургандай, маселе бул эки жетекчинин тышкы саясат жана америкапарастыктагы карама-каршылыгы же союздаштыгында эмес.

2016-жыл, 6-май күнү Эрдоган Давутоглунун отставкага кетишине мындай комментарий берди: «Бул иш өлкөнү башкарууда таптакыр боштукту пайда кылбайт, экономикага да түздөн-түз таасирин тийгизбейт, бизге жаңы конституция жана президенттик башкаруу өтө зарыл, бул экөө жеке иштер күн тартибиндеги бир карапайым нерсе эмес». Көрүнүп тургандай, Эрдоган Давутоглунун иштен кетишине ыраазы жана бул саясий маселелердеги ихтилафка тиешеси жок маселе. Муну “ыйгарым укуктардын премьер-министрден президентке көчүшү жана ушул аркылуу президенттик башкарууга өтүү үчүн аракет кылуу” деп сүрөттөөгө болот.

Давутоглунун кызматтан кетиши Эрдоганга президенттик башкарууну орнотуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол себептен да Давутоглу аны менен кагышпастан отставкага кетүүнү абзел көрдү. Маалымат жыйынында ал: «Партиябыздын мүчөлөрүнө кайрылып айтаарым, бүгүнкү күнгө чейин силерге жетекчилик кылдым, ал эми бүгүнкү күндөн баштап мен да силердин бириңермин», – деди. Демек, Эрдоган президенттик башкарууну тикелөөгө катуу туруп, бул үчүн бар болгон күчүн жумшоону, аны ишке ашырууда белгилүү бир адамдардын биргеликте аракет кылышын каалап жатат. Мисалы, 2016-жыл, 5-май күнү Эрдоган партиясына жакын бир булак: «Эрдоган астейдил аракет кылып, президенттик башкарууну ишке ашырууга жетиштүү добуш топтоого аракет кылууда жана бул үчүн тез арада партиялык структураны түзүү, жетекчиликти тандоо ишке ашат. Ал ыӊгайлуу учурду колдон чыгарууну каалабайт», – деп билдирди. Т.а. Эрдоган ушул ыңгайлуу учурду колдон чыгарбастык үчүн мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде президенттик башкарууга өтмөкчү. Президенттин кеңешчиси Жамил Эртем: «Премьер-министрлик кызматка Эрдоганга мындан да көбүрөөк туура келе турган киши отурса, экономикабыз дагы да көбүрөөк өнүгөт», – деди. Бул болсо, Эрдоган менен Давутоглу ортосунда өз ара келишүү болгондугун, бирок, Эрдоган мындан да көбүрөөк келишүү болушун каалап жатканын билдирет. Т.а. эки жетекчи ортосунда саясатта эмес проблемаларды чечүү ыкмаларында гана келишпестик болгону белгилүү болот. Ошол себептен улам Эрдоган өзүнө туура келе турган, анын каалоолорун ал тургай ыкмаларда да сөзсүз аткара турган адамдарды каалап жатат.

Билишибизче, Давутоглунун президенттик башкарууга анчалык эле каалоосу жок. Себеби, бул нерсе анын ыйгарым-укуктарын кыскартат. Буга каалоосу жоктугуна далил, өткөн жылдын июнь айында өткөн шайлоодо анын партиясы жеӊилгенден кийин: «Бул жеӊилүү түрк эли президенттик башкаруу долбооруна добуш бербегенине жана ушул долбоор аяктаганына ишара кылат», – деген. Бирок, 30-декабрдагы шайлоодо анын партиясы жеӊип чыккандан кийин болсо бул сөзүнөн кайтып: «Отузунчу декабрь шайлоосунун натыйжасы түрк калкынан бир кушкабар болду. Алар өз ара ылайыкташуу аркылуу жаңы программа иштеп чыгууну талап кылып жатышат. Себеби, Түркия үчүн татыктуу башкаруу – бул президенттик башкаруу», – деди. Давутоглунун бул бири-бирине карама-каршы эки түрдүү сөзү, ал абалга карай позициясын өзгөртө беришин, анын негизги кайгысы кызматын сактап калуу экендигин көрсөтүп турат.

Эрдоган болсо бир нече ички маселелерге карата күч жана катуу колдук менен мамиледе болот. Бирок, Давутоглу ага бул жаатта каршы чыкпаса да, ага салыштырмалуу бир топ жумшак ыкмаларды колдонот. Мисалы Гюлендин жамаатын жок кылуу маселесин алсак, Эрдоган аны бүтүндөй жок кылууну каалайт, ошол себептен улам муну тагдыр чечүүчү маселеге айландырган. Себеби, бул жамааттын фитна уюштуруп жатканын жана аны кулатууга аракет кылып жатканын аныктаган. Ал эми Давутоглу болсо ушул жамааттын бардык тарапкерлерин эмес, жетекчилерин, таасирдүү адамдарын гана жок кылууну каалаган. Анткени, өзүн “кызмат көрсөтүү коому” деп атаган жана Америка көрсөтмөсү негизинде аракет кылуучу бул жамаат өкүмдар партияны өз таасири астында кармап турууну жана ушул аркылуу өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууну каалаган эле. Ал малайлар ортосундагы жеке кызыкчылык жана мансап үчүн күрөштө Америкага кызмат кылат. Бул нерсе Эрдоганга белгилүү болуп калгандан кийин т.а. 2013-жыл, 17-декабрдагы паракордукка тиешелүү шерменделүү окуя жүз берип, ал тургай бул шерменделик анын уулунда жана жакын адамдарында көрүнгөн соң, Эрдоган ушул жамаатты биротоло жок кылууга токтом кылды. Академиктер маселесинде да ушундай. Мисалы, академиктер мамлекеттин күрттөргө карата саясатын сындап кат жазышканда Эрдоган аларды камакка алууну жана сотко тартууну каалады. Давутоглу болсо алгач алардын айыбын далилдөөнү каалады. О.э. күрттөрдүн Элдик Демократиялык партиясына карата мамиледе да Эрдоган алардын депутаттык кол тийгистигин жокко чыгарып, сепаратист Курдистан Жумушчулар партиясын колдоп-кубаттаганы үчүн сотко тартмакчы болду. А бирок, Давутоглу буга анчалык кулак салбады. Дагы бир мисал, Эрдоган Европа Союзунун саясатына карата бир топ катуу кол позицияны ээлесе, Давутоглу Европа Союзу менен жумшак дипломатиялык саясатты колдонот. Ошентип, эки жетекчи ортосунда айрым маселелерди чечүүдө ыкмалар жагынан айырма бар экендиги жана Эрдогандын өз ыкмалары боюнча саясат жүргүзүүдө катуу турушу күзөтүлгөн.

О.э. Эрдогандын Америка менен болгон мамилеси да Американы каралоодон жана андан кээ бир нерселерди талап кылуудан, Америка болсо муну кабыл албастыгынан турат. Мисалы, Сирияга кургактык күчтөрүн киргизүү, коопсуз аймак жаратуу, күрттөрдүн Түркия аймагына жакын жерде вилаят тикелешине уруксат бербестик маселелеринде ушундай болду. Бирок, акыры келип Эрдоган ушул маселелерде Америкага моюн сунду жана Инжирлик базасынан пайдаланууга уруксат берип, «Ислам Мамлекети» уюмуна каршы күрөштө Сириянын америкачыл оппозициясын машыктырып, даярдыктан өткөрүүдө аны менен кызматташып жатат. Көрүнүшүнөн, Эрдогандын көбүрөөк кадыр-баркка жетүү үчүн колдонуп жаткан ушул ыкмасына Америка да ыраазы окшойт, кудум Америка долбоорлорун аткарган Абдунасир сыяктуу. Себеби, Эрдоган адамдарды андан да көбүрөөк алдап, Америка долбоорлорун аткарууда, анын Иран жана Саудиядагы малайлары менен союздаш болуп, өзүнүн илманий шахсиясын сактап калуу үчүн Сирия режимине тиешелүү Америка токтомдорун кабыл алууда. Учурда Американын Түркия ичкерисиндеги таасири армияда, юстицияда, жогорку билим берүү мекемелеринде жана башкарууда англиспарас жетекчилерди жок кылууга каратылган. Давутоглу болсо дипломатияга көбүрөөк ыктаган адам. Себеби, ал саясий ишмердүүлүк жана саясий күрөштөр менен алектенген эмес, бүт өмүрүн саясий илимдер бөлүмүндөгү бир академик катары илимий тармакта өткөргөн.

Ушул жылдын күзүндө же эмдиги жылы мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болуп өтүшү жана анда Эрдоган өзүнө бериле турган добуштарды көбөйтүп алышы мүмкүн. Айрыкча, Улуттук Аракет партиясы учурда ички кризисти башынан өткөрүп жатат жана бул абал Эрдоган партиясы үчүн албетте пайдалуу болот. Партия жетекчилигин талашуудан турган ушул кризис улана берсе, Эрдоган партиясы тарапка салмактуу даражада добуштар агып келиши келиши мүмкүн. Кудум өткөн жылдын ноябрь айындагы шайлоолордо ушундай болгон эле.

Ушулардан тыянак кылып айтуу мүмкүн болгондой, Эрдоган партиясындагы окуяларда да, Эрдоган менен Давутоглу ортосундагы окуяларда да, Ислам жана мусулмандарга жакшылык жоктугун көрүп жатабыз. Тескерисинче, Эрдоган өзүнүн ыйгарым-укуктарын бекемдеп алып, Америка долбоорун ишке ашырууну уланта берүүнү көздөп жатат. Бул нерсе Эрдогандын Халифалык түзүмүнө жакындашып жатканын түшүндүрбөйт. Анын айрым карапайым тарпкерлери ушундай ойлоп жатышат. Алардын пикиринче, президенттик башкаруу түзүмү Халифалык башкаруусуна окшойт имиш. Себеби, Эрдогандын өзү 2016-жыл, 27-апрелде жаңы программа илманий бойдон кала тургандыгын, парламент төрагасынын диний башкарууну талап кылып жатканы болсо анын жекече пикири болуп, анын партиясына тиешелүү эместигин баса белгиледи.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык – Аллахтын уруксаты менен – Халифалык үчүн түзүлгөн, исламий акыйдага негизделген, динди мамлекеттен ажыратуучу кафир илманийликти жок кылып жибере турган пакиза жана адал партиянын колу менен гана тикеленет.

Асъад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here