Маалымат даъват жана мамлекет үчүн маанилүү иштерден болуп эсептелет. Ушул себептен улам, ал адамдар кзыкчылыктары менен алектене турган идарага караштуу кызыкчылыктардын бири эмес, балким, анын орду бир өз алдынча жихаз катары халифага түздөн-түз байланыштуу болуп, анын иши мамлекеттин башка жихаздары сыяктуу.
Исламды күчтүү, таасирдүү көрүнүштө баяндаган өзүнө хос маалымат саясатынын болушу адамдар пикирин Исламга, аны үйрөнүүгө жана ал жөнүндө пикир жүргүзүүгө карай аракетке келтирет о.э. исламий өлкөлөрдүн Халифалык мамлекетине кошулушун жеңилдетет. Мындан тышкары, маалыматтын көпчүлүк иштери мамлекетке ушунчалык байланыштуу болгондуктан, аны халифанын буйругусуз ачыктап болбойт. Бул нерсе аскерий иштерге тиешелүү ар бир нерседе жаркын көрүнөт. Мисалы, кошуундардын аракеттери, жеңиштери же жеңилиши жана аскерий өнөржайлар жөнүндөгү маалыматтар сыяктуу. Мындай маалыматтардын халифага түздөн-түз байланыштуу болушу шарт. Анткени, эмнени жашыруу керек, эмнени таркатып жарыя кылуу керектиги жөнүндө халифа чечим чыгарат.
(Тафсилатын “Халифалык мамлекетинин жихазы” китебинен караӊыз).