Кыргызстандын мамлекеттик карызы чектелген көлөмдон өтүп кетти

313
0

Учурдагы мыйзамга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек. Бирок, бүгүнкү күнгө келип, өкмөттүн басма сөз кызматы билдиришинче, 2016-жылдын 31-күнкү абалына карата, мамлекеттин тышкы карызы 3 миллиард 646 миллион доллар (255,3 миллиард сом) болду б.а. ИДПнын 60,3 пайызын түздү.

Тышкы карыздардын жарымынан көбүрөөгүн Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкынан  алынган карыздар түзөт. О.э. Кыргызстан ири өлчөмдө карыз алган мамлекеттер катарына Кытай, Россия, Япония жана Түркия кирет.

Түркистон: 

АКШнын ушу күндөгү карызы 19 триллион доллордан ашык. Бу АКШ ИДПсына салыштырмалуу 113.7 % ды түзөт. АКШ жарандарына бөлүштүрүлө турган болсо, ар бир америкалык үчүн 53 миң доллардан тиет.

Мамлекеттер ортосундагы карыз мамилелери азыр жалаң гана саясий басым өткөрүү куралы болуп калды. Неге Кыргызстан сыяктуу жакыр мамлекеттер карызга батып бара беришет же болбосо, АКШ сыяктуу бай жана кубаттуу державалар да карызга батып бара беришет — ушулардын баары эл аралык экономикалык жана саясий системанын натуура негизге курулганына далалат кылат. Бу капиталисттик системанын бузук жана алсыз экономикалык системасынын акыбетинен болууда.

Лекин иштин саясий тарабы өтө маанилүү. Дүйнөдө өндүрүш продукциялары жана тейлөө ресурстары чектелген.т.а. адамдар пайдаланышы үчүн жаратылган табийгый байлыктардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүбуз чектелген. ИДП дегени, бирер мамлекет өз аймагы ичиндеги табийгый байлыктардан канчалык пайдаланып жатканы же канчалык өздөштүрө алганы менен өлчөнөт. Т.а. мамлекет жана жарандар үчүн кызмат кылып жаткан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, тейлөө ресурстарынын көлөмү менен өлчөнөт.

Эл аралык система ушундай бир калыпка салынган дейсиң, анда ири же жетекчи мамлекеттер дүйнөнүн ар кандай бурчундагы табийгый байлыктардан пайдалана алышат. Алсыз мамлекеттер болсо, өз аймагындагы табийгый байлыктардан да эгемендүү пайдалана алышпайт. Мисалы, Кыргызстанда Қумтөр алтын кенин канадалык компания басып алып, ондогон жылдардан бери тоноп келет. Аны кууп чыкканга мамлекеттин акыбалы да келбейт. Анткени,мындай компаниялардын артында эл аралык капиталисттик система турат. Алар эл аралык деңгээлде күчко ээ мыйзамдар чыгартышып, өздөрү үчүн ыңгайлуу шарттардын баарын мыйзамдаштырып алышкан.

Кыргызстан калкы ушундай проблемаларда президентти же өкмөт өкүлдөрүн айыптап, кайрадан аларды кууп жиберүү менен проблемаларды чечүүгө аракет кыла башташат. Негизи, аларды кайра эле баягы капиталисттик системанын жетекчилери адаштырып жатышат. Бу саясий жактан бузук Кыргызстан элитасы эки жолку бийлик алмаштыруудан эмне майнап чыкканы тууралуу пикирлей алышпады. Мындай балекеттердин баары куфр системасы тузагы ичине курулган бузук түзүм себептүү экенин айтып келе жаткан саясатчыларды “экстремист” аташып,коомдон четтетүүгө урунушту.

Эми Кыргызстан тышкы карыздарынан ага басым өткөрүү үчүн пайдаланышат. Мамлекет карызы ИДПнын 60%ынан көтөрүлүп кеткенде болсо, дефолт жарыялайбыз деп, дагы коркутушат. Себеби, эл аралык мыйзамдар – бир мамлекет кылмыш кылганда, башка мамлекеттер тарабынан ага каршы чаралар көрүлүшү менен – турмушта колдонулат. Ошондуктан, Кыргызстандын карызы көбөйүп кеткени үчүн, ири мамлекеттер аны жазалашы мүмкүн. АКШнын карызы ИДПнын 100%ынан өтүп кеткен күндө да, аны эч ким жазалай албайт.Тескерисинче, анын абалын мыйзамдаштырып коюшат.

Кыргызстанда проблеманын болушу үстүбүздө эл аралык капиталисттик системанын турганына байланыштуу. Ушул система түзгөн эл аралык саясатка баланыштуу. Үстүбуздөгү бузук эл аралык мыйзамдарга байланыштуу. Бийлик өз жарандарынын этикаддарынан келип чыккан исламий идеологиядан жүз үйрүп, куфр идеологиясын өз калкына мажбурлап жатканына байланыштуу. Саясий элита россияпарас жана америкапарас болуп, Кыргызстанды эки тарапка тартып жатканына байланыштуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here