Нью-Йорк соту Гулнора Каримованын ишин токтотуп койду

328
0

Нью-Йорк соту АКШ жана Өзбекстан бийликтеринин өтүнүчү менен Гулнора Каримованын ишин токтотуп койду

 Нью-Йорк Түштүк округунун федералдык соту Вашингтон жана Ташкенттин өтүнүчүнө ылайык, Өзбекстан президенти Ислом Каримовдун тунгуч кызы Гулнора Каримовага байланыштуу ишти карап чыгууну токтотуп койду. “Коррупциялык схемаларды текшерүү башкармалыгында тоңдуруп коюлган жүз миллиондогон долларлар жаатында эки мамлекет расмийлери соттон тышкаркы жагдайларда келишип алууну пландаштырышкан”, — деп кабарлайт Eurasianet.

Eurasianet дагы кабарлашынча, сот токтомунда “АКШ жана Өзбекстан Республикасы (иштер боюнча) соттон тышкары тартипте келишип алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону каалап жатышат жана ошондуктан да сот аракеттерин токтотуп коюлушу ушул талкууларга дал келет  о.э. каражаттын үнөмдөлүшүнө алып келет” деп айтылат. Мында сөз АКШ прокуратурасы тарабынан Швейцариядагы 300 млн доллар жана АКШ, Ирландия, Люксембург жана Бельгиядагы эсептериндеги 550 млн доллар – бардыгы болуп Гулнора Каримова жана анын адамдарына караштуу 850 млн доллар тоңдуруп коюлган каражатты конфискация  кылуу туурасында жүрүүдө дейт Eurasianet. Эгер тараптар келишип алышпаса, андаАКШдагы сот 2016-жылдын 31-июлунда кайрадан текшерүүнү баштайт.

Эстете кетсек, Швейцария, АКШ, Голландия, Швеция прокуратуралары 2012-жылдын күзүнөн бери телекоммуникация базарларындагы Гулнора Каримовага байланыштуу шектүү келишимдерди текшерип келүүдө. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук боюнча иликтөө борборунун (Organized Crimeand Corruption Reporting Project, OCCRP) маалыматына караганда, Каримова бери дегенде алты телекоммуникация компаниялары менен болгон мамилелеринде коррупциялык схемалардан пайдаланып келген. Анын шарттарына көнгөн компанияларга Өзбекстанда иш алып барышы үчүн лицензия алууда жардам берген, ким анын сунуштарын кабыл албаса, жок кылынган. Алардын арасында үч Америка компаниялары да болгон.

2015-жылдын августунда АКШ өкмөтү Ирландия, Бельгия, Люксембург, Швеция жана Швейцария расмийлерине кайрылып, Өзбекстан телекоммуникация базарында Vimpelcom, MTS жана TeliaSonera компанияларынын катышуусундагы шектүү келишимдерди текшерүү алкагында, жалпы баасы 1 млрд долларга барабар активдерди камакка алууну сураганы тууралуу кабар берилген эле. Өзбекстан юстиция министри Музраф Икромов 2016-жылдын  январында Гулнора Каримовага байланыштуу иштер боюнча тоңдуруп коюлган каражаттарды Өзбекстанга кайтарууну суранган. АКШ юстиция министрлиги болсо, ушул жылдын апрелинде “Гулнора Каримова пара алуу жана акча жууш иштеринде кылмышка шектүү” деп айдан-ачык билдирген болчу.

Булак: “Фаргона” кабар агенттиги

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here