Панама документтери ачыкталышынын артында эмне бар?

284
0

Эмне үчүн бул документте капитализм жана капиталисттик мамлекеттер коррупциясы ашкере кылынды?

Асъад Мансур калемине таандык

Панама документтери 2016-жыл, 3-апрелде жарыя кылынды. Анда дүйнөдөгү азыркы жана мурунку саясатчылар о.э. мамлекет башчылардын контрабанда жана акча жууш сыяктуу кылмыштарга аралашкандыгы ашкере кылынган. Ошону менен бирге, Россия президенти Путиндин жакындарынын миллиард доллардын тегерегинде акча жууш ишине аралашкандыгы айтылат. Документте Кытай президенти Си Цзиньпиндин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон компаниялар о.э.бийликтен кулатылган Хусни Мубарак, өлүп кеткен Каззофий жана тогут Башар Асад үй-бүлөсүнө байланышы бар болгон сырдуу компнаиялар ашкереленди. О.э. документ Саудия королу Салман, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа ибн Зайд, Катардын мурдагы премьер-министри жана амири Хамад ибн Халифа менен мурдагы премьер-министри Хамад ибн Жасим, Ирак жана Иорданиянын мурдагы премьер-министрлери Ияд Алавий менен Али Абу Рогиб жана башкаларды да четтеп өтпөдү. Алжир Францияга нааразылыкбилдирип, анын элчисин өлкөдөн чыгарып жиберди жана нааразылыгын Франция өкмөтүнө жеткирүүнү дайындады. Себеби, Францияда чыгуучу Le Monde гезити Бутефликаны сүрөтүн да Панама документтери тизмесинде аттары аталган жетекчилердин сүрөттөрү арасында жарыя кылган болчу. Чындыгында Панама документинде Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун аты да аталды. Анын 2010-жылы өлгөн атасы Иэн Кэмерондун Британия өкмөтүнө салык төлөбөгөн Панамадагы офшордук фирмага байланышы тууралуу айтылат.

Бул документтерге Россия да ачууланды. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай деди: «Буга окшогон билдирүүлөрдөн көздөлгөн максат, дүйнөлүк коомчулуктун пикирине таасир өткөрүү. Россияда парламенттик жана президенттик шайлоолор жакындап келе жаткандыктан, буга окшогон түрдүү отчёттордо эӊ оболу Путин бутага алынууда. Бул нерсе Кремлге ачык көрүнүп турат». Ал башкы кеӊсеси Вашингтондо жайгашкан ICIJ (Журналисттик иликтөө боюнча эл аралык консорциумдун) отчётунда келген нерселерди «алдамчылык жана реалдуулукка тескери» деп сыпаттады. Андан соӊ кошумчалап: «Бул ICIJдеги кызматкерлердин көпчүлүгүн журналист деп айтууга болбойт. Себеби, алардын көпчүлүгү Америка тышкы иштер министрлигинде, Борбордук Разведка Башкармалыгында(ЦРУда) жана башка Америка коопсуздук кызматтарында буга чейин же учурда иштеп жаткан кызматкерлер… Бул уюмду кимдер каржылашын биз билебиз. Бул жерде ушундай ашкере маалыматтар жөнүндө сөз болуп жатат дейсиӊ, андан ушул жетекчилер да, алардын ыкмалары да канчалык даражада калыс эместиги, бул ыкмалар алдын ала башарат кылып болбой турган тыянактарга алып барышы даана көрүнүп турат», — деди. (Россия Сегодня).

Россия президентинин маалымат катчысынын бул сөздөрүнө ICIJ директору Жерард Райл раддия билдирип: «Панама документтерине тиешелүү отчёттун жарыя кылынышы Россияга каратылган эмес. ICIJ колго тийген бардык документ жана билдирүүлөрдүн толук базасын басып чыкпады жана мындай кылуу планы да жок», — деди. Демек, мындан документтер тандап алынган болуп, айрым адамдарды ачыктоо, айрым адамдарды жашыруу көздөлгөнүн түшүнүүгө болот. Чындыгында, журналисттер отчётто америкалык жетекчилер жоктугуна көӊүлдү бурган эле. ICIJ директору аларга жооп берип: «Чындыгында эле, Mossack Fonseca компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Панамадагы жана Британиянын Виржин аралдарындагы офшордук аймактарда жүрүп жаткан финансылык операцияларга америкалык жетекчилердин аралашканы Панама документтеринде айтылбаган. Бирок, биздин ICIJ жакын арада америкалыктардын атын да жарыя кылууга убада беремин», — деди. Ал дагы: «Бул документтер Mossack Fonseca компаниясындагы төрт жылдын ичинде жүргүзүлгөн күнүмдүк операцияларды ачыктайт. Документтер кеӊири камтуучу болгондуктан, мындай маалыматтар офшордук аймактарды бутага алуучу эң катуу сокку болуп калары божомол кылынууда», — деди. (Франс Пресс 2016-жыл, 5-апрель).

Булардын бардыгы ушул темада америкалыктардын колу бар экендигин көрсөтүп турат.

Бул документтер Mossack Fonseca компаниясына барып такалат жана дүйнөдөгү эң чоӊ ашкере кылуу деп бааланып жатат. Себеби, анда 11,5 миллиондон ашуун документ бар. Бул компания башкы офиси Панамада жайгашкан мыйзамдуу компания болуп эсептелет жана ал мыйзамдуу кызмат көрсөтүү тармагында 40 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошондуктан, бул компаниянын дүйнөнүн түрдүү бурчтарында өз филиалдары, эл аралык тармакта электрондук сайты бар. Бул тармакта 42 мамлекетте 600 адам иштейт. Компания сунуштаган кызматтар чет өлкөлөр жана юстиция чөйрөлөрүндө компанияларды каттоого алуудан туруп, ушул компанияларды тейлөөнүн акысына жылдык акы алат о.э. аларга башка кызматтарды да көрсөтөт, мисалы, каражаттарды башкаруу сыяктуу. Mossack Fonseca компаниясы салыктар ушунчалык төмөн болгон мамлекеттерде ишмердүүлүгүн жүргүзөт, мисалы, Швейцария, Кипр жана Британияга көз каранды мамлекеттер: Виргин, Гернси, Жерси, Мэн аралдары сыяктуу. Демек, мындан ушул иште Британия, анын өкмөтү жана аралдары бутага алынганы белгилүү болуп жатат. Себеби, ири өлчөмдөгү финансылык уурулуктар ошол жерлерде болгон.

ICIJ директору Райлдын айтымында, «документтерди алгачкы жолу Süddeutsche Zeitung деген немец гезити жарыя кылды, андан кийин ICIJ иликтөө жүргүзүү максатында 70тен ашуун мамлекеттин 370 журналистине таркатуу жоопкерчилигин өз мойнуна алды, ал үчүн бир жылдай мээнет кылууга туура келди». Бирок, ушул немец гезитинин билдиришинче, «ушул маалыматтарды белгисиз булак тарабынан жашыруун түрдө алган жана булак андан эч кандай акы талап кылбаган, болгону чексиз көрүнүштө коопсуздук чаралары менен камсыздоону гана талап кылган жана бул нерсе бир жыл мурда болгон». Документтер деңиз артындагы эки жүздөн ашуун мамлекеттин 214 миӊ кампаниясын өз ичине алат. ICIJ директору мындай деди: «Документтер өтө көп сандагы адамдарды өз ичине алат, ошону менен бирге, анда салыктан качуу жана акча жууш сыяктуу мыйзамсыз операцияларда 12 мамлекеттин президенттеринин жана 143 саясатчы жетекчилердин колу бар экендиги ачыкталган». (Ал-Жазира 2016-жыл, 6-апрель). Mossack Fonseca компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Рамон Фонсека жүздөгөн гезиттерде жарыя кылынган ушул документтер туура экендигин тастыктады, бирок «өз компаниясынын мыйзам бузгандыгын четке какты» о.э. «бузуп кирүү жүз бергенин, бирок бул бузуп кирүү чектелген өлчөмдө болгонун» моюнга алды. Ушул документтерди колго киргизген жана Süddeutsche Zeitung гезитинде иштеген эки журналист: «Ачыктала турган документтердин дээрлик жарымына жетип келдик, жакынкы күндөрдө көптөгөн мамлекеттерге байланыштуу болгон жана даректери көрсөтүлгөн темаларды басып чыгабыз», — деп билдиришти.

Ушул документтер Вашингтондогу ICIJ колунда бир жылдан бери сакталып турган. Документтерди ага немец гезити берген, а бирок ошол кезде ачыктаган эмес. Бул болсо, ушул гезит тил бириктирүүгө шерик экендигин түшүндүрөт. Себеби, ар кандай гезит маалыматтык байгени каалайт жана документтерди жашырышы, андан кийин болсо башкага берип жибериши таӊ калычтуу абал! Мындан тышкары, дагы бир чөйрө да бар болуп, ал документтерди атайылап ушул гезитке берген жана ага жарыя кылбастыкты, ICIJге берүүнү буйруган. Бул кудум акча жууш сыяктуу, ашкере кылуучу булакты «жууш» операциясына окшойт. Белгилүү болгондой, Панама Американын кол астында. Америка Панама каналын да басып алган. Панама президенти Мануэль Норьеганы болсо наркотикалык заттардын соодасына аралашкандыкта айыптап, Америкага мыйзамсыз түрдө алып кетип, камакта кармап турат. Мануэль Норьега түпкүлүгүндө анын малайы болчу. Америка мындан каналды 99 жыл ээлеп тургандан кийин панамалыктарга кайтарып бербестикти көздөп жатат. Америка үчүн бул каналдар өтө маанилүү. Ошондуктан, бул мамлекеттеги күчтөрүн эки эсеге күчөтүп, каналды кайтарып берүүнү талап кылып жаткан адамдардын добушун өчүрдү, аларды күч колдонуу менен коркутту.

Булардан көрүнүп тургандай, Америка алгач Британиянын адебин берип коймокчу. Британия колониясы астындагы аралдарга, ал жерлердеги өкмөттөргө жана Англиянын башка араб мамлекеттериндеги көптөгөн малайларына сокку берип, ушул аркылуу аны Америкага каршы иш кылуудан тыйып коймокчу болуп жатат. Айрыкча, Түндүк Африкада Америка-Британия ортосунда кескин күрөш жүрүп жатканы көрүнүп жатат, муну Ливияда, Яманда жана Судан түштүгүндө көрүүгө болот. Британия да Европа менен биргеликте аракет кылып, Американын Сирия, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен мамилесин бузууга аракет кылууда.

Америка Россияны бутага алууда. Аны Сирия ишине тартып, андан пайдаланып болгондон кийин, эми четке чыгарып коюуда жана Украина, Грузия, Армения, Азербайжан сыяктуу айланасындагы мамлекеттерде жаӊжал чыгаруу менен убара кылып коюуда. О.э. Кытайды да бутага алууда, ага Түштүк Кытай деңизинде таасирин кеӊейтип алышына жол бербей жатат.

Демократтар партиясы жакындап келе жаткан президенттик шайлоого киришип, анда жеӊишке жетүүгө аракет кылып, өзүн таза кылып көрсөтмөкчү болуп жатат. Президент Обама 2016-жыл, 5 апрель күнү: «Салык төлөөдөн качуу, шек-күмөнсүз, бүт дүйнө үчүн коркунуч болуп эсептелет. Бул жердеги татаалдык, ушул кадамдардын көпчүлүгү мыйзамдуу чөйрөдөн чыкпаган абалда ташталган», — деп билдирүү берди. «Контрабанда менен иш кылгандарды ар тараптан кысымга алууга» чакырып: «Америка экономикасы да каражаттардын четке чыгып кетишинен зыян тартып жатат. Себеби, ушул каражаттарды өлкөнүн негизги муктаждыктарын кандыруу үчүн жумшоого болот», — деди. Обама админстрациясынын өз партиясына каршы чөйрөлөрдөгү адамдарды ашкере кылууда жана аларды кулатып, өз партиясын үстөм кылууда ICIJден пайдаланышы да ыктымалдан алыс эмес. Себеби, учурда Америкада талапкерлер деӊгээли да, шайлоо алдындагы кампаниялар деӊгээли да төмөндөп кеткен, ошол себептен улам чөйрөлөр бири-бирин ачып таштоо жолуна өтүштү. Бул болсо, Американын төмөндүккө кулап бара жатканын түшүндүрөт. ICIJ директору америкалыктардын да аты ачыкталышына убада берди. О.э. Американын “проблема капиталисттик түзүмдө эмес, тескерисинче каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетип жаткан адамдарда” деп адамдарды алдоого аракет кылып жатканы да пикирибизди далилдеп турат.

Бул документтер акимдер, таасирдүү адамдар жана алардын айланасындагылардын коррупциясын эле ашкере кылбастан, капиталисттик системанын өзү да коррупцияга негизделген система экендигин ачыктап жатат. Бул системанын ушунчалык жийиркеничтүү экендиги көрүнүп жатат. Себеби, капитализм өзүнө пайдапарастыкты негиз кылып, адамдарга өз пикирлери жана өлчөөлөрүн зордоп тыгыштырды. Натыйжада алар мал-дүйнөнүн артынан иттей акактап жүгүрө турган болушту, каражатты муктаждыктарына иштетүү үчүн эмес, тескерисинче тоодой кылып топтой турган, байлыкта атаандашып, бири-бирине мактана турган болушту. Бийликке жарандарды башкаруу максатында эмес, тескерисинче дагы да көбүрөөк байлык табуу үчүн келе турган болуп калышты. Олигархтар үчүн мыйзамсыз кыӊыр жолдор менен, уурулук кылып байлык табуу жана ушул аркылуу напистерин кандырууга ыӊгайлуу учур табылды. Мыйзамдарды дал ушундай мүмкүнчүлүктөрдү бере турган көрүнүштө иштеп чыгышты. Натыйжада, мал-дүйнө ээлери да, аткаруучу бийлик ээлери да, Аллахтын ордуна, өз пайдасына кызмат кыла турган мыйзам иштеп чыгаруучу жетекчилер да ошолор болуп калды. Капиталисттик коомдордон моралдык, ахлакий жана адамдык баалуулуктар көтөрүлдү, материалдык баалуулук алардагы бирден-бир жогорку баалуулукка айланды, адамдардын ортосундагы жогорку мамилелер өз ара жардамдашууга эмес, эгоизмге негизделип калды. Бүгүнкү күндөгү коом буга ачык-айкын мисал болот.

Бул документтерден капиталисттик мамлекеттер, мейли бир системаны карманган болсо да, бири-бирин кыйратуудан кайра тартпастыгы ашкере болууда. Бирок, бул системанын негизи ушундай. Анын өзү нерселерди кызыкчылык негизинде өлчөйт жана бир ишенимдеги адамдарды бири-бирине душман кылып коёт, негиздери бирөө болушуна карабастан, байлыкка жетип, көбүрөөк олжого ээ болуу жолунда бири-бирин өлтүрө турган жырткычка айландырат. Ошондуктан, алар бири-бирине каршы тил бириктирип жатышат, пайда жана бийликке ээ болуу максатында бир ишенимдеги шеригин да буттан чалып жатат, буттан чалмак тургай, кудум эки дүйнөлүк согушта болгону сыяктуу, бири-бирин кырып түгөтүүгө даярданып жатышат.

Дүйнөнү куткаруу үчүн мына ушул капиталисттик системаны, анын ири капиталисттерин кулатуудан башка чара жок. Айрыкча, дүйнөдөгү бардык карамүртөздүктүн очогу болгон Американы жок кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде өз көрүнүшүн тапкан системаны колдонуу керек. Мына ошондо гана коррупция, ач көздүк, каражат топтоого баш оту менен кирип кетүү жана анын көптүгү менен мактануу сыяктуу иштердин баары жок болот. Коомдо моралдык, ахлакий жана адамдык баалуулуктар өкүм сүрөт, албетте материалдык жакты да таштап койбогон абалда. Иштерди Аллахка байлоо менен бирге, анын буйрук жана кайтаруулары бирдей аткарылат. Мына ошондо дүйнө жүзүндөгү калктар бул дүйнө бактысыздыгынан куткарылып, дүйнө жана акырет бактылуулугуна алып чыгылат.

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-апрелдеги 73-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here