بســـــم الله الرحمن الرحيم
Исламдагы “итаат”ты түшүнүшүбүз үчүн итаат кылынып жаткан адам жана ал талап кылып жаткан буйрук өтө маанилүү. Кээ бир орунда итаат кылуу (моюн сунуу) шарт болсо, Аллах Таала кээ бир орундарда итаат кылбастыкка буйруган, мисалы, берилген буйрук Исламдын зыянына болсо. Бул теманын тафсилаты төмөнкүдөй:
«Итаат негизги иш болуп, мамлекетте тартип-инзобат ал себептүү пайда болот. Ал мамлекет жана үммөттө массалык тартип-инзобат бар экендигине далалат кыла турган эң маанилүү көрүнүштөрдүн бири. Ошондуктан да, Куран көптөгөн аяттарда итаат кылууга үндөп келди. Вахий келип турганына, муъжизалар жана рисалат болуп турганына, Расулулла Aдын өзү бар экендигине жана булардын бардыгы итаатты пайда кылуу үчүн жетиштүү экендигине карабастан, Куран итаат кылууга үндөп келди. Куран буйруп келген итаат ушундай бир итаат болуп, анын негизине мамлекет жана үммөт вужуду курулат. Ал ошол эле убакта, итаат хулкун (мүнөзүн) баян кылуу да болуп эсептелет. Аяттар итаат кылуу важиб болгон убакта итаат кылууга катуу буйруп келди. Буюрганда да ага мажбурлай турган жана аны мусулмандын сыпаттарынын бири кылып коё турган көрүнүштө буйруду. Итаат кылуу жайиз болбогон убакта итаат кылуудан кайтарды. Кайтарганда да итаат кылбастыкка мажбурлай турган жана мындайда итаат кылууну мусулман өзүн алыс кармашы керек болгон нерсе деп этибар кылууга үндөй турган көрүнүштө кайтарды. Ошондуктан, биз Куран итаатты вужудга келтирип жаткан убакта мындай деп айтып жатканын көрөбүз:
«Алла жана расулга итаат кылгыла!» [3:32]
«Демек, мени ээрчигиле жана буйругума итаат кылгыла!» [20:90]
«Кулак салып, итаат кылгыла» [64:16]
«Ким Алла жана Анын расулуна итаат кылса, аны астынан дарыялар агып туруучу бейиштерге киргизет» [4:13]
«Кимде-ким расулга итаат кылса, демек, Аллага итаат кылыптыр» [4:80]
«Кимде-ким Алла жана расулга итаат кылса, мына ошолор сыйлыкка татыктуу болгон заттар менен бирге болушат» [4:69]
Алла бул аяттарда мутлак итаатка буйруду, итаат мукайяд болбой келди. Биз Расулулла Aдын акимдер жана валийлерге ар кандай абалда итаат кылууга буюруп жатканын, болгону, эгер күнөөгө буйруса гана итаат кылбастык керектигин айтып жатканын көрөбүз. Ибн Аббастан Набий Aдын мындай дегени риваят кылынды:
«مَنْ كَرِهَ مِنْ أَمِيرِهِ شَيْئًا فَلْيَصْبِرْ عَلَيْهِ فَإِنَّهُ لَيْسَ أَحَدٌ مِنَ النَّاسِ خَرَجَ مِنَ السُّلْطَانِ شِبْرًا فَمَاتَ عَلَيْهِ إِلاَّ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
«Ким амириндеги бирер нерсени жактырбаса, ага сабыр кылсын. Себеби, кимде-ким султандан бир карыш четке чыгып ушул абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр». Муслим риваяты. Расулулла A амирге итаат кылбастыкты жамааттан бөлүнүп калуу деп эсептеди. Абу Ража Уторидий хадис риваят кылып айтат: Мен Ибн Аббас Hдан Набий Aдын мындай дегенин уктум:
«مَنْ رَأَى مِنْ أَمِيرِهِ شَيْئًا يَكْرَهُهُ فَلْيَصْبِرْ فَإِنَّهُ مَنْ فَارَقَ الْجَمَاعَةَ شِبْرًا فَمَاتَ فَمِيتَتُهُ جَاهِلِيَّةٌ»
«Ким амиринен өзү жактырбай турган бирер нерсени көрсө, сабыр кылсын. Себеби, ким жамааттан бир карыш ажырап өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр». Муслим риваяты. Мусулмандар Набий Aга байъат берген нерселердин бири итаат кылуу эле. Жунада ибн Абу Умайя риваят кылат:
«دَخَلْنَا عَلَى عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ وَهُوَ مَرِيضٌ قُلْنَا أَصْلَحَكَ اللَّهُ حَدِّثْ بِحَدِيثٍ يَنْفَعُكَ اللَّهُ بِهِ سَمِعْتَهُ مِنَ النَّبِيِّ A قَالَ: دَعَانَا النَّبِيُّ A فَبَايَعْنَاهُ فَقَالَ فِيمَا أَخَذَ عَلَيْنَا أَنْ بَايَعْنَا عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي مَنْشَطِنَا وَمَكْرَهِنَا وَعُسْرِنَا وَيُسْرِنَا وَأَثَرَةً عَلَيْنَا وَأَنْ لاَ نُنَازِعَ الأَمْرَ أَهْلَهُ قَالَ: إِلاَّ أَنْ تَرَوْا كُفْرًا بَوَاحًا عِنْدَكُمْ مِنَ اللَّهِ فِيهِ بُرْهَانٌ»
«Биз Убада ибн Сомиттин алдына кирдик. Ал ооруп жаткан эле. Биз: Алла сага шыпаа берсин, Набий Aдан уккан бирер хадисти айтып бергин, Алла ал себептүү сага пайда жеткирсин, — дедик. Ал мындай деди: Набий A бизди даъват кылды. Биз ал кишиге байъат бердик. Бизден байъат алып жатканда, курсантчылыкта да, капачылыкта да, оор күндөрүбүздө да, жеңил күндөрүбүздө да кулак салып, итаат кылууга, өзүбүздөн абзел көрүшүбүзгө, ишти ээсинен талашпашыбызга байъат беришибизди айтып: Болгону, эгер ачык куфрду көрсөңөр жана силерде бул жөнүндө Алладан анык хужжат болсо, (ошондо гана талашышыңар мүмкүн) деди». Бухарий риваяты. Демек, аят жана хадистер итаат кылууга буйруп келди. Бирок, бул итаат Ислам алкагында болушу керек. Ошондуктан, башка хадистер Аллага асий боло турган орунда итаат кылуудан кайтарып келди. Набий A:
«لاَ طَاعَةَ لِمَخْلُوقٍ فِي مَعْصِيَةِ الْخَالِقِ»
«Холикке асий боло турган орунда махлукка итаат кылынбайт», — деген. Ахмад риваяты. Нафиъ Абдулла Gдан, ал Набий Aдан мындай дегенин риваят кылды:
«السَّمْعُ وَالطَّاعَةُ عَلَى الْمَرْءِ الْمُسْلِمِ فِيمَا أََحَبَّ وَكَرِهَ مَا لَمْ يُؤْمَرْ بِمَعْصِيَةٍ فَإِذَا أُمِرَ بِمَعْصِيَةٍ فَلاَ سَمْعَ وَلاَ طَاعَةَ»
«Мусулман кишинин, эгерде бирер күнөөгө буйрулбаса, жактырган жана жактырбаган нерсесинде кулак салып, итаат кылышы важиб. Эгерде бирер күнөөгө буюрулса, кулак салып итаат кылбайт». Бухарий риваяты.
Алла буйруган бул итаат массалык тартип (инзобат амма) орнотуу керек болгон кезде болот. Ал эми, бул итаат кылуу Исламдын тескерисине болсо, же Алланын жолунан башка жолдун пайдасына кызмат кыла турган болсо, мындай абалда итаат кылуудан Ислам катуу кайтарды. Ошол себептен улам, Алла Таала бизди айрым итааттардан ачык кайтарып, мындай деди:
«Эй момундар, эгер китеп ээлеринин кээ бир топторуна моюн сунсаңар, алар силерди ыйманга келгениңерден кийин дагы кафирликке кайтарышат» [3:100]
«Дагы, Биз дилин бизди эстөөдөн бейкапар кылып койгон, көңүл-кушун ээрчиген жана кылган иши ысырапкерчилик болгон кимселерге итаат кылбагын!» [18:28]
«Жер жүзүндөгү кимселердин көпчүлүгүнө итаат кыла турган болсоң, сени Алланын жолунан адаштырышат» [6:116]
«Демек, сен кафир кимселерге итаат кылбагын!» [25:52]
«Демек, (эй Мухаммад, сенин чыныгы пайгамбар экениңди жана Куранды «жалган» деген) жалганчыларга итаат кылбагын!» [68:8]
«Жана алардан күнөөкөрлөрүнө жана кафир болгондоруна итаат кылбагын!» [76:24]
«(Эй Мухаммад), дагы сен ар бир төмөн анткор кимсеге итаат кылбагын!» [68:10]
Бул аяттардын бардыгы өз сыпаттары менен айырмаланып туруучу белгилүү бир адамдарга итаат кылуудан кайтарууда. Бул аяттарды күзөтсөк, аларда айтылып жаткан итааттын Исламдын тескерисине экендиги жана Ислам жолунан башка жолго кызмат кылышы белгилүү болот. Алла Таала буларды бизге дилдерибизге итаат массалык тартипти пайда кылууну көздөй багыттай турган болуп калыптанышы үчүн, Ислам мамлекетинин вужудуна зыян боло турган орундарда итаат кылуудан алыс болушубуз үчүн баян кылды. Ошондуктан, мусулман адамдын Алланын итаат кылуу жөнүндөгү буйругуна лаббей деп моюн сунуп жатканда, Алла кимге итаат кылуудан кайтарган болсо андай кимселерге итаат кылуудан кайтышы важиб» (“Исламий шахсия-2” китебинен).