Булуӊ Кызматташтык Кеңеши Обаманын көзөмөлү астында жыйын өткөрдү

307
0

Саудияда уюштурулган Булуң кызматташтык кеңешинин жыйыны АКШ президенти Барак Обаманын катышуусунда болуп өттү. Эр Рияддагы Дирийя сарайында болуп өткөн саммитте АКШ президенти Барак Обама, Саудия королу Салман бин Абдулазиз, Катардын амири Тамим бин Хамад Ас-Сани, Кувейттин амири шайх Сабах ал-Ахмад ал-Жабир ас-Сабах, Абу Дабинин мураскор шахзадасы Мухаммад бин Зайд Ал Нахян, Омман мажлисинин төрагасы Фахд бин Махмуд жана Бахрейн королу Хамди бин Иса Али Халифалар катышты.

Саммит учурунда Яман жана Сириядагы ички башаламандыктар, нефть баалары, Ирандын региондогу позициясы жана терроризмге каршы күрөш темалары талкууланды. О.э. бул жыйын Обама катышуусунда өтүп жаткандыктан, АКШнын Перс Булуңундагы максаттары да талкууланышы да табигый көрүнүш эле.

Булуң кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттер менен Марокко королу Мухаммад алтынчы коопсуздук жана туруктуулукка зыян жеткире турган ар кандай коркунучка каршы биргеликте аракет кылуу туурасында келишип алышты. Саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө аймактык тынчтыкка коркунуч туудуруучу жана      мамлекет чегараларын жаӊыдан белгилөө максатында таркатылган экстремисттик идеяларга каршы пикирлер билдирилди. Араб дүйнөсүнө коркунуч туудуруп жаткан өзгөрүүлөр о.э. Сирия, Ирак, Ливия, жана Ямандагы киризистерге чечим табылышы кыйын болуп калгандыгы айтылып, бул проблеманы жөнгө салуу боюнча биргеликте аракет кылуу зарыл экендиги баса белгиленди. А бирок, араб дүйнөсүнө коркунуч туудурган өзгөрүштөр тууралуу ачык түшүндүрмө берилбеди.

Булуң кызматташтык кеңеши менен Марокко ортосунда биргелешкен стратегиялык блоктор түзүлгөндүгү жана бул мамлекеттердин биринин коопсуздугуна келген зыян башкаларына да тиешелүү болушу айтылган билдирүүдө кеңешке мүчө мамлекеттердин башчылары Марокко кызыкчылыгына каратылган коркунучтарга каршы экендигин билдиришти. Марокко жана Полисарио (аскерий саясий уюм) фронту ортосундагы Батыш Сахара маселеси Булуң кызматташтык кеңешинин да маселеси экендиги баса белгиленип, бул региондо жүз берген проблеманын чечими үчүн Марокко сунуштаган өзүн-өзү башкаруу демилгеси колдоого алынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here