Баку Ереванды Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салууга тоскоолдук кылып жаткандыкта айыптады

360
0

Азербайжан президенти Илхам Алиевдин билдиришинче, ушул айдын башында Карабак аймагында жүз берген кескиндик Армения тынчтыкты каалабай жатканын, тескерисинче, проблеманын чечими жолундагы аракеттерге тоскоолдук кылып жатканын далилдеди.

Алиев өткөн ишемби күнү министрлер жыйынында: «Жакында жүз берген кандуу кагышуулар Армения тынчтыкты каалабай жатканын, тескерисинче, сүйлөшүү ийигиликсиз болушун көздөп, баскынчылык саясатында бекем турганын дагы бир ирет далилдеди», – деп айтты.

Алиев Армениянын – ар дайым сүйлөшүүлөрдө натыйжага жетишейин деп турганда – талаштуу аймакта провокация келтирип чыгарып жатканын баса белгиледи. Ал өткөн жылдын декабрь айында Германиянын Пирна шаарында Армения президенти Серж Саргсян менен өткөрүлгөн жолугушуу дээрлик натыйжа бербегенин билдирди.

О.э. Алиев ушул маселеде азер армиясы армяндар менен болгон бул кагышууларда жогорку даярдыкты көрсөтө алганына жана өз позициясын бекемдегенине көӊүлдү бурду.

Өз кезегинде, ишемби күнү Арменияын Коргоо министрлиги да Еревандын талаштуу аймакка аскерий техника жана кошуундарды жибергени туурасындагы маалыматты четке какты. Армения Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Арцрун Ованнисян Россиянын «ТАСС» маалымат агенттигине: «2-6-апрель күндөрү Карабак менен Азербайжан ортосундагы кагышуулар учурунда Карабак куралдуу күчтөрү гана ишке салынды. Армения бул аймакка эч кандай аскерий бөлүк же техника алып кирген жок», – деп билдирди. Бирок ошондой болсо да, Коргоо министрлигинин маалымат катчысы «көптөгөн ыктыярчылар» Тоолуу Карабакка барышканын, алардын «көпчүлүгү», айрыкча, медициналык жардам көрсөтүү үчүн баргандар «үйлөрүнө кайтып жатышканын» моюнга алды.

Белгилүү болгондой, Азербайжан-Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаӊжалы 1988-жылы башталган. 1991-жылы болсо Карабак калкынын көпчүлүгүн түзгөн армяндар бул аймактын Азербайжандан бөлүнүп чыкканын о.э. автономиялуу башкарууга өткөнүн жарыя кылышкан эле. (Россия Сегодня).

Роя гезитинин комментарийи:

Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолуу Карабак согушу 2-апрелде башталды. Муну менен Армения менен Азербайжандын Карабак аймагында ок атышпоо келишими бузулду. Азербайжандын саясий-аскерий жетекчилери чукул жыйын курушту. Армения да ушундай кадамдарга барды. Армения башчысы Саргсян муну «1994-жылдагы ок атышпоо келишиминен берки эң коркунучтуу куралдуу кагылыш» деп атады. («Аль-Жазира нет» 2016 03 04)  Арменияда Орусиянын таасири туруктуу өңүттө. Анда Орусиянын негизги аскерий базалары да орун алган. Орусиянын 102-аскерий бөлүгү, анын ичинде 5000 орус аскери бар. Орусия Арменияга карыз берүү менен, аны материалдык жактан да колдоого алган. Азербайжан менен талаштуу Тоолуу Карабак аймагында Арменияга аскерий жардамдарды берип келген. 1994-жылдагы эки тарап ортосундагы ок атышпоо келишимин Орусия демилгелеген. Ал Арменияга пайдалуу болгон. Келишим негизинде, Армения Тоолуу Карабактын талаштуу түштүк-батыш аймагындагы Азербайжандын 9%пайыз жерине ээлик кылып калган. О.э. чыгышынан да кирип кеткен. Ошондуктан, Орусия акыркы куралдуу кагылышты токтотууга өтө кызыкдар болду. Ал эми бул куралдуу кагылыштагы Американын ролу болсо парда артынан да, түзмө-түз да болду. Азербайжан мамлекет башчысы 30-март күнү Вашингтондо, Америка мамкатчысы Жон Керринин жанында туруп, эки өлкө ортосундагы талаштуу аймак болгон Тоолуу Карабактан Армения куралдуу күчтөрүн тез арада чыгарып кетишин талап кылды. Керри ядролук курал боюнча саммит алкагында Азербайжан президентин кабыл алды. Алиев Керринин алдында журналисттерге  мындай деди: «Биз Америка өкмөтүнүн Азербайжан-Армения ортосундагы талашты чечүүгө болгон аркетине ыраазыбыз – деди жана дагы кошумчалап – Армения куралдуу күчтөрү биздин жерден эч кандай шарт койбостон тез арада чыгып кетишин камтыган Коопсуздук Кеңешинин чечими аркылуу чечилиши зарыл», – деп айтты.  Ал эми Керри  «Талаштагы Тоолуу Карабак сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши зарыл» деп билдирүү берди («Мисир явм сайты» 2016 03 31).

Америка 1991-жылдан бери Азербайжан нефтисин Кара дениз жана Түркия аркылуу алып өтүүгө аябай кызыкдар. Мына ушул нерсе бул аймактагы Америка-Орусия күрөшүнүн негизги себеби. Азери президентинин куралдуу кагылыштан үч күн мурун берген билдирүүсү жана Керри менен болгон жолугушуусу – Орусия таасири астындагы аймак эсептелген Кавказдагы согуш отун шек-күмөнсуз Америка тутандыргандыгына ишара кылат. Бул Орусиянын Кавказ жана Армениядагы кызыкчылыгына доо кетирет. Бул аймак Орусия үчүн өтө маанилүү.  Т.а. бул согуштун тутанышы Американын Орусия быкынына урган соккусу болуп саналат… (Хизб ут-Тахрирдин 2016-жыл, 9-апрелдеги суроо-жообунан алынды).

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-апрелдеги 73-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here