Путин жүргүзгөн диктатордук саясаттын натыйжасында экономикалык кыйынчылыктар кысымына түшүп калган Россия Борбор Азия республикаларындагы саясий жана сакафий таасирин күндөн-күнгө колдон чыгарып барууда. Россиянын бүгүнкү күндөгү экономикалык абалы себептүү мурдагы колониялары үстүндөгү таасирин сактап калмак тургай, ички проблемаларын чечүүгө да кудуреттүү болбой калды. Ошол себептен улам орус бийлиги бул регионго жакшы көӊүл бурбай калды.
Россиянын мындай абалынан пайдаланган АКШ бул региондо саясий жана сакафий таасирин күчөтүүгө киришти. Белгилүү болгондой, Борбор Азияда Ислам дининин таасири өтө күчтүү о.э. регион калкынын 90 пайызынан көбүрөөгү мусулмандардан турат. Ошол себептен да АКШ Ислам дининин таасирин алсыратууга жана мусулмандарды эки тайпага бөлүп алуу менен алардын ортосунда душмандык пайда кылууга олуттуу аракет кыла баштады.
АКШ өзүнүн өлчөөсүнө ылайык келген мусулмандарды же куфр тарабынан коюлган тузакты көрө албастыктын натыйжасында анын айла-амалдарына ойноого ыраазы болгон мусулмандарды “муътадил” (умеренный) жана “салттуу исламчыга” бөлдү. Акыретин арзыбаган дүйнө матасына алмаштырууну каалабаган уламаларды жана куфр пландарына каршы аракет кылып, анын пландарын ашкерелеп жаткан исламий кыймылдарды “террорист”, “экстремист” жана “радикал”га чыгарып, мусулмандар арасында душмандык пайда кылуу планын иштеп чыкты.
АКШ бул пландарын көптөгөн жылдардан бери Жакынкы Чыгыш жана Араб Жарым аралында ишке ашырып келе жаткан эле. Бүгүнкү күнгө келип болсо Борбор Азия республикалары, айрыкча, бул республикалар арасында саясий жана экономикалык жактан эӊ алсызы болгон Кыргызстанда ишке ашыра баштады.
2015-жылдын февраль айында Вашингтондо болуп өткөн “Экстремизмге каршы күрөш” конференциясында сөз сүйлөгөн АКШ президенти Барак Обама исламий өлкөлөрдө Америка пландарын ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды сунуштаган эле.
Обама: “Муътадилдик жана тынчтык добушун бийик кылуу үчүн дагы да көбүрөөк күч жумшашыбыз керек, айрыкча социалдык тармактарда ушундай кылышыбыз керек. Ошол себептен улам Кошмо Штаттар Эмиратттар менен биргеликте диний жетекчилер үчүн бир минбарды пайда кылуу максатында алака борборун түзүүгө аракет кылат. Ал зомбулук жана террорго каршы туруу үчүн зарыл. Америка өкмөтүнө келсек, биздин ыктыярыбызда да алакалар бар. Америка өкмөтүнүн исламий жамааттарга жиберген өкүлү да маанилүү роль ойноп жатат…”, – деген эле.
Америка өкмөтү исламий өлкөлөрдө пландарын ишке ашыруу үчүн ар түрдүү фонд жана конференцияларды уюштуруу аркылуу мусулмандар зээнинде Ислам тууралуу ката пикир жана түшүнүктөрдү калыптандыруунү көздөгөн. АКШ тарабынан берилүүчү арзыбаган жардам акчаларынан үмүттөнгөн исламий өлкөлөрдөгү акимдер болсо бул жолдо коомдун арасында таасирге ээ болгон уламалардан жана мечит имамдарынан пайдаланууга аракет кылып жатышат.
Ушундай конференциялардын бири Жалал-Абад казыятынын демилгеси менен 23-апрель күнү “Салттуу Ислам дининин баалуулуктары” деген конференция болду.
Бул конференция Кыргызстан республикасынын Коргоо кеӊешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында уюштурулду.
“Бул конференциянын максаты диний экстремизмдин алдын алуу, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Ислам дининин баалуулуктарын тереӊ үйрөтүүдөн турат”, – деп айтылат Жалал-Абад облустук казыяты таркаткан кабарда.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан мусулмандары, айрыкча, диний уламалар үчүн дагы бир сыноо доору келе жатат. Бул сыноодон ыйманын жоготпой өтүп алуу үчүн болсо куфр пландарын көрө билүү, алардын жалганына алдырбастык жана аларга “Албетте, мен мусулмандарданмын!” деп ачык айтышыбыз керек болот.