Россияда муслималар Хизб-ут-Тахрирге мүчө деген айып менен камакка алынууда

347
0

2016-жылы 24-март күнү Татарстандын Альметьевск шаарында тогуз муслиманын үйү тинтүү кылынды. Алардын үчөөсү Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынып, Хизб-ут-Тахрирге мүчө деген айып менен изоляторго камап коюлду. Аларга Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 205,5-беренесинин 1,2-бөлүмдөрү (т.а. террористтик уюмда иш алып баруу) боюнча кылмыш иш ачылды. Эртеси күнү сот керектүү жаза-чара колдонуу жөнүндө өкүм чыгарды. Натыйжада, үч перзенттин энеси Ахметзянова Элеанора, эки перзенттин энеси Мухаметзянова Гулия жана үч перзенттин энеси Фаррахова Ирина үй камагына өкүм кылынды.

Муслималар камакка алынганда алардын перзенттери, алардын катарында, эмчектеги балдары үйдө калган… Чамасы, мындай кылмыштар террористтик аракетке байланышы бар экенин моюнга алдыруу үчүн энелерге карата басым катары пайдаланылып жаткан көрүнөт. Ислам жана мусулмандардын душманы болгон Кремлдин буйругу менен терроризмге каршы күрөшүп жаткандар таптакыр уятын жоготушту. Түпкүлүгүндө, орус бийлиги камакка алынган бул аялдардын терроризмге байланышы жок экенин абдан жакшы билет. Ошондуктан, Россия Хизб-ут-Тахрирден өч алып жаткан сыяктанат. Себеби, бул партия Сириядагы козголоңчуларды канкор режим менен сүйлөшпөгүлө, муну менен мубарек козголоңдо шейит болгон жүз миңдеген инсандын каны текке кетишине себеп болсоңор деп даъват кылууда. Башка сөз менен айтканда, Шам мусулмандарынын кайратын сындыра албаган Россия күчү эми өз өлкөсүндөгү алсыз муслималарга асылып жаткан көрүнөт.

Ушуга ылайык, Россия Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюм кылып көрсөтүүгө катуу аракет кылып келди. Арийне, бийлик Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн үйлөрүн тинтүү кылышына, камакка алышына о.э. кылмыш кодексинин эң оор беренелери менен айыптап, эркинен ажыратышына… коом кайдыгер болуп калган. Бирок, Россия Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюм деп эсептеген бирден-бир мамлекет бойдон калууда. Саясий туткундар тизмесине Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн ысымдары батпай кеткен. Ошого карабастан, Россияда да, башка мамлекеттерде да эч ким Хизб-ут-Тахрирдин террорчулук иш-аракеттерине аралашканын далилдебеген.

Биз массалык маалымат каражаттарына кайрылып, аларды адамдарга чындыкты жеткирүүгө, орус бийлиги Татарстандагы алсыз муслималарга карата жырткыч мамиледе болуп жатканын, аларга жалган айыптарды тиркеп, адилетсиз өкүмдөрдү чыгарып жатканын адамдарга жеткирүүгө о.э. Хизб туурасында калыс кабарларды таратууга чакырабыз.

Өзгөчө, исламий маалымат каражаттарына да кайрылып, алардан орус бийлиги мусулмандарды жек көрүшүн, бул жек көрүүсү калыс мусулман эркектерди репрессия кылуудан, эми, алардын аялдарын жана кыздарын репрессия кылууга үндөгөнүн Үммөткө жеткирүүсүн талап кылабыз.

Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга «Россиянын канга бөлөнгөн колдору алсыз таква пакиза муслима эже-карындаштарыбызга созулуп жатканына көңүл бургула» деп кайрылабыз. Исламий Үммөттөн ушуну талап кылабыз: муслима эже-карындаштарыбызга душмандык кылынышына сүкүт кылбай, аларды кылмышкерге чыгарууну токтотууну Россиядан талап кылгыла.

Сөзүбүздүн аягында Аллахка кайрылабыз: Аллахым, муслима эже-карындаштарыбызга жардам бер, сабыр жана кайрат бер, Үммөт душмандарынын жүрөгүнө коркуу салгын. Аллахым, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тезирээк тикелешибизге жардам бер, ушул мамлекет астында бүткүл дүйнөдөгү муслималары корголушуна жардам бер. Аллахым, Сенден муслима энелерибизге, эже-карындаштарыбызга азап-укубат жетишине себепчи болгондордун баарына катуу азабыңды жаадырышыңды сурайбыз.0hizb

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Расмий сайт: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here