Брюссель окуясы туурасында мусулмандардын көз караштары

303
0

Брюсселде 2016-жылы 22-мартта 31 адамдын өмүрүн алган бир нече жардыруулар жүз берди.

Албетте, катардагы бейкүнөө адамдардын каза болушу – чоң жоготуу. Ислам бейкүнөө инсандардын өлтүрүлүшүн – алар ким болушуна карабастан – каралайт. Себеби, Ислам мусулмандар менен кайрымусулмандардын өмүрүн бөлүп карабайт. Исламдын мындай абалдагы позициясы кээ бир саясатчылар жана маалымат каражаттарынын позициясынан айырмаланат. Анткени, мындай саясатчылар о.э. маалымат каражаттары Анкара жана Стамбулдагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө кайдыгер карашууда. О.э. алар канкор Башар эки жүз миңден ашуун адамды кыргын кылганына көз жумуп келишүүдө.

Өкүнүчтүүсү, биз Батыштагы түрдүү багыттагы саясатчылар жана маалымат каражаттары өзүлөрүнүн жеке саясий максаттарын ишке ашырууда ушул катардагы инсандардын өлүмүнөн пайдаланып жатышканын көрүп турабыз.

Алар мигранттарга, качкындарга жана Батышта жашаган мусулмандарга карата жек көрүүсүн көрсөтүшүүдө. Алар мусулмандардын мыйзамга баш ийишине карата күмөндөрдү, суроолорду козгоо жана калк арасында коркуу чөйрөсүн пайда кылуу үчүн Белгия чабуулдарынан пайдаланышууда.

Жакында Бириккен Королдуктагы айрым саясатчылар жоопкерсиз билдирүүлөрдү бергенин уктук. Алар кезектеги жардыруулар Британияны бута алышын, терроризм коркунучу болуп көрбөгөн чегине жеткенин айтышты. Мисалы, мурунку ички иштер министри Жон Рид Британиянын «Би-Би-Си» радиосуна берген интервьюсунда, террористтер Брюссель чабуулдарына окшогон чабуулдарды ишке ашыруу үчүн Бириккен Королдуктун коргоосун жарып кириши мүмкүндүгүн айтты.

Албетте, буга окшогон жоопкерсиз билдирүүлөр коомдук пикирди Ислам жана мусулмандарга каршы коюга алып келет, дагы да көбүрөөк исламий өлкөлөрдү бомбалоого жана басып алууга шылтоо болот.

Британия өкмөтүндөгүлөр да Брюсселде болуп өткөн окуялардан Исламга жана Британияда жашаган мусулмандар жамаатына чабуул кылуу үчүн шылтоо катары пайдаланышууда. Алар көптөгөн иш-чараларын зордоп тыгыштырып жатат. Мисалы «канчалык исламдашканына карай, коомго коркунуч туудуруу ыктымалың ошончолук күчөйт» деген маанидеги жалган үгүттөр аркылуу тыюу салуу саясаты жүргүзүлүп жатат, муну менен мусулмандарды Аллах Таала Куръан жана Сүннөттө белгилеген негизги исламий маселелерден баш тартууга мажбурлоо аракеттери жасалууда.

Алар бул сөздөрдү нафси-каалоосунан келип чыгып айтышууда, адамдарды Батыштын тышкы саясаты жана согуштары туурасында талкуулоодон чалгытмакчы болушууда. Негизи, Батыштын тышкы саясаты жана согуштары Ортоңку Чыгышта жана бүткүл исламий дүйнөдө башаламандыктын жүзөгө келишине себеп болду.

Өкүнүчтүүсү, бүгүн дүйнөдө Исламдын колдонулуп жатканын көрбөй жатабыз. Эгер, муну көргөнүбүздө, бүткүл дүйнөдөгү абал бүгүнкүдөн бүтүндөй башкача болмок.

Исламий дүйнө проблемаларынын чечими – рошид Халифалык, Расулуллах Aдын минхажы негизинде тикелене турган Ислам мамлекети. Ушул мамлекет гана бүткүл дүйнө коопсуздугун камсыздай алат, буга тарых жетиштүү күбө. Халифалык сахаба Gдар заманынан башталып, Усманийлер заманына чейин турганын эстейли, ошондон кийин гана кулатылды. Халифалыктын кулатылганына 100 жыл боло элек. Халифалык доорунда Ортоңку Чыгыш регионунда туруктуулук өкүм сүргөн, бул регион менен Батыштын ортосундагы мамиле мамлекеттер аралык алака көрүшүндө болгон о.э. Батыштын аскерий аралашуусу да, разведка аралашуусу да болбогон. Халифалык кулатылгандан тартып ушул күнгө чейин исламий дүйнө туруксуздуктан башы чыкпай калды. Ал тургай, Батыш Исламды жашообуздан четтетти, иштерибизге аралашып, өлкөлөрүбүздү бөлүп салды, ал жерлерге өзүнө малай режимдерди орнотту… Булардын баары регионго жана дүйнөгө туруксуздук, репрессия, кыргын жана ойрондулуктан башка нерсени алып келбеди. Буга Афганистан менен Ирак күбө. Бүгүнкү күндө Батыш мабдасы артка чегинип, идеологиясына карата ишеничсиздик пайда болгон күндө Батыш барган сайын зомбулук жолуна таяна баштады. Батыш мына ушундай жол менен өз көз карашын жана регионго болгон өкүмдарлыгын зордоп тыгыштырып жатат. Батыштын зомбулук жолуна таянышы мындай зомбулукту өз өлкөлөрүнө тартып кирүүсүнө алып барды.

Биз басымдарга моюн сунуп Батыштын тузагына түшүп калбашыбыз керек. Батыш саясий пландарын ишке ашыруу үчүн Батыштагы мусулмандарга басым өткөрүүдө. Батышта жашообузда учурап жаткан бардык проблемаларыбыздын – канчалык көп болбосун – чечими Исламда. Караңгылыкта жашап жаткан инсандарды нурга т.а. Исламга даъват кылышыбыз оңой болушу үчүн чечимди Исламдан алышыбыз керек.

Бул жердеги абал туруктуулукка карай өзгөрүшү үчүн оболу бүткүл исламий дүйнө нурга бөлөнүшү керек жана бул – Аллахтын уруксаты менен – шексиз жүзөгө чыгат. Себеби, айрым кимселердин арзуубузга каршы чыгышына карабастан, бул – Аллахтын убадасы.

{هو الذي أرسلَ رسولَهُ بالهدى ودينِ الحقِّ ليظهرَهُ على الدينِ كلِّهِ ولو كرهَ المشركون}

«Ал (Аллах) Расулун хидаят жана акыйкат дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерден үстөм кылуу үчүн жиберген Зат»   [61:9]

 

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                      

17-жумадус-саний, 1437-х.

 26-март, 2016-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here