Кайтаруу акдды батыл кылышына сахабалардын ижма кылышканы жөнүндөгү суроога жооп

293
0

Хизб-ут-Тахрир амири аалым, шейх Ато ибн Халил Абу Руштанын Фейсбук тармагындагы колдонуучулардын берген суроолоруна жооптору (фикхий)

(حمدي الحسيني) Хамдий Хусайнийдин кайтаруу акдды батыл кылышына сахабалардын ижма кылышканы жөнүндөгү суроосуна жооп

Суроо:

Кадырлуу аалым Ато ибн Халил Абу Рушта хафизахуллох, ассаламу алайкум ва рохматуллох.

«Исламий шахсия» китебинин 232-бетинде мындай деп келет:

«Сахаба Gдар да акддардын фасид жана батыл болушуна кайтарууну далил кылышкан. Ибн Умар Аллах Тааланын:

وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ

«Мушрик аялдарды никеңерге албагыла»  [2:221]

деген аятын мушрик аялдардын никеси фасид болушуна далил кылган жана аны эч ким инкар кылбаган. Муну менен бул нерсе ижма болуп калган». Суроом – барокаллоху фикум – ушул: далил т.а. аят анык көрсөтүп турган болсо, бул нерсе кантип ижма болушу мүмкүн? Вассаламу алайкум ва рохматуллох.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Сурооңузго жооп дагы да аныгыраак болушу үчүн, сиз сурап жаткан текстти толуп келтирмекчимин. Бул маселе «Иш-аракет жана акддардан кайтаруу» деген темада келген:

«Соода сатык, нике сыяктуу өкүмдөрү ифадаланган иш-аракет жана акддардан кайтаруу акддын өзүнө кайтат же башкасына кайтат. Эгер, иш-аракеттен да, акддан да башкасына кайтса – кудум жума күнү азан айтылган убакта соода-сатык кылуудан кайтарылгандай – анда, акдга да, иш-аракетке да таасир кылбайт т.а. аларды батыл жана фасид кылбайт. Эгер, кайтаруу иш-аракетке же акдга кайтса, шек-күмөнсүз, ал акдга да, иш-аракетке да таасир кылат жана аларды батыл же фасид кылат. Расулуллах Aдын ушул сөздөрү кайтаруу иш-аракетке таасир кылып, аны батыл же фасид кылышына далил болот:

«مَنْ عَمِلَ عَمَلاً لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

«Кимде-ким биз буйрубаган ишти кылса, анын иши рад кылынган». (Имам Муслим иштеп чыккан). Хадистеги «рад кылынган» (четке кагылган) сөзү «туура эмес, алгылыктуу эмес» деген маанини о.э. кайтарылган нерсе буйрулбаган иш экенин, ал динден эместигин түшүндүрөт. Рад кылынганы батылдык жана фасиддиктен башка нерсени түшүндүрбөйт. Сахаба Gдар да акддардын фасид жана батыл болушуна кайтарууну далил кылышкан. Ибн Умар Аллах Тааланын:

وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ

«Мушрик аялдарды никеңерге албагыла» [2:221]

деген аятын мушрик аялдардын никеси фасид болушуна далил кылган жана аны эч ким инкар кылбаган. Муну менен бул нерсе ижма болуп калган. Буга дагы бир далил: сахабалар сүткордук акды фасид т.а. батыл болушуна Аллах Тааланын:

وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا

«Сүткордук саркындыларын таштагыла»  [2:278]

деген аятын жана Расулуллах Aдын:

«لاَ تَبِيعُوا الذَّهَبَ بِالذَّهَبِ وَلاَ الْوَرِقَ بِالْوَرِقِ»

«Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө сатпагыла», (Муслим риваяты) деген сөздөрүн далил кылышкан. Булардын баары кайтаруу иш-аракетке таасир кылышына жана аны фасид же батылга чыгарышына далил. Бирок, кайтаруу таштоого буйруган катъий талап менен арамдыкты түшүндүрсө гана иш-аракетке таасир кылат. Ал эми, кайтаруу арамдыкты эмес, макрухтукту билдирсе иш-аракеттерге да, акддарга да таасир кылбайт. Себеби, таасир арамды түшүндүрүү жагынан келет. Иш-аракетти жана акдды арам кылуу аны батыл же фасид кылып коёт».

Ушул текстти үйрөнүү натыйжасында ушул нерсе айкын болуп жатат, бул темадагы ижма сахаба Gдардын ижмасы болуп, ал Аллах Тааланын:

وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ

«Мушрик аялдарды никеңерге албагыла»   [2:221]

деген аятындагы кайтаруу мушрик аялдын никеси акддын фасид жана батыл экенин билдирген ижма. Ибн Умар G мушрик аялдардын никеси батыл болушуна ушул аятты далил кылып келтирди. Муну сахабалардан бири да инкар кылбады. Бул болсо, сахабалар шаръий нусустардагы акд жана иш-аракет жөнүндөгү кайтаруу акддын же иш-аракеттин фасод болгонун түшүндүрөт деген пикирде болушканын түшүндүрөт. Бул болсо, аяттын түздөн-түз далалатынан башка нерсе. Ал эми, аят мушрик аялга үйлөнүүдөн кайтарылганын түздөн-түз көрсөтүп турат. Бирок, сахабалар буга кошумча, ушул аяттагы кайтаруу акддын фасиддигине т.а. батылдыгына далалат кылып жатканына ижма кылышты. Бул болсо, ижманын орду. Аят муну көрсөтүп өтпөгөн, муну ижма баян кылууда.

Келгиле, муну дагы да жакшыраак элестетүүңөр үчүн эки маселени көрсөтүп өтөйүн:

Биринчи: Бир киши сизден мушрик аялга үйлөнүү жайизби деп сураса, сиз жаиз эмес деп жооп бересиз. Ошондо мунун далили кандай деп сурайт, сиз болсо Аллах Тааланын:

وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ

«Мушрик аялдарды никеңерге албагыла»  [2:221]

аяты менен жооп бересиз.

Экинчи: Бир киши мушрик аялга үйлөнгөн болсо жана ал сизден ушундай бойдон кала береби, же эмне кыламын деп сураса, бир гана аят менен жооп беришиңиз жетиштүү болбойт. Сиз ага Аллах Субханаху:

وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ

«Мушрик аялдарды никеңерге албагыла» [2:221]

деп мындан кайтарган десеңиз, ал сизге мындан кийин эч качан буга окшогон ишти кылбашын айтат жана өзүнүн мушрик аялы туурасында сурайт… Ошондуктан, жооп толук болушу үчүн сиз ушул аят каримадагы кайтаруу акддын батылдыгын түшүндүрүшүнө ижма кылынган дешиңиз керек болот т.а. ага аялы экөөсү ортосундагы нике акды батыл болгонун, ушул себептен улам, акдды бузуу керектигин, себеби, ушул аяттагы кайтаруу акддын батылдыгын түшүндүрүшүнө ижма кылынганын айтасыз.

Көрүп турганыңардай, ушул аят кариманы айтып, анда кайтаруу бар экенин айтсаңыз, кийин ижма боюнча бул нерсе акддын батылдыгын түшүндүрүшүн кошумчаласаңыз гана жооп толук болот. Эгер, сахабалар ушул кайтаруу акддын батылдыгын түшүндүрөт деген ижмага келишпегенде, сиз ошол кишинин мушрик аялына карата эмне кылуу керектиги туурасындагы суроосуна жооп бере албай калат элеңиз.

Бул маселе ачык-айкын болду деп ойлоймун.

 

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here