Атамбаев жаӊы мыйзам долбооруна кол койду

366
0

 Кыргызстан парламентинин укук-тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети 16-марттагы отурумунда Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун макулдап, диний экстремизм жана терроризм айыбы менен эркинен ажыратылган адамдарды өзүнчө кармоого уруксат берген мыйзам долбоорун тастыктоо үчүн президентке жөнөткөн эле.

 Президент Алмазбек Атамбаев 18-апрель күнү бул мыйзам долбооруна кол койду. Эми Кыргызстан абактарында терроризм жана экстремизм айыбы менен жазасын өтөп жаткан мусулмандарды башка туткундардан бөлүп кармоо мыйзамдуу түскө кирди.

 Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстан абактарында 150дөй адам терроризм жана экстремизм айыбы менен жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Туркистон:

Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымы астында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп келүүдө. Россия өкмөтү кыргыз элитасынан коомдон исламий көрүнүш жана баалуулуктарды сүрүп чыгарууну талап кылып, бул жолдо өзүнөн өрнөк алууга мажбурлап келген эле. Бирок, бул жолдо кеӊири масштабдуу күрөш баштоо үчүн Кыргызстан өкмөтүндө материалдык жана техникалык база жетиштүү болбой жаткан. Мындан тышкары, эркинен ажыратылган “экстремист” жана “террористтердин” абактарда да ишмердүүлүгүн улантып жатканы о.э. уурулук, каракчылык жана адам өлтүрүү кылмыштары менен камалгандар камактардан чыныгы мусулман болуп чыгып жатканы да өкмөттүн долбоорлоруна тоскоолдук кылып жаткан.

Ошол себептен да Жаза аткаруу кызматынын демилгеси менен экстремизм жана терроризм беренелери боюнча эркинен ажыратылгандарды башка туткундардан бөлүп кармоо демилгеси көтөрүлүп, аларды кармоо үчүн Чүй областынын Сокулук районунда жайгашкан №19-абак атайын өзгөртүлө турган болгон. Өкмөт ушул мыйзамды ишке ашыруу жана мусулман туткундар үчүн даярдалган өзүнчө абакты жабдуу үчүн дагы ошол колонизатор мамлекеттердин садакасынан үмүттөнөт.

 Бул мамлекеттер болсо өкмөткө карыз жана гранттарды берүүнүн акысына Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү мындан да күчөтүүнү талап кылышат. “Жеген ооз уялат” дегендей, расмий өкмөт алардын ишенимин актоо жана дагы да көбүрөөк садака алуу үмүтүндө мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтөт. Натыйжада, мусулмандар менен өзүнүн ортосундагы жарака кеӊейишине о.э. карапайым калктын бийликке болгон ишеними жоголушуна өкмөттүн өзү себепкер болуп калат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here