Терроризм маселеси жана мындагы чыныгы айыптуулар

304
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты өзүнүн расмий сайттары аркылуу терроризм маселеси боюнча конференция уюштура тургандыгын жарыя кылды. Конференцияда негизинен террордун белгилери жана мазмуну, терроризмдин оор натыйжалары жана жоготуулар, террордук актылардын чыныгы айыпкерлери, ташталышы керек болгон кадамдар жана түпкү чечимдер талкуу кылынат.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты 2016-жыл, 22-апрелде Анкара шаарындагы “Кожо тепе” Маданий борборунда өтүүчү конференцияга бардык мусулмандарды чакырат.

“Террор маселеси жашообуздун так борборунда. Жарылган бомбалар, кыйрандыга айланган шаарлар, өлтүрүлгөн адамдар, үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болуп жаткан үй-бүлөлөр, булардын бардыгы биздин өлкөлөрүбүздө болуп жатат. Зулумга дуушар болгон да биздин элибиз. Террор эмне үчүн биздин жерлерибизде ишке ашырылып жатат жана эмне үчүн аягы көрүнбөй жатат деп бир ойлоп көрдүӊүзбү? Эмне үчүн Батыш мамлекетеринде (кээде гана өздөрүнүн колу менен ишке ашырылганын эсепке албаганда) террор жок да, биздин өлкөлөрүбүздө эч токтобой жатат? Террордун көрүнгөн жана көрүнбөгөн тараптары бар. Көрүнгөн тарабына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Биз сиздерге анын көзгө көрүнбөгөн тараптарын көрсөтмөкчүбүз. Айтылып жаткан жактарын эмес, айтылбай жаткан жактары жөнүндө сөз кылабыз. Дал ушундай максатта Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты “Терроризм маселеси, чыныгы айыптуулар жана негизги чечим” деген аталышта конференция уюштуруп жатабыз. Бул конференцияда сиз угууга үйрөнүп калган, бири-бирине окшош, текшерилип натыйжасы чыкпаган чечимдерди эмес, тескерисинче вакиъге туура келген, акыйкатка таянган жана натыйжалуу чечимдерди угасыздар. Ооба боордоштор, 22-апрелде өтүүчү конференцияга катышыӊыздар. Келгиле, жаныбызды кыйнаган, боордоштугубузду алыстаткан, бизди алсыз жана чарасыз абалга түшүргөн террор маселесин биргеликте чечели”, – деп айтылат видео кайрылууда.

Конференция убактысы: 04/22/2016 – Жума

Саат: Стамбул убактысы менен 20.00

Дарек: Кожо тепе маданий борбору, Анкара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here