Депутаттык комиссия өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун киргизди

359
0

“Sputnik” сайтынын кабар беришинче, Балыкчы-Корумду  жолун реконструкциялоо үчүн өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгат. Бул тууралуу аталган депутаттык комиссиянын мүчөсү “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев билдирген.

 Анын айтымында, комиссия 9-апрель күнү жыйын өткөрүп, бир нече токтомдорду кабыл алды.

 “Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени келерки жумада парламенттин кароосуна алып чыгабыз. Бул иште тендерди өткөрүү боюнча регламент бузулуп,ал Транспорт жана коммуникация министринин катышуусусуз өткөрүлгөн. Бул мыйзамга туура келбейт”,- деди Тиллаев.

 О.э. бардык документтер УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүп бериле тургандыгын билдирди.

 Туркистон:

Кыргызстанда жыл сайын премьер-министр алмаштыруу “салты” быйыл да бузулбайт окшойт. 2015-жылдын май айында премьер-министрлик кызматына келген Темир Сариевдин да – өзүнө тапшырылган ишти өтөп болгондон кийин – отставкага кетиши анык болуп турат. Кыргызстан “эгемендүүлүккө” жетишкен 25 жылдын ичинде 26 премьер-министр алмашты. Темир Сариев 27-премьер-министр болчу.

 Россиянын каалоосу менен өкмөт башчылыкка келген Темир Сариев элдин кызыкчылыгына тескери болушуна карабастан жана мамлекет буга даяр болбосо да Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирди. Бул биримдик президент жана өкмөт күткөндөй натыйжа бербестен, элдин жашоосу күндөн-күнгө начарлап бара жатат. Ошондуктан, расмий бийлик адаттагыдай эле айыптуу адамды издей баштады. Адат боюнча, андай адам – премьер-министр болот. Мурдагы премьер-министрлер да мамлекет башчылардын бирер катасын жаап-жашыруу үчүн “курмандыкка чалынган” болушса да, кызматтан кеткенден кийин дагы башка бир кызмат менен сыйланышып, ошону менен бийликтин айыптары жабылып кала берген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here