Азербайжан Тоолуу Карабактагы аскерий аракеттерин бир тараптуу токтотту

379
0

 РИА “Новости” агентигинин кабар беришинче, Азербайжан тарап Тоолуу Карабакта жүз берген ок атышууларды бир тараптуу токтотту.

 Бул тууралуу Азербайжан коргоо министрлигининин басма сөз кызматынын жетекчиси Вагиф Дяргахли билдирген.

 Ал: “Эл аралык коомчулуктун сунушун эске алуу менен Азербайжан өкмөтү аскердик аракеттерди бир тараптуу токтотуу чечимин кабыл алды жана жакынкы убакта бул жерден чыгып кетет”, – деди.

 Анын айтымында, “Эгерде Армения тарап аскерий аракеттерин токтотпосо, анда Азербайжандын жообу катуу болот”.

Туркистон: 

Тоолуу Карабак – бул СССР доорунда пайда кылынып, бүгүнкү күнгө чейин чечимин таба албай келе жаткан талаштуу аймактардын бири. Ал Азербайжандын аймагында жайгашканы менен калкынын көпчүлүгү армян улутунан турган аймак болуп, Россия кудум ушул абалдан пайдаланып улутчулдук согушун чыгарган эле.

Бул аймак талашуу жаӊжалы да Кыргызстанда 90-жылдары жүз берген кыргыз-өзбек согушу учурунда башталган. Россия СССРдин мураскору болуп калуу үчүн о.э. бөлүнүп бара жаткан мамлекеттерди өзүнө муктаж абалда кармап калуу үчүн бир катар проблемалуу аймактарды пайда кылып койду. Андан соӊ Абхазия проблемасын пайда кылды, ал өзү үчүн ыңгайлуу учурда ушул региондордо жикчилдик согуштарын пайда кылып, өзүнө керек болгон учурда өзү ортомчулук кылуу менен аны убактылуу токтото алат. Бул ыкма колонизатор мамлекеттердин арасында кеӊири жайылган ыкма болуп, мисалы АКШ күрт улутунан пайдалануу менен Иран, Түркия, Ирак мамлекеттеринде улуттук проблемаларды пайда кылып, аны ушул абалында кармап турат. Ал аталган мамлекеттерди өзүнүн таасири астында кармап туруу үчүн ушул абалдан пайдаланып келет.

Азербайжан менен Армения согушун да, албетте ушул ири мамлекеттер – бири-биринин кызыкчылыктарына зыян жеткирүү максатында, же тартып алуу максатында, же экөө кызматташтыкта бирер жалпы кызыкчылыктарды көздөп – ишке ашырган болушу мүмкүн. Себеби, эки тарап теӊ согуштун башталышында бири-бирин айыптап жатышат. Согуш башталышынан мурда, алардын дипломатиялык же башка иштеринде кескиндик сезилген эмес. Бул аскерий провокацияга окшогон ыкмада башка күч тараптан ишке ашырылган чагымчыл операцияга окшойт.

31-март күнү Илхам Алиев Вашингтондо Ж. Керри менен жолугушту. Андан соӊ, АКШ мамлекеттик депортаментинин расмий өкүлү Джон Кирби, “АКШ Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнүн тарапкери т.а. Тоолуу Карабакты да кошуп алышынын тарапкери” деген мааниде билдирүү берди. Демек, АКШ Анкарадагы жардыруу ишинен эки күн мурда кабардар болгону сыяктуу эле, Карабактагы согуш башталышынан да кабардар болгон. Бул согушка Россия провокация кылды деген күмөн күчтүүрөөк болсо да,  бирок, АКШ да мындан кабардар окшойт.

Жалпысынан алганда, акыркы кездерде кээ бир аймактык фитнакечтик операцияларын АКШ менен Россия биргеликте уюштуруп жатышкандай. Бул нерсе Россиянын АКШга атаандаш болуу мүмкүнчүлүктөрү жоголуп бара жатканын билдирет. Бул болсо, “Россия АКШ үчүн киллер, же кол астындагы агрессор кызматына жалданган жашыруун өнөктөш” деген күмөндү күчөтөт. АКШ Россия менен Түркияны эки фронтто иш алып бара турган жасалма атаандаштар кылып иштете баштады. Буга чейин Россиянын ордунда Иран иштеп жаткан эле. Эми Иран Түркия менен да Россия менен да өнөктөш мамлекетке айланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here