Вашингтондо ядролук коопсуздук боюнча саммит аяктады. Саммит 52 мамлекеттин башчылары о.э. БУУ, Европа Союзу, ИНТЕРПОЛ жана МАГАТЭнин катышуусунда болуп өттү. Бирок, саммитке Россия менен Пакистан катышпады.
Ак үйдө уюштурулган сый тамактан кийин Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган менен АКШ президенти Барак Обама ортосунда расмий эмес жолугушуу болуп өттү жана бул жолугушуу 50 мүнөттөй убакытка созулду. Жолугушууда АКШ-Түркия ортосундагы кызматташтык, аймактык туруктуулук жана “терроризм”ге каршы күрөш сыяктуу маселелер талкууланган.
Саммиттин экинчи күнү болсо, ядролук коопсуздукту бекемдөө жаатында улуттук аракеттер жыйыны менен башталды. Обама өзү башчылык кылып жаткан жыйында, “анык” ташталган кадамдар себептүү дүйнөдө ядролук терроризм коркунучу азайгандыгын айтып өттү.
Саммиттен кийин жарыя кылынган тыянакта, ядролук коркунучтар эл аралык система үчүн дагы деле эң негизги коркунучтардан болгондуктан, бул коркунучка каршы биргеликте күрөшүү зарыл экендиги баса белгиленди. Ядролук куралсыздануу жана атомдук энергиядан тынчтык максаттарда пайдалануу керектигине ишара кылынган билдирүүдө, глобалдык ядролук коопсуздук архитектурасында Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин (МАГАТЭнин) ролу маанилүү экендигине басым жасалды.
Ядролук коопсуздук саммитинин алкагында болуп өткөн Ядролук өнөржай саммитинде Түркия баш болгон 16 мамлекетке “Тынчтык Атомдору” сыйлыгы тапшырылды. Түркияга тиешелүү сыйлык энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайракка тапшырылды.