Аксыда митинг болуп өттү

348
0

Бүгүн Аксы районунда митинг болуп өттү. Таӊ калычтуу жери, Өзбекстан аскерлерин талаштуу аймактан кууп чыгуу максатында чогулган бул митингчилер, Путинге проблеманы чечип берүүнү суранган кайрылуу жолдошту.

Туркистон:

Ташиев башчылык кылган бул митингдин максаты түшүнүксүз болуп аяктады. Алар – кудум иш жүзүндөгү өкмөт сыяктуу – Россиядан жардам сурап жатышат. Акыйкатта болсо, ушул эле күнү Атамбаев да Москвада Өзбекстандын баскынчылыгына каршы  ЖККУнун кезектен тышкары жыйынын чакыртып отурган эле. Т.а. экөө тең Россиядан жардам сурап жатып, митингде Атамбаев кетсин” деген сөздөр жаӊырып турду. Булар азыркы өкмөт аткара албай жаткан башка бирер чараны сунуштай алышпады. Экөө теӊ Россиядан жардам сурап жатат.

Кыргызстанда оппозициялык күчтөр да бир нече бөлүктөргө бөлүнүп барууда.

1) АКШчыл күчтөр: Булар Кыргызстанда Грузия сыяктуу түстүү революциянын тарапкерлери. Алар идеологиялык аракет болушпаса да, Батыш дүйнө карашы негизиндеги жашоо образын алып келүүнүн тарапкерлери. Булардын аракеттери Россия кызыкчылыктарына бүтүндөй тескери болуп, бийликти, башкаруу системасын түптөн өзгөртүүнү каалашат. Алар бийликти колго алышса, Кыргызстанды Батышка көз каранды кылып, аны менен бир багытта жүрүүчү мамлекетке айландырууга аракет кылышат. Бул нерсе албетте Украина сценарийин да кайталап калышы мүмкүн.

2)Россиячыл күчтөр: Бул оппозициялык күчтөр жогорудагылардан бүтүндөй айырмаланат. Алар учурдагы системаны бүтүндөй өзгөртүүнүн тарапкери эмес. Бул топтун тарапкерлери Акаевди жана Бакиевди кууп жиберишип, ордун ээлеп келе жаткан өзгөргүс элитанын өкүлдөрү. Алар болгону креслолорду гана башка чиновниктер менен алмаштырып алмакчы болушат. Иш жүргүзүү системалары дээрлик өзгөрбөйт. Аларды революционерлер деп эмес, “жетекчиликти алмаштыруу максатында аракет кылып жаткан күчтөр” деп атасак туура болот. Учурдагы бийликти да андан мурункуларды да кудум ушул топтогу жасалма революционерлер деп атоого болот.  

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here