Сирияда келишимден кийин эмне болот?

252
0

 Сирияда келишимден кийин эмне болот?

Аллахтын тандалма өлкөсүндөгү Ислам калкынын моюн сунушу акылга туура келеби?

Асъад Мансур калемине таандык

Сөзүмдү пенделер Роббисинин төмөнкү эң жакшы сөздөрү менен баштаймын:

مَّا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلاَ الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ

«Ахли китептерден болгон кафирлер да, мушриктер да силерге Роббиӊер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн каалашпайт»  [2:105]

لاَ يَأْلُونَكُمْ خَبَالاً وَدُّواْ مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاء مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الآيَاتِ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ

«Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аяшпайт жана жаман абалга түшүшүңөрдү арзуу кылышат. Алардын силерди жаман көрүүлөрү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоңураак, эгер акыл жүргүзсөңөр, силер үчүн аяттарды ачык-айкын кылып бердик» [3:118]

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إِن تُطِيعُواْ الَّذِينَ كَفَرُواْ يَرُدُّوكُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ فَتَنقَلِبُواْ خَاسِرِينَ

«Эй момундар, эгер кафирлерге моюн сунсаңар, алар силерди аркаңаргауфрга) кайтарат. Анан, зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар»  [3:149]

Эй Шам калкы!

Эгерде силер канкор режим менен сүйлөшүүгө чакырып жаткан, кафирлер пайда кылган келишимге ушул аяттарга негизделип назар таштасаӊар эч качан адашпайсыӊар.

بَلِ اللَّهُ مَوْلاَكُمْ وَهُوَ خَيْرُ النَّاصِرِينَ

«Жок, Аллах досуӊар жана Ал эң жакшы жардамчы» [3:150]

Бүгүн куфр мамлекеттери Шамда Үммөт козголоңун жок кылууга келишип алышты. Алар жарыя кылган ок атууну токтотуу келишими момундарга кыпындай жакшылык алып келбеди, тескерисинче, бөлүнүп жарылуу жана оор машакат алып келди. Алар тогутка каршы козголуу менен мусулмандар жетишкен утуштар колдон чыгарылышын, мусулмандардын кыйынчылыкта калып үмүтсүздүккө түшүүсүн, аларга моюн сунушун, ушул мамлекеттердин каалоосуна ыраазы болушун көздөп жатышат.

Алар Шам козголоңун жок кылууга келишип алуу менен бир катарда, өз ара таасир талашууда жана ээ боло турган кызыкчылыктар үстүндө күрөшүп жатышат. Мисалы, Америка өзүнүн Сириядагы таасирин жана малайы Башарды сактап калууда орус «аюусунан» пайдаланды. Себеби, ал Россия мусулмандарга чабуул кылуу менен ал жердеги таасирин жоготконун, эми аны кайрадан тикелей албастыгын, эч кандай союздаш таба албастыгын түшүнүп турат жана кооптонбой жатат. Ошондуктан, Сирия маселесин өзү менен Россия ортосуна эле чектеп, Европаны алыстатууга аракет кылууда. Себеби, Америка Европанын региондо илгертеден тамыры тереӊ экендигинен о.э. малайларды пайда кылууга кудуреттүү экендигинен кооптонуп жатат. Европа түздөн-түз Сирия калкына чабуул кылбай, Башар Асаддын кетишин талап кылып, ушул аркылуу аларга жардам берип жаткан о.э. качкындарды кабыл алып жаткан дос болуп көрүнүүдө.

Ошондуктан, айрыкча Британиянын Европа Союзунда калышы маселеси чечилгенден кийин, Европанын Франция, Италия жана Германиядан турган үч мамлекети Америка-Россия союзуна каршы борборду түзүү үчүн аракетке келди. Натыйжада, Парижде ушул жылдын 3-4-февраль күндөрү бул үч мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жыйыны менен бир катарда мамлекет башчылардын жолугушуусу да болуп өттү. О.э. бул конференциялар менен бир катарда Италия премьер-министри Россия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Франция булактарында айтылышынча: «Үч борбор – Париж, Лондон жана Берлин Сирия майданында белгилүү болуп турган ок атууну токтотууга жетишүү маселесине карата бекем ортоктош позицияга жетишүүгө убадалашкан. Россия менен Сирия режими болсо бул борборлорду урматтабай жатат. Эми бул борборлор Путин менен ушул маселеге кайрадан кайрылбай турган көрүнүштө чекит коюуга токтом кылды». «Сирияда ок атууну токтотууга тиешелүү Вашингтон-Москва ортосундагы келишимдин бузулуп жатканына карата Американын кайдыгерлигинен европалыктар тынчсызданууда». Ал тургай, алар Американын аларды жекелеп, маселени өзү менен Россия ортосуна чектеп жатканынан кабатырда. Ошол себептен улам, европалыктар келишимдин бузулушу темасын көтөрүүгө астейдил киришип, буга карата Американын кайдыгерлигине нааразылык билдиришти о.э. Европага агылып келе жаткан качкындар темасын козгошту жана Башар Асадсыз өткөөл мезгил талап кыла башташты. Андан соӊ, европалыктар Саудиянын мураскор шахзадасы Ибн Найф, тышкы иштер министри Жубайр, Сирия оппозицииясынын өкүлү Хижаб сыяктуулардан ушул темаларды көтөрүүнү жана ушул тууралуу сөз кылууну талап кылышты. Натыйжада, ушул талаптан кийин Жубайр «Сирияда Башарга орун жок» деген сөздөрдү айтты. Булардын бардыгы, Европанын Сирия маселесинде активдүү рол ойноо максатындагы о.э. эл аралык позицияда өз таасирине ээ болуу максатындагы аракеттери болуп эсептелет.

Франция жана Британия жетекчилери жолугушуп «Сирия Башар Асадга орун болбой турган өткөөл мезгилге муктаж» экенин айтышты. Буга раддия катары Америка малайы, БУУнун Сириядагы өкүлү де Мистура «Президент Башар Асаддын келечеги сириялыктардын колунда, бул нерсе алдын ала белгиленбеши керек» деди. Бул нерсе, Америка Сирия оппозициясы менен Сирия режими ортосундагы сүйлөшүү Асаддын тагдыры жөнүндө сөз кылынбаган абалда уланышын каалай тургандыгын түшүндүрүп турат. Ал Асаддын тагдырына чечим бериши үчүн алгач оппозиция чегинүүгө өтүшү, анын буйруктарын аткарууга ыраазы болушу керек, ок атууну токтотууга жетишилгени өз тастыгын таап, козголоң оту өчүшү, анын назарында террористтер деп эсептелип жаткан башка козголоңчулар жок кылынып, майдан         Америка таасирине болгон ар кандай коркунучтан тазаланышы керек. Мына ошондо гана Америка өз малайы Башар Асаддын тагдыры жөнүндө ойлонуп көрөт.

Американын буларды ишке ашырууга толук көзү жетпей жатат. Ошол себептен улам, президент Обама 2016-жыл, 25-февралда «Сирияда ок атууну токтотуу боюнча келишимдерде кайдыгерлик кылуудан эскертти, эгерде Сирияда бирер утушка жетишилсе, бул утуш саясий операцияга алып барышы мүмкүн экендигин, себеби, ал жерде беш жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатканын» баса белгиледи. Ошондуктан, бул мамлекет өз малайынын тагдырын азыр талкуулоо менен дагы бир ирет ката кетиргиси келбей жатат. 2016-жыл, 24-февралда Американын тышкы иштер министри Жон Керри: «Бизде Россия менен ылайыкташтырылган операция бар жана биз ок атууну токтотуу келишими ийгиликтүү болушун камсыздоого милдеттүүбүз. Алдыбызда өтө оор күндөр турат. Биз бул күндөрдө Сирияны кыйратып жаткан ички согуштар жана кан төгүүлөргө чек коё алышыбыз керек. Дипломатиялык жол болсо, “Ислам Мамлекети” уюму жана Жабхатун Нусра сыяктуу террористтик жамааттарды жок кылуу, тараптарды сүйлөшүү столуна отургузуу үчүн жападан-жалгыз жол», – деди. Демек, Асаддын тагдыры темасы ок атууну токтотуу толук ишке ашырылып, чегинүүчү оппозиционерлер сүйлөшүүгө отурганга чейин убактылуу кечиктирилип жатат. Кокустан бул нерсе ишке ашпай кала турган болсо, бул жаатта Керри «эгерде сүйлөшүү ийгиликтүү чыкпай калса колдонуу үчүн белгилүү бир альтернативдүү планды талкуу кылып жатабыз» деп коркуткан мааниде билдирүү берди жана муну план «б» деп атады. Ушул план туурасында Америкада чыгуучу «Уолл-стрит» гезити «Бул пландын артында коргоо министри Картер, башкы штаб башчысы Данфорд, разведка башчысы Бреннан турганын о.э. ушул план Американы Сирияда кеӊири масштабдуу согушка тартышын» келтирди. Бул болсо, Америка Жабхатун Нусра сыяктуу ок атууну токтотууга ыраазы болбой жаткан жана сүйлөшүүгө отурбай жаткан жамааттарга каршы кеңири масштабдуу авиа соккуларын ишке ашырышы мүмкүндүгүн түшүндүрөт. О.э. аз сандуу жөө аскерлери менен региондогу күчтөргө жетекчилик кылуу операциясын да алып барышы божомол кылынат. Мисалы, Курдистан Демократиялык Союзу партиясындагы малайларына ушул партия көзөмөлүндөгү аймакта жайгашкан базада 50 америкалык аскер жетекчилик кылып жатканы сыяктуу. Саудия өз кожоюнунун буйруктарын ишке ашырууга даяр экендигин жарыя кылып, 2016-жыл, 9-февралда тышкы иштер министри Жубайр «Кургактыкта операция алып баруу пикири Вашингтондон чыкты, 65 мамлекетти өз ичине алуучу коалиция мүчөлөрүнүн Америка жетегиндеги операцияда катышуусу божомол кылынууда», – деди. Буга Түркия да дайым даяр. Себеби, ал аскерий аралашууну талап кылып келүүдө. Мисалы, 2016-жыл, 19-февралда Түркия президенти Эрдогандын Обама менен болгон маегинде «эки мамлекеттин ок атууну токтотуу боюнча Мюнхен келишимин колдоп-кубатташы… бул мамлекеттердин максаты ИШИМге каршы согушта ортоктош экендиги» айтылды. Башкача сөз менен айта турган болсок, Америка жетегинде кургактык аркылуу аскерий операция өткөрүлүшүнө Түркия да, Саудия да дайым даяр болуп турат.

Алар өтө сейрек учуоочу болуп эсептелген, а бирок, аӊ сезимдүү адамды адаштыра албай турган айла-амалды иштетип жатышат. Т.а. өздөрү “террористтер” деп эсептеп жаткан жамааттарды ок атууну токтотуудан истисна кылышты. А бирок, мына ушул терроризм шылтоосунда эч кимди истисна кылбастан, ал тургай ок атууну токтотууга көнүп, ага ыраазы болгондорго да сокку бере турган болушту. Ошондуктан, орустардын авиа соккулары жана режимдин чабуулдары токтобой уланууда. Мисалы, 2016-жыл, 5-март күнү Жайшул Исламдын маалымат катчысы Аллуш «Режимдин ок атууну токтотуу келишимин бузушу аларды жаңы аймактарды ээлеп алууга мажбур кылганын, өтө маанилүү стратегиялык аймактарды басып алышканын» билдирди. Андан кийин кордук менен чегинип мындай деди: «А бирок, келишим ишке ашса, согуш машинасы кыйратмакчы болгон коомду кайрадан тикелейбиз». Бул сөзү менен Аллуштун өзү кулап түштү, режимди кулатуу жана Ислам менен башкаруу жөнүндө бир ооз сөз айтпады, тескерисинче сөздү айлантуу менен кафирлерди ыраазы кылды!

Президент Обама ок атууну токтотууга жетишүүдө ийгиликсиздикке дуушар болуудан чочулап жатканын билдирди. Тышкы иштер министри ийгиликсиздик жүз берген учурда план «б» даяр экендигин айтып коркутту. Саудия жана Түркиядагы малайлары эгерде алардан талап кылынса, кургактык операциясын өткөрүүгө даяр экендигин айтышты. Бул болсо, алардын тил бириктирүүлөрүн Сирия калкы четке кагып жатканын билдирет. Муну федерация кеңешинин эл аралык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Косачевдун 2016-жыл, 2-марттагы: «Сириядагы ок атууну токтотуу келишими эки тоскоолдукка дуушар болду, бири Сирия ичкерисиндеги тоскоолдук, экинчиси тышкарысындагы тоскоолдук, экинчи тоскоолдук – бул Кошмо Штаттар ичкерисинен ушул келишимге каршылыктар болууда», – деген сөзү да тастыктап турат. Бул сөзү менен ал америкалык аскерийлер даярдап жаткан план «б»га ишара кылууда. Демек, Косачевдун айтымында, алар экинчи тоскоолдукқа даярдык көрүп жатышат, биринчи тоскоолдукту жок кылууга даярдык көрүп жатышат т.а. Косачев ишара кылгандай, жамааттык көрүнүштө келишимди четке кагып жаткан Сирия калкын жок кылууну пландаштырып жатышат.

Сирия калкы Аллахтын тандалма өлкөсүнүн калкы. Алар коркуу дубалын кулатып, өтө эле көп курмандыктарды беришти. Кордуктан өлүмдү абзел көрүштү, коомчулуктун пикири жогорку даражага жетти. Алар козголоң Аллах үчүн экендигин, жетекчиси Мухаммад A экендигин ачык айтышты, арасында сабаттуу адал инсандар өтө көп, чегинүүчү кимселер болсо өтө аз. Алардын арасында, алар менен биргеликте Хизб ут-Тахрир бар. Пикирий жана саясий аӊ-сезими ушунчалык жогорку деӊгээлдеги ушул Хизб аларга туура багытты көрсөтүп, бекемдикке, сабырдуулукка чакырууда, аларга каршы токулуп жаткан фитналарды көрсөтүп берүүдө. Чындыгында, бул Хизб аларды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө жана Расулуллах Aдын роясын бийик көтөрүүгө канааттандырды. Ушундай болгон соӊ, Аллахтын тандалма өлкөсүндөгү калктын моюн сунушу, илманий режим жана Америка таасиринин калышына ыраазы болушу акылга туура келеби? Аллахтын уруксаты менен, бул эч бир акылга туура келбей турган иш.

Роя гезитинин 2016-жыл, 9-марттагы 68-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here