Израиль Түркияга ыраазылык билдирди

288
0

Түркиянын Стамбул шаарындагы акыркы жардыруу жүз бергенден кийин Израилдин тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Доре Голд Стамбулга келди. Жарылуунун натыйжасында израилдик 3 адам өлүп, 11 адам жарадар болгон эле. Голд Израиль тарабынан чабуулга учураган Мавий Мармара окуясынан кийин Түркияга келген биринчи Израиль жооптуусу болду.

АКШга кылган сапарын жарымында токтотуп Стамбулга келген Доре Голд Түркия тышкы иштер министри Фаридун Синирлиоглу менен жолугушту. Израиль жооптуусу Түркия жооптууларынын Израиль менен кызматташтыкты улантып жатканына ыраазылык билдирди. Жолугушуу учурунда террорго каршы күрөштө эки мамлекеттин жалпы позициясы бирдей экендигине басым жасалды.

Ошол эле учурда Израилге караштуу дипломатиялык булактар, Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглунун Израиль премьер-министри Бенямин Нетаняхуга жолдогон көӊүл айтуусунан яхудий өкмөтү аябай ыраазы экендигин билдиришти. Давутоглу жардырууда өлгөн израилдиктер үчүн Израиль премьер-министрине көӊүл айткан билдирүү жөнөткөн эле. Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган да Түркиядагы яхудийлер раввини Исак Халева жана Түркиядагы яхудийлер жамаатынын жетекчиси Исхак Иброхимзадага телефон чалып, көӊүл айткан.  Израилге караштуу дипломатиялык булактардын баса белгилешинче, мындай окуялардан кийин да уланган кызматташтык эки тараптын ортосундагы ишеним туйгусун күчөтөт.

“Биз бул окуядан кийин түрк расмийлери менен болгон кызматташтыгыбызда алардын жакшы ниетте экендигин көрдүк. Мындан албетте өз ара алакаларыбызды жогорку деӊгээлге көтөрүү үчүн пайдаланууга болот”, – деди Израиль булактары.

Ал эми, Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты мындай окуялардан кутулуунун бирден-бир жолу АКШ, Британия, Франция, Россия жана Израиль сыяктуу террорчу мамлекеттер менен алаканы үзүү экендигин тынымсыз кайталап келет. Анын баса белгилешинче, бул мамлекеттердин жасалма достугуна ишенүүгө болбойт. Алардын элчиканалары тезинен жабылып, өздөрү өлкөдөн кууп чыгарылышы керек. Акимдер АКШ жана Батыш мамлекеттерине эмес, Аллахка жакындашууга умтулушу о.э. демократияга эмес, шариятка кучак жайышы керек. Антпесе, мындай жардыруулар жана кан төгүүүлөр токтобойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here