Кыргызстан парламенти дагы бир мыйзам долбоорун тастыктады

293
0

 Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымы астында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп келүүдө. Россия өкмөтү кыргыз элитасынан коомдон исламий көрүнүш жана баалуулуктарды сүрүп чыгарууну талап кылып, бул жолдо өзүнөн өрнөк алууга мажбурлап келген эле. Бирок, бул жолдо кеӊири масштабдуу күрөш баштоо үчүн Кыргызстан өкмөтүндө материалдык жана техникалык база жетиштүү болбой жаткан. Мындан тышкары, эркинен ажыратылган “экстремист” жана “террористтердин” абактарда да ишмердүүлүгүн улантып жатканы о.э. уурулук, каракчылык жана адам өлтүрүү кылмыштары менен камалгандар камактардан чыныгы мусулман болуп чыгып жатканы да өкмөттүн долбоорлоруна тоскоолдук кылып жаткан эле.

Ошол себептен да Жаза аткаруу кызматынын демилгеси менен экстремизм жана терроризм беренелери боюнча эркинен ажыратылгандарды башка туткундардан бөлүп кармоо демилгеси көтөрүлүп, аларды кармоо үчүн Чүй областынын Сокулук районунда жайгашкан №19-абак атайын өзгөртүлө турган болду.

 Кыргызстан парламентинин укук-тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети 16-марттагы жыйынында Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун макулдады о.э. диний экстремизм жана терроризм айыбы менен эркинен ажыратылган туткундарды өзүнчө кармоого уруксат берди.

Жаңы кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, адамдарды күрөөгө алуу, мыйзамсыз куралдуу топ түзүү, коомдук же мамлекеттик жетекчилерди өлтүрүү, улуттук, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу жана экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо беренелери менен айыпталгандар да өзүнчө кармалат.

Мындан тышкары, диний мазмундагы материалдарды даярдоо, сактоо, таркатуу жана аларды алып кирүү о.э. атайылап экстремисттик уюмдардын символ жана белгилеринен (атрибуттарынан) пайдалануу айыбы менен соттолгондорду да өзүнчө кармоо сунушталууда.

Кыргызстан бийлиги мына ушундай баскычма-баскыч кадам таштоо аркылуу коомчулуктун ичинде Ислам даъваты жайылышынын алдын алууга аракет кылып келет. Бул мыйзам долбоору тастыкталышынан бир аз мурда, Жогорку Кеӊештин депутаты  Кыянбек Сатыбалдиев экстремизм жана терроризм боюнча жарандарды 14 жашынан баштап жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштап, бул мыйзам долбоорун КСДП фракциясы 11-марттагы жыйынында тастыктаган эле. Эгерде бул мыйзам долбоорун парламент да тастыктай турган болсо, 14 жашка чыккан бардык жарандарды эстремизм жана терроризм боюнча жазага тартуу мүмкүн болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here