Бангладеш бийлиги Исламдан баш тартканы жатат

384
0

 Бангладеш Ислам дини мамлекеттин расмий дини болушунан баш тартышы мүмкүн.

Мамлекеттин Жогорку соту расмий дин катары Исламга каршы чыгып жаткан аракеттерди угууну баштады. Бул нерсе индустар, насронийлер сыяктуу башка дин өкүлдөрүнө же азчылык шиаларга каршы бир катар чабуулдар ишке ашырылып, бул чабуулдардын артында исламий экстремисттер турганы дааба кылынгандан кийин жүз берип жатат.

1971-жылы Бангладеш Пакистандан бөлүнүп чыккандан кийин “светтик мамлекет” деп жарыя кылынды. Бирок, 1988-жылы конституцияга өзгөртүү киргизилип, “мамлекеттин расмий дини – Ислам” деп жарыя кылынды. Бүгүн болсо, ошол өзгөртүү мыйзамдуу же мыйзамсыз болгону туурасында сотто талаш-тартыш жүрүп жатат, диний азчылыктын жетекчилери анын мыйзамдуулугун колдоп-кубаттап жатышат. Ушундай бир учурда Кошмо Штаттар да “Ислам Мамлекети” уюму Бангладеште күчөп бара  жатканынан эскертүүдө. Бирок, өкмөт терроризмге тиешелүү проблемалар булагы өлкөнүн ичкерисинде гана болуп жатканын баса белгилеп жатат. Жеймс Клеппердин Америка конгрессине берген жазуу түрүндөгү күбөлүгүндө айтылышынча, чет өлкөлүктөргө жана диний азчылыкка каршы ишке ашырылган он бир чабуулду “Ислам Мамлекети” уюму мойнуна алган, Бангладештеги Ансоруллах жамааты менен Индия жарым аралындагы ал-Каида уюму Бангладештин өзүндө эле 2013-жылдан бери он бир ирет жазуучу жана блогерлердин өмүрүнө кол салуу жоопкерчилигин мойнуна алган.

Бангладеште 2014-жылы январдагы шайлоолорго даярдыктар башталгандан бери саясий туруксуздук уланууда. Бул шайлоолор оппозициялык партиялар тарабынан бойкот кылынган эле. Мындан тышкары, 1991-жылдагы Бангладеш эгемендүүлүгү согушу учурунда аскерий кылмыштар жана жырткычтык операцияларды ишке ашыргандыкта айыпталып, исламий жамааттардын жетекчилери да сотко тартылган эле. Бангладеш калкынын 90 %ы мусулмандар. 8 %ы болсо индустар, калганы насронийлер, буддисттер жана башка дин өкүлдөрүнөн турат. (Булак: Daily Mail).

Роя гезитинин комментарийи:

Бенгал конституциясында “мамлекеттин расмий дини – Ислам” деп жазылган жана муну башка көпчүлүк исламий өлкөлөрдүн конституцияларынан да кезиктирүүгө болот. Ошого карабастан, бул өлкөлөр мыйзамчылыгында Исламды негиз кылып алышпайт. Тескерисинче, ал жерлердеги жетекчилер мыйзамчылыкта да, саясий иштерде да Исламды таптакыр этибарга алышпайт. Эмнеси болгондо да, Бангладеш конституциясында “мамлекеттин расмий дини – Ислам” деген текстти калтыруу же калтырбастык сунушу Исламга каршы күрөш агымында жүрүп жатат. Бирок, бул күрөшкө каршы жооп дал ушул текстти конституцияда сактап калуудан турбашы керек. Тескерисинче, күрөш Исламды сөздө эмес, иш жүзүндө мамлекетке негиз кылуудан турушу керек. Бул болсо, Ислам акыйдасын өзүнө негиз кылып алган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылууну түшүндүрөт.

Роя гезитинин 2016-жыл, 9-марттагы 68-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here