Россия Сирияны бомбалоону улантат

265
0

Россия коргоо министринин жардамчысы Николай Панков мамлекеттик телевидениеге берген интерьвюсунда Россиянын Сириядагы аскерий бөлүктөрү сакталып калышын билдирди.

Николай Панков ушул маселе боюнча берген билдирүүсүндө: “Сирияда кээ бир натыйжаларга жетиштик. Бирок, чыныгы натыйжаларга жетишүү үчүн Россия террорчулар жайгашкан жерлерди бомбалоону улантат”, – деди.

О.э. Панков Хмеймимде өткөрүлгөн ырасымда: “Сирияда белгилүү бир утуштарга жетиштик. А бирок, азырынча «терроризм» үстүнөн жеӊишке жеткенибиз тууралуу сөз кылууга эрте. Россия аскерлерине «террорчулардын» объектилерине сокку берүүнү улантуу милдети жүктөлгөн”, – деп баса белгиледи.

РИА Новости маалымат агенттигине интервью берген орус жооптууларынын бири Сергей Иванов Хмеймим жана Тартуста жайгашкан Россия базаларын коргоо үчүн С-400 ракеталары өз ордунда калышын билдирди.

Башка бир тараптан Сириядан артка чегинүү токтому жарыя кылынган учурда, Россия коргоо министри президент Путинге берген отчётунда 2000 террорчу жок кылынгандыгын билдирди. Ал эми адам укуктарын коргоочу уюм Хьюман Райтс Вотчтун билдиришинче, Россия Сирияда алты айдан бери жүргүзгөн операциясында 2000 карапайым жаранды өлтүргөн.

“Россиянын Сириядагы карапайым калкка каршы стратегиялык чабуулдары аябай кандуу болду. Чабуулдардан эӊ кеминде 2000 карапайым жаран өлдү”, – деди уюмдун башчысы Крис Вудс.

Мындан мурда жарыя кылынган Эл аралык аминистия уюмунун отчётунда да Россиянын Сириядагы кылмыштары ачыкталган эле. Отчётто келишинче, орус аскерлери мектептерге, ооруканаларга жана мечиттерге атайылап чабуул кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here