Инженер Исмаил Вахвахтын Түркия премьер-министрине жолдогон кайрылуусу

247
0

Анкарада өткөрүлгөн Халифалык конференциясындагы этибарды тарткан иштердин бири, инженер Исмаил Вахвахтын Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу мырзага жана анын өкмөттөгү кесиптештерине жолдогон кайрылуусундагы төмөнкү сөздөр болду:

Ахмет Давутоглу мырза, сиз «Стратегиялы тереӊдик (майдан)» деген аталыштагы китеп жазыптырсыз. Мындан 250 жыл мурда Россия императору Екатрина II да өз үйүнүн ачкычы Сирияда экендигин т.а. Сирия Россиянын стратегиялык майданы экендидигин айткан эле. Америкалыктар да, европалыктар да өз өлкөлөрүнүн стратегиялык майданы Сирия экенин айтып келишет. Бүгүн биз Америка жана Батыш бул сөздөрүнүн тастыгы катары Сирияда эмнелер кылып жатканын көрүп турабыз. О.э. ошол Екатеринанын небереси болгон кылмышкер Путин да өзү дааба кылып жаткандай, стратегиялык майданын «коргоо» үчүн аскерий кемелери менен Босфор кысыгында кезип жүрөт, учактары менен Сирияны бомбалап жатат. Эй Давутоглу мырза, силер Сирия жана Шамды өзүбүздүн стратегиялык майданыбыз деп эсептейсиӊерби? Өзүӊөрдүн стратегиялык майданыӊарды коргоо үчүн эмне кылып жатасыӊар?

Роя гезитинин 2016-жыл, 9-марттагы 68-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here