Жавд Ризван Ризаондун истихара намазы туурасындагы суроосуна жооп

336
0

Суроого жооп

Жавд Ризван Ризаондун истихара намазы туурасындагы суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум. Мен истихара намазы кандай экендигин билмекчи элем. Истихара кылып жаткан (жакшылыкты сурап жаткан) киши истихара намазынан кийин түшүндө бирер нерсе көрөбү? Суроонун жообу тезирээк болот деген үмүттөмүн, Аллах сизди жакшылык менен сыйласын!

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Набий A ушул хадисте истихара намазын түшүндүрмөгө зарылдык калтырбай турган даражада толук баян кылды:

Имам Бухарий жана башкалар Жабир ибн Абдуллах Hдан риваят кылышат: Жабир айтат, Расулуллах A бизге мындай деп бардык иштерде истихара кылууну кудум Куран сүрөсүнөн үйрөткөнү сыяктуу үйрөтөр эле:

«إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالأَمْرِ، فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الفَرِيضَةِ، ثُمَّ لِيَقُلْ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ العَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلاَ أَقْدِرُ، وَتَعْلَمُ وَلاَ أَعْلَمُ، وَأَنْتَ عَلَّامُ الغُيُوبِ، اللَّهُمَّ إِنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هَذَا الأَمْرَ خَيْرٌ لِي فِي دِينِي وَمَعَاشِي وَعَاقِبَةِ أَمْرِي – أَوْ قَالَ عَاجِلِ أَمْرِي وَآجِلِهِ – فَاقْدُرْهُ لِي وَيَسِّرْهُ لِي، ثُمَّ بَارِكْ لِي فِيهِ، وَإِنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هَذَا الأَمْرَ شَرٌّ لِي فِي دِينِي وَمَعَاشِي وَعَاقِبَةِ أَمْرِي – أَوْ قَالَ فِي عَاجِلِ أَمْرِي وَآجِلِهِ – فَاصْرِفْهُ عَنِّي وَاصْرِفْنِي عَنْهُ، وَاقْدُرْ لِي الْخَيْرَ حَيْثُ كَانَ، ثُمَّ أَرْضِنِي. قَالَ: وَيُسَمِّي حَاجَتَهُ»

«Качан бирөө-жарымыӊар бир ишти кылмакчы болсо, фарздан тышкары эки рекет намаз окуп, андан соӊ мындай деп дуба кылсын: Эй Аллахым, мен Сенин илимиӊ менен истихара кыламын (жакшылыкты сураймын). Сенин кудуретиӊ менен кудурет сураймын. Сенин улуу фазлиӊден сураймын. Албетте, Сен кудуреттүү болосун, мен кудуреттүү болбоймун. Сен билесин, мен билбеймин. Сен гоибдерди өтө жакшы билүүчү затсыӊ. Эй Аллахым, эгерде ушул ишти мен үчүн динимде, турмушумда, ишимдин акыбетинде (же азыркы ишимде жана келечекте) кайырдуу (жакшы) деп билсең аны мага тагдыр кылгын, мага жеӊил кылгын, андан соӊ аны мага берекелүү кылгын. Эгерде ушул ишти мен үчүн динимде, турмушумда, ишимдин акыбетинде (же азыркы ишимде жана келечекте) жаман деп билсең, аны менден, мени андан буруп жибер. Мага кайда болсо да жакшылыкты тагдыр кыл. Андан соӊ мени (ушул жакшылык менен) ыраазы кылгын. (Адам ушундан кийин) муктаждыгын айтсын» (Имам Бухарий риваяты).

Ушул хадистен истихара намазынын кандай экендиги анык белгилүү болуп турат. Т.а. ким истихара кылмакчы болсо (Аллахтан жакшылыкты сурамакчы болсо), истихара намазына ниет кылып эки рекет нафл намаз окуйт, намазын окуп бүтүп, хадисте келген истихара дубасын кылат, ошону менен истихара намазы же истихара дубасы аяктайт. Истихара намазынын кандай экендиги мына ушул. А бирок, истихара намазына тиешелүү башка сөдөр да бар:

  • Эгерде адам бир ишти ар тараптуу үйрөнүп чыккандан кийин аны кылмакчы болсо жана ушул иштин туура экендигине көбүрөөк божомол кылып, ага киришмекчи болсо, эки рекет намаз окуйт, истихара дубасын кылат жана ушул иштин кайырдуу болсо жетиштирүүсүн жана кайырсыз болсо, узак кылышын сурап Аллах Субханахуга жалбарган абалда ушул ишке кадам коёт. Башкача айтканда, ишти ар тараптуу үйрөнүп, анын туура экендигине көбүрөөк божомол кылбай туруп истихара намаз окубайт. Ишти ар тараптуу үйрөнүп, анын туура экендигине көбүрөөк божомол кылгандан кийин гана намаз окуп, ошол иштин жакшылык-берекелүү болушун сурайт жана ишке киришет. Хадиске назар салыӊыз, анда

«إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالأَمْرِ، فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الفَرِيضَةِ، ثُمَّ لِيَقُلْ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ…»

«Качан бирөө-жарымыӊар бир ишти кылмакчы болсо, фарздан тышкары эки рекет намаз окусун, андан кийн мындай деп дуба кылсын: Эй Аллахым, мен Сенин илимиӊ менен истихара кыламын (жакшылыкты сураймын)…», деп айтылды.

  • Набий Aдын истихараны түш көрүүгө байланыштырганы туурасында эч кандай сахих риваят келген эмес. Мага белгилүү болгондой, Расулуллах A адамдарды истихара кылууга көп үйрөткөн, а бирок, анын натыйжасын түшкө байлаган эмес. Жогоруда Жабир риваят кылган хадисте:

«فَاقْدُرْهُ لِي وَيَسِّرْهُ لِي، ثُمَّ بَارِكْ لِي فِيهِ»

«Аны мага тагдыр кылгын, мага жеӊил кылгын, андан соӊ аны мага береклүү кылгын», – деди о.э.

«فَاصْرِفْهُ عَنِّي وَاصْرِفْنِي عَنْهُ، وَاقْدُرْ لِي الْخَيْرَ حَيْثُ كَانَ، ثُمَّ أَرْضِنِي»

«Аны менден, мени андан буруп жибер. Мага кайда болсо да жакшылыкты тагдыр кыл. Андан соӊ мени (ушул жакшылык менен) ыраазы кылгын», – деди. Бул сөздөрдөн ал заттын истихараны түш көрүүгө байланыштырбаганы, тескерисинче, ишти Аллахтын жетиштирүүсүнө жана аны насип кылышына байлагандыгы көрүнүп турат. Т.а. адам истихара кылып, сураган ишин ишке ашырууга аракет кылат, ошондо эгерде ошол иш кайырдуу болсо, Аллах бул ишти ага тагдыр кылат жана ушул ишти ага насип кылат. Эгерде бул иш кайырдуу болбосо, андан бул ишти буруп жиберет. Демек, истихара бул ишти жана иштеги жакшылыкты Аллах Субханахунун ыктыярына тапшыруу болуп, Аллахтын Өзү истихарачыга тандап, ыраазы болуп, насип кылып берсин. Эгерде бул иштен Аллах Субханаху ыраазы болбосо, аны истихарачыдан узак кылсын.

  • Жабир риваят кылган хадистеги

«فَاصْرِفْهُ عَنِّي وَاصْرِفْنِي عَنْهُ، وَاقْدُرْ لِي الْخَيْرَ حَيْثُ كَانَ، ثُمَّ أَرْضِنِي»

«Аны менден, мени андан буруп жибер. Мага кайда болсо да жакшылыкты тагдыр кыл. Андан соӊ мени (ушул жакшылык менен) ыраазы кыл», – деген сөздү кээ бир адамдар мындай түшүнөт: Көӊүлүӊдүн тартышы Аллах ыктыяр кылгандыгынын белгиси, мунун мааниси мындай, качан истихарачынын көӊүлү тартса, ишке киришсин, көӊүлү тартпаса, андан алыстап, аны кылбасын. Себеби, анын ошол иштен узак болушу жүрөктүн каалабастыгы жана сыгылышы… Шавканий «Найлул автор»до Нававийдин мындай дегенин риваят кылат: «Истихарачы истихара кылгандан кийин көӊүлү тартканын кылышы керек. А бирок, көӊүлүнүн тартышына таянып албашы керек. Себеби, истихара кылышынан мурда ошол ишке напис-каалоосу тарткан болушу мүмкүн. Ошондуктан, ал алгач ыктыярын таштаган болсун. Антпесе, Аллахтан истихара кылган болбой калат, тескерисинче өз напис-каалоосунан истихара кылып сураган болуп калат. Кээде ал чын дилден жакшылыкты талап кылбаган, (өзүн) илим жана кудуреттен куру деп билип илим жана кудуретти Аллах үчүн деп тастыктабаган болушу да мүмкүн. Эгерде ал бул иште дили таза болсо (өзүн) илим жана кудуреттен, илим жана кудуретти өзүнүкү деп билүүдөн ыраак деп билет». Нававийдин пикири ушул. Ал эми менин көбүрөөк туура деп билген пикирим боюнча бул белги сахих эмес. Себеби, бул тууралуу нусуста келбеген . О.э. айрым кишилердин бул жаатта таянган хадисинин санады өтө эле заиф. Хадис уламалары мындай деген. Бул хадис төмөнкүдөй:

Ибн Саний «Амалул Явм ва Лайл»да төмөнкүнү (риваят кылган) иштеп чыккан: Бизге Абу Аббас ибн Кутайба Аскалоний мындай кабар кылды. Ага Убайдуллах ибн Химярий Иброхим ибн Ула ибн Назр ибн Анас ибн Маликтен, ал атамдан, ал атасынан, ал чоӊ атасынан риваят кылды: Анас айтат Расулуллах A мындай деди:

«يَا أَنَسُ، إِذَا هَمَمْتَ بِأَمْرٍ فَاسْتَخِرْ رَبَّكَ فِيهِ سَبْعَ مَرَّاتٍ، ثُمَّ انْظُرْ إِلَى الَّذِي يَسْبِقُ إِلَى قَلْبِكَ، فَإِنَّ الْخَيْرَ فِيهِ»

«Эй Анас, качан бир ишти кылмакчы болсоӊ, Аллахтан жети жолу ошол иш туурасында истихара кылгын, андан соӊ жүрөгүӊдүн тартышына кара. Анткени, жакшылык ошондо». Ибн Хажар «Фатхул Барий»де мындай дейт: «… «Азкор»да Нававий «Истихарадан кийин көӊүлү тарткан ишти кылат», дейт жана буга Расулуллахтын Анаска айткан «Качан бир ишти кылмакчы болсоӊ, Аллахтан жети жолу ошол иш туурасында истихара кылгын, андан соӊ жүрөгүӊ тартышына карагын. Анткени, жакшылык ошондо» хадистерин далил кылды. Эгерде бул хадис далилденсе, ал таянылуучу риваят болор эле. Бирок, анын санады өтө эле заиф…».

Ошондуктан, колубузда биринчи чекитте айткан нерсебизден башкасы калбады. Т.а. хадисте мындай келип жатат, ишти кылууга токтом кылынгандан кийин т.а. ишти толук үйрөнүп чыгууга жана ишке киришүүнү туура деп билүүгө негизделип ишке киришүүгө токтом кылынгандан кийин истихара кылынат. Мындай түшүнүүнүн туура экендигин Хаким «Мустадрак»та Абу Айюб Ансорийден риваят кылган төмөнкү хадис көрсөтүп турат: Расулуллах A мындай деген:

«اكْتُمِ الْخطْبَةَ ثُمَّ تَوَضَّأْ فَأَحْسِنِ وُضُوءَكَ، ثُمَّ صَلِّ مَا كَتَبَ اللَّهُ تَعَالَى لَكَ، ثُمَّ احْمَدْ رَبَّكَ وَمَجِّدْهُ، ثُمَّ قُلِ: اللَّهُمَّ إِنَّكَ تَقْدِرُ وَلَا أَقْدِرُ، وَتَعْلَمُ وَلَا أَعْلَمُ، وَأَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ، فَإِنْ رَأَيْتَ لِيَ فِي فُلَانَةٍ، – يُسَمِّيهَا بِاسْمِهَا – خَيْرًا لِي فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَآخِرَتِي فَاقْدُرْهَا لِي، فَإِنْ كَانَ غَيْرُهَا خَيْرًا لِي فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَآخِرَتِي فَاقْدُرْهَا لِي»

«Колуктунун кимдигин жашыргын. Андан соӊ чырайлуу көрүнүштө даарат алып, Аллах сага буйруган намазды оку. Андан кийин Аллахка хамд айтып, Аны улуула. Ошондон кийин мындай деп дуба кылгын: Эй Аллахым, Сен кудуреттүүсүн, мен кудуреттүү болбосмун. Сен билесин, мен билбесмин. Сен гоибдерди өтө жакшы билүүчү затсын. Эй Аллахым, эгерде балан ишти – ошол иштин атын айтат – мен үчүн диним, жашоом жана акыретимде кайырдуу деп билсең аны мага тагдыр кыл. Эгерде андан башкасы мен үчүн диним, турмушум жана акыретимде кайырдуу болсо ошону мага тагдыр кыл». Ушул хадистен истихарачыда белгилүү бир аялга үйлөнүү чечими болгондугу, бирок аны билдирбей жашырганы, андан соӊ ушул иште Аллахка истихара кылып, аны Аллах Субханахунун колуна тапшырып койгону даана көрүнүп турат. Анткени, Аллах ошол иште жакшылык болсо, ага насип кылат. Эгерде ошол иштен башка иште жакшылык болсо, ошону насип кылат. Мында түш көрүүгө же көӊүлдүн тартышына байланган жок.

Тыянак кылып айтканда, истихара маселесинде мен башка пикирлерге караганда көбүрөөк туура деп билген пикирим мындай:

Киши бирер ишти кылмакчы болсо, алгач аны ар тараптан үйрөнүп чыгат. Андан кийин ушул ишти кылууну туура деп билип кылмакчы болсо, ошондо эки рекет намаз окуйт жана истихара дубасын кылат. Аллах Субханахудан бул иште жакшылык бар болсо, аны насип кылышын, эгерде жамандык болсо андан буруп жиберишин сураган абалда, ишке киришет.

Т.а. иштин бардык тараптарын үйрөнүп, бул ишти кылууну туура деп билмейинче, истихара намазын окубайт. Иштин бардык тараптарын үйрөнүп, аны кылууну туура деп билсе, намаз окуп, истихара дубасын кылат жана ишке киришет… Хадиске көӊүл буруӊуз:

«إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالأَمْرِ، فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الفَرِيضَةِ، ثُمَّ لِيَقُلْ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ…»

«Качан бирөө-жарымыӊар бир ишти кылмакчы болсо, фарздан тышкары эки рекет намаз окусун, андан соӊ мындай деп дуба кылсын: Эй Аллахым, мен Сенин илимиӊ менен истихара кыламын (жакшылыкты сураймын)…». (Имам Бухарий риваяты).

Ушул хадистен менин башка пикирлерге караганда көбүрөөк туура деп эсептеген пикирим мына ушул. Т.а. киши истихара намазын окуп, андан кийин эки иштин бирин түшүндө көрүүнү, же ага көӊүлү тартышын күтүп отурбайт. Себеби, хадисте:

«إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالأَمْرِ»

«Качан бирөө-жарымыӊар бир ишти кылмакчы болсо…», – деп айтылууда. Азыр эле айтканымдай, менин башка пикирлерге караганда көбүрөөк туура деп эсептеген пикирим мына ушул.

Боордошуӊуз                                                                                  1-жумадул-аввал 1437-х.

Ато ибн Халил Абу Рошта                                                                     10-февраль, 2016-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here