Израиль менен Түркиянын Женева жолугушуусу

157
0

Израиль менен Түркиянын өкүлдөрү өз ара мамилени жакшыртуу жолунда чала болуп калган сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн дагы кайрадан жолугушууга даярданып жатышат. Ал-Жазира маалымат агенттигине маалымат берген Израилдин Тышкы иштер министрлигинин расмийлери жолугушуу бүгүн Женевада болушун тастыктады. Түркия Тышкы иштер министрлиги болсо Ал-Жазиранын ушул маселе боюнча суроосуна “Биз муну тастыктабайбыз о.э. четке да какпайбыз” – деп жооп берди.

Израилдин Хаарец гезитинде келишинче, сүйлөшүүлөрдө Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняхунун атынан Жозеф Чехановер жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Якуб Нагел өкүл катары катышат. Түркия тараптан болсо тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Феридун Синирлиоглу сүйлөшүүгө катышат.

Израилдин премьер-министри Нетаняху чегара коопсуздугу боюнча билдирүүсүндө Түркия менен алакалар жөнүндө токтолуп: “Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта жашоону каалайбыз, болгону, бул эки тарапка тиешелүү маселе”, – деди.

Президент Эрдогандын Америка яхудийлери менен жолугушуусунан кийин Женевадагы Түркия-Израиль сүйлөшүүлөрү дагы кайрадан маанилүү маселеге айланышы көӊүл бурууга арзыйт. АКШда белгилүү болуп эсептелген “Conference of Presidents” яхудий уюмунун делегациясы шейшемби күнү Малколм Хоенле башчылыгында президент Эрдоган жана премьер-министр Давутоглу менен жолугушту. АКШ яхудийлеринен болгон Хоенле Израиль премьер-министри Нетаняхуга жакын адамдардын бири болуп эсептелет. Хоенленин сүйлөшүү тууралуу  алдын ала Израиль премьер-министрине кабар бергендиги, ал эми Израиль премьер-министри болсо Хоенлеге Эрдоган менен Давутоглуна белгилүү бир кабарларды жеткирүү милдетин жүктөгөндүгү айтылууда. Малколм Хоенле Түркия расмийлери менен жолугушкандан кийин дагы кайрадан Куддуска кайтып кетти. Хоенленин жолугушуулардан кийин дагы кайрадан Куддуска кайтып кетиши болсо Эрдогандан Нетаняхуга жооп алып кеткендиги деп божомол кылынууда.

Кабарларда айтылышынча, АКШ да Түркия-Израиль мамилесин жакшыртуу үчүн басымды күчөткөн. АКШнын вице-президенти Жо Байден Түркияга сапары учурунда Түркия расмийлери менен бул маселени талкуулашкандыгы о.э. анын болжол менен эки апта мурда Нетаняхуга алакалардын натыйжаларын жеткиргендиги жөнүндө кабарлар таркады.

Кабарларга ылайык, Байден Давосто Нетаняху менен өткөргөн жолугушууда негизинен Түркия жөнүндө сүйлөшкөн. Ал Давос форумунан кийин Түркияга келип Нетаняхунун саламын Түркия расмийлерине жеткирген эле. Эрдоган да январь айынын башында Саудиядан кайтып келе жатканда кабарчыларга берген интервьюсунда: “Израиль региондо Түркия сыяктуу бир өлкөгө муктаж. Биз да Израилге муктаждыгыбызды тан алышыбыз керек. Бул нерсе акыйкат”, –  деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here