Бахрейн: Сирия кризисине чечим табуу үчүн Россия менен кызматташкыла!

190
0

Бахрейндин Тышкы иштер министри Холид бин Ахмад Ал-Халифа Сирия кризисине чечим табууну каалаган бардык чоӊ мамлекеттер Россия менен кызматташуусу керектигин баса белгиледи.

Ал Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин журналисттерге берген интервьюсунда: “Региондук маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өтө маанилүү”, “Сирияга тынчтык жана туруктуулук алып келүүнү каалаган бардык чоӊ мамлекеттер Россия менен кызматташууга мажбур”, – деди.

Ахмад Ал-Халифа Россия менен Бахрейн өтө көп маселелер боюнча бир пикирде экендигине басым жасады. Анын айтымында, Бахрейн менен Россия терроризмге (Исламга) каршы күрөшүүдө, учурдагы проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүдө жана мыйзамдуу өкмөттөрдүн сүйлөшүүлөрдө катышуудан четтетилиши маселелеринде бирдей көз карашта.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров да бахрейндик кесиптеши менен болгон жолугушуудан кийин: “Россия да, Бахрейн да,Сирияны туруктуу, илманий (дин мамлекеттен ажыратылган), аймактык бүтүндүгү сакталган жана ​​бардык жарандарынын укуктары кепилденген бир мамлекет катары көрүүнү каалайт”, – деди.

Бул эки мамлекет мыйзамдуу өкмөттөрдүн талкаланышына себеп боло турган аракеттерден алыс туруу жана сириялыктар өз келечегин өздөрү белгилеши туурасында да бир пикирде экендигин баса белгилеген Лавров жогоруда айтып өтүлгөн принциптер Ливия, Яман, Ирак жана Афганистанда да колдонулушу керектигин кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here