Америка армиясынын Африкада терроризм коркунучун жок кылуу боюнча беш жылдык планы

302
0

Америка армиясынын Африкада терроризм коркунучун жок кылуу боюнча беш жылдык планы

Борбору Германиянын Штутгарт шаарында жайгашкан Американын Африка континентиндеги куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы AFRICOMдун билдиришинче, ушул командачылык алдыдагы беш жылдын ичинде «Кара континентте» терроризм коркунучун жок кылуу туурасында план кабыл алды. Бул пландын башында 3500 согушкерди түзөт деп божомол кылынган ИШИМ уюмунун Ливияда күчөшүнө о.э. Сомали сыяктуу мамлекеттерде Боко Харам жана Шабаб кыймылынын күчөшүнө каршы күрөшүү турат. Планда Америка күчтөрүн жиберүү жөнүндө айтылбаган, болгону Африка Союзу менен ушул проблемага каршы күрөшүү боюнча пландар  бар экендиги гана ачыкталган.

AFRICOM электрондук сайтында чыгарылган кыскача билдирүүдө төмөнкүдөй келген: Биринчи миссия «Сомалидеги террористтик кыймылды алсыратуудан жана ушул миссияны Африка Союзунан Сомали өкмөтүнүн мойнуна көчүрүү» үчүн беш жылдык аракет кылуудан турат. Экинчи миссия болсо «Ливиядагы ийгиликсиз мамлекеттин бар экендигинен о.э. ал жердеги туруксуздукту жөнгө салууга катуу аракет кылуудан» турат. Үчүнчү жана төртүнчү миссиялар «Африка батышындагы Боко Харам жамаатына каршы күрөшүү» о.э. «анын Гвинея Булуңу жана Борбордук Африкадагы мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө чек коюудан» турат.

Америка командачылыгы бешинчи миссияны да иштеп чыккан. Анда «Африка континентинде тынчтыкты сактоо жана кризистерге каршы күрөшүүдө өнөктөш мамлекеттердин кубатын күчөтүү» айтылган. Бул иш-аракеттер AFRICOMдун ири базасы турган Жибутидан башкарылат.

AFRICOM чыгарган билдирүүдө Ливиядагы ИШИМ согушкерлери менен Нигериядагы Боко Харам мүчөлөрүнүн бир нече жылдардан бери Сирия жана Ирактагы экстремисттер менен байланышта болуп келгендиги айтылган. О.э. Боко Харамдын Нигерия, Чад, Камерун, Нигердеги аракеттерин жок кылуу баса белгиленген. Ливиядагы абал жөнүндө болсо AFRICOM билдирүүсү ал жердеги алсыз өкмөт ИШИМди тынч баш баанек менен камсыздап жатканы, бул проблема Ливияда эле болбостон, ИШИМ уюму Ливияда да чабуулдарды ишке ашырып, чет өлкөлүк ыктыярчыларды чогулткандыгын ачыктады. AFRICOMдун билдирүүсүнө ылайык, анын Ливиядагы максаты «ИШИМди кысымга алып, анын аскерий кубатын жок кылуудан» турат (Хаят гезити).

Роя гезитинин комментарийи:

Белгилүү болгондой, алар айтып жаткан терроризм маселеси Батыш мамлекеттери үчүн Ислам жана мусулмандарга каршы согушта куралга айланган. Бирок, Батыш мамлекеттери муну менен эле чектелбестен, башка мамлекеттердин ички иштерине аралашууда жана бири-бири менен күрөшүүдө да ушул терроризм маселесинен шылтоо катары пайдаланып жатышат. Жогорудагы кабарлардын мазмунун да ушул негизде түшүнө алышыбыз мүмкүн. Мисалы, Түндүк Африкада да, Борбордук жана Батыш Африка мамлекеттеринде да Америка менен Франция ортосунда күрөш жүрүп жатат. Америка Ливияда “Ислам Мамлекети” уюму бар экендигин, Нигерия, Нигер, Камерун жана башка Африка мамлекеттеринде Боко Харам жамааты бар экендигин, Сомалиде Шабаб кыймылы бар экендигин шылтоо кылып келет. Анын максаты ушул мамлекеттерди өз таасири астына алып, ал жерлерден Европа таасирин чыгарып таштоо. Америка президенти Барак Обама өткөн жылы Кения жана Эфиопияга сапар кылып, эки мамлекетте тең Африканын «терроризм коркунучуна жүздөнүп жатканы» туурасында сүйлөдү. Бул болсо, Америка ушул мамлекеттердин ишине аралашууда шылтоо катары «терроризм коркунучунан» пайдаланышын билдирет. Эскерте кетүүчү нерсе, Америка алда качан эле Кения жана Эфиопия жээктерине аскерий базаларын орнотуп алган о.э. Кенияны «терроризм»ге каршы күрөштө каражат менен камсыздайт. Ошондуктан, Америка менен Европа ортосундагы күрөш Африка маселесинде ого бетер күчөп жатканы ыктымалдан узак эмес.

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-январдагы 60-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here