14-январь – Мекен сакчыларынын күнү

330
0

Ушул күндөрдө Өзбекстан мамлекети майрамдык маанай менен 14-январь  мекен сакчыларынын күнүн белгилеп жатат.

Ата-энелер  телеканалдардагы атайын көрсөтүүлөрдө чексиз сыймыктануу менен сөзгө чыгышып,  перзенттери мекенге керектүү адамга айлангандыгы үчүн бактылуу экендигин билдиришти.  Аскерлердин энелеринен бирөө толкундап кетип: “Балам, мен сага берген ак сүтүмө ыраазымын. Сен менин сыймыгымсын. Анткени, мекенди коргоо чоң сыймык”, – деди. Уулу да энесине жооп иретинде: “Энеке мени ушундай тарбиялаган сизге жана мекениме ыраазымын, мен сиздин жана мекенибиздин ишенимин актоого чын дилден аракет кыламын”, –  деди. Бул сөздөрдү уккан ар кандай адам алар кылган кызматты эстейт.

Өткөн жылы Тажикстандын Согди областынын 18-жаштагы тургуну талаада футбол ойноп жатып анын тобу “чегарадан” өтүп кеткен. Ошол себептүү чегара кызматкерлери аны атып өлтүрүшкөн. Ата-энеси жана жергиликтүү бийликтин башчысы чегара кызматына кайрылышканда “балаңыз мыйзамга тескери иш кылып, биз тарапка өтүп кеткен” деп, мунун үстүнө аларга штраф төлөтүп анан жөнөтүшкөн.

Бир  жыл мурда Бакыт деген кыргыз жараны Өзбекстан тарапка 1-2 кадам коёру менен чегарачылар ага ок чыгарышкан, а бирок, ок тийбеген соң аны кубалап Кыргызстан тарапка өтүшүп, үй-бүлөсүнүн көз алдында өлгөнгө чейин атышкан. Бул иш да жоопсуз калды.  3 жылдай мурун Зулфизар аттуу 15 жаштагы кыз кошуна мамлекеттеги оорулуу эжесин көрүп келмекчи болгон. Бардык документтери туура болсо да, чегара кызматкерлери аны катуу коркутушкан. Жаш кыз аскерлердин коркутуусунан улам жүрөгү жарылып ооруканага жетпей көз жумган. 2013-жылы 21 жаштагы жигитти  өзбек  чегарачылар “мыйзамсыз”  кесип өткөндүгү себептүү 2 жолу ок атып өлтүрүшкөн.

Өткөн декабрь айында,  Казакстандын чегарасында  аварияга учурап кыргыз жараны өлгөн, бирок чегара кызматы бул тууралуу эч кандай кабар бербегендиктен анын сөөгү моргдо көпкө жатып калган.

Мындай маалыматтарды санап отурсак эсеп жетпейт.  Дал ушул мекен “сакчыларынын” айыбы менен бир жылдын ичинде көптөгөн мусулмандар өлүшөт.

Биз уулун мындай сыймыктуу кесиби менен мактап жаткан энелерге кайрылып айтабыз:  Сиз ак сүт берип жатканда кантип эле бардык энелер катары жакшы ниет кылбадыңыз экен? Бир күнү келип, уулуңуз адам өлтүргүчкө айланышын ойлонуп көргөнсүзбү? Бир мусулманды өлтүрүп, сиз сыяктуу эле дагы бир эненин көз жашына себеп болгон балаңыз менен кантип сыймыктанасыз?  Адам өлтүрүү деген чоң күнөө сыймыктуу кесиптердин катарына кошулуп калдыбы? Ал тургай, динибиздин душманы болгон яхудийлер да алгач адамды эскертип,  жалааларды токуп чыгарышып анан өлтүрүп жатышат го. Сиздин балаңыз яхудийден да  жаманбы?  Футбол ойногону чыгып кеткен баласынын жаназасын көргөн эненин абалын элестете аласызбы?

Куфр системасы  байлыкка жутунган малай акимдердин жардамы менен биздин арабызга жасалма тосуктарды коюшту.  Жакын туугандар көптөгөн жылдардан бери жолугуп дидарлаша албастан, бири-биринин абалынан кабарсыз жашап жатышат. Кудайдан коркпогон жетекчилердин керемети себептүү мурда жандаш-кандаш болгон  мусулмандар чоочунга айланышты.

Сиздин да перзентиңиз  бул саясий оюндар агымына сокурдук менен кошулушуна сыймыктанасызбы? О.э. намаи амалына (амалдары жазылуучу дептерине) “адам өлтүргүч”  деп жазылып калышынан сыймыктанасызбы? Баласы өлгөн эненин каргышына калган уулуңуз менен сыймыктанасызбы?

Мекен сакчысы ыйык милдет дегенде эмнени назарда тутуп жатасыз?

Расулуллах (с.а.в.) :  Кайсы бир коом тууганчылык байламтасын үзсө, Аллах алардан үзүлөт”, – деген.  Чындыгында мекенчилдик тарбиясы натыйжасын берген окшойт. Дал ушул жетекчилерибиз жана мекен сакчылары үммөттүн Аллахтан үзүлүп калышына өтө чоң салым кошуп жатышат.  Бул күн силер үчүн майрам эмес аза күтүү күнү болушу керек. Себеби, адам өлтүргүч болуу сыймык эмес, тескерисинче өтө чоң күнөө.

Аллах Таал айтат :

  • “Менден корккула, эй акыл ээлери!”

 ( 2:197 )

 Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here