Американын мурдагы элчиси: Америка курал сатууну жана согуш отун жагууну токтотпосо, дүйнө жүзүндө тынчтык болбойт

330
0

Американын мурдагы элчиси: Америка курал сатууну жана согуш отун жагууну токтотпосо, дүйнө жүзүндө тынчтык болбойт

Американын мурдагы элчиси Дэн Симпсон АКШ саясий элитасындагы Вашингтондун тышкы саясатын аёосуз сындаган адамдардын катарына кошулду.

Ал учурда «Pittsburgh Post-Gazette» гезитинде башкы редактордун жардамчысы болуп иштеп жатат. Симпсон ушул жылдын башында, аталган гезитте жарык көргөн «Америка курал сатуу жана согуш отун жагууну токтотпосо, дүйнө жүзүндө тынчтык болбойт» деген аталыштагы макаласында мындай дейт:

«2015-жылдын аягында башкалардын Кошмо Штаттарга карата позициясын үйрөнүп чыгышымдын натыйжасында “биз өлкө ичинде да, тышкарысында да канкор улут экенбиз” деген тыянакка келдим. Каалайбызбы-жокпу, биз ушундай наамга ээ болдук. Мен жолугуп жаткан көпчүлүк чет элдиктер бизди жинди деп билишет. Дээрлик бардык адамдар бизди эл аралык коомчулук үчүн кооптуу деп эсептешет».

Симпсон АКШнын «Өзүбүз татыктуу деп билген башкаруу формасын белгилеп берүү аркылуу же алар ишке ашырышты деген нерсени шылтоолоп, жетекчилерин өлтүрүү үчүн учкучсуз самолётторду жиберүү о.э. бомбаларды жаадыруу аркылуу» өз каалоолорун тыгыштырышын айтып, башка мамлекеттердин мындан баанек сурап, жаратуучусуна дуба кылуудан башка чарасы калбагандыгын билдирди. Ал ушул пикирлерин далилдөө максатында Ирак, Афганистан жана Ливиядан Яманга чейинки мамлекеттерди мисал кылып келтирди.

Симпсон чет өлкөлөрдөгү Америка күчтөрүн алып чыгып кетүүгө чакыруу менен макаласын жыйынтыктап: «Ушундай кылмайынча, дүйнө жүзүндө тынчтык болбойт… Келгиле, канкорлор болбойлу», – деди (Россия сегодня маалымат агенттиги).

Роя гезитинин комментарийи:

Мурдагы Америка элчиси Симпсон АКШга карата башка калктардагы көз караштарды ачык жана анык сүрөттөдү. А бирок, неоконсерваторлор кичүү Жорж Буш башчылыгында мындай көз карашын жашырууга аракет кылып келишкен. Мисалы, Буштун «Эмне үчүн бизди жаман көрүшөт, акыйкатта болсо, биз жакшы адам болсок» дегени сыяктуу. Ошондо неоконсерваторлор «Карамүртөз адамдар Американы да, анын баалуулуктарын да жаман көрүшөт жана биздин утуштарыбызды көрө алышпайт» деген сөздөрү менен Америкадагы коомчулукту чалгытууга аракет кылышкан эле. Симпсон айткан акыйкат мындай, АКШга карата душмандык көз караштарга анын жүргүзүп жаткан саясаттары себепкер. Бул нерсе башкалардын америкалыктарды «канкор улут» деп эсептешине алып барууда. Американын Афганистан, Ирак, Ливия, Ямандагы мусулмандарга карата душмандык саясат жүргүзүп жатканы о.э. «Израил»ди үзгүлтүксүз көрүнүштө колдоп-кубаттап жатканы, ушулардын бардыгы жогорудагы көз караштардын артында турат. Симпсон Америка ушул саясатын уланткан соң, дүйнөдө тынчтык болбойт деп түшүндүрдү. Биз анын бул сөздөрүнө кошумча кыларыбыз: Америка саясаттары артында жашынган себеп мына ушундай душмандык мүнөздөгү саясаттарды аткарып жаткан башкаруудагы адамдарга эле чектелбейт. Тескерисинче, мунун чыныгы себеби турмушту кызыкчылык деп сүрөттөй турган Батыш хазаратында жашырынган. Мына ушул нерсе Батыш хазаратына негизделген мамлекеттерди колонизатор мамлекеттерге айландырды. Алар материалдык баалуулуктан башка баалуулуктарды көзгө илбей турган болушту. Дүйнөгө жана дүйнөнүн тынчтыгына реалдуу коркунуч Батыш хазаратынан келет. Америка, Британия, Франция сыяктуу мамлекеттер да мына ушул хазарат үстүнө курулган болуп, бул хазараттан келип чыккан саясаттар бүт дүйнө элдерине балээ-кырсык болду жана дагы деле балээ-кырсык болуп жатат.

Роя гезитинин 2016-жыл, 6-январдагы 59-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here