Чыгыш Түркстанда азан айтууга тыюу салынды

274
0

Ню-Йорк-Таймс гезитинин кабарчысы Эндрю Якобс 10 күндүн ичинде Чыгыш Түркстанда көргөндөрү тууралуу жазып чыкты. Якобстун жазышынча, Чыгыш Түркстан Кытайдын басымы астында калууда. Камакка алуулар себептүү мусулман үй-бүлөлөр чачыранды абалга түшүп калышкан. Ал тургай, мечиттерде азан айтууга да тыюу салынган.

Мусулмандардын эмгектенишине каршы коюлган чектөөлөр аймактагы айыл-чарбасына зыянын тийгизүүдө. Уйгур калкынын жашоо образына жана ишенимдерине карата Кытай өкмөтү тарабынан чаралардын көрүлүшү адамдардын жек көрүүсүнө жана тынчсыздануусуна себеп болуп жаткандыгы айтылат.

Аймакты 10 күн бою аралап көрүп чыккан Якобстун айтымында, Кытай өкмөтү катуу коопсуздук чараларын колдонуу жана Исламга карата чектөөлөрдү коюу менен “террордук” чабуулдардын алдын алууну дааба кылууда. Оор куралдар менен куралданган аскерлер дээрлик ар бир жерде орнотулган көзөмөл пункттарында автомобилдердин багаждарын жана айдоочулардын документтерин бир-бирден текшериши адатка айланган. Кээде уйгур улутундагы айдоочулар жана жолоочулардан уюлдук телефондорун тапшыруу талап кылынат. О.э. полициячылар телефондордун ичиндеги коомдун коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептелген нерселерди көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ. Исламий видеолор о.э. уйгурлар үчүн Кытайдан тышкарыда жашап жаткан туугандары менен байланыша турган скайп жана ватсап сыяктуу программалар полициянын издөө тизмесине киргизилген.

Кабарга ылайык, инженердикке окуп жаткан бир уйгур жигит өткөн ноябрь айында Түркиядагы бир досу менен сүйлөшкөндүгү үчүн көзөмөлгө алынган. 23 жаштагы студент башынан өткөндөр тууралуу айтып берип жатып, өкмөттүн назарында бардык уйгурлар террорчуга айланганын билдирди.

“Бардыгыбыздан террорчу деп шектенишет. Бүгүнкү күндө чет өлкөдөгү тааңышың менен телефон аркылуу сүйлөшсөң болду, бул нерсе үйүндү полиция басышы үчүн жетиштүү негиз болот”, – деди студент.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here