Эрдоган: Биз Израилге муктаж экенибизди тан алышыбыз керек

258
0

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Саудия сапарынан кайтып келе жатып самолётто журналисттердин суроолоруна жооп берди. Түркия – Израиль ортосундагы мамилелер жөнүндөгү суроолорго жооп берген Эрдоган Түркия Израилге муктаж экендигин айтып өттү.

“Шарттарыбыз анык – алар кечирим суроо, кун төлөө жана курчоону алып таштоо. Курчоого алынган чекитке “Түркия аркылуу товарлар жана курулуш материалдарын алып кирүүгө болот” дешти. Бирок, биз бул уруксаттын жазма түрүн көрүшүбүз керек, себеби, андан кийин түшүнбөстүктөр болбошу керек. Биз үчүн дагы бир маанилүү нерсе Масжид ул-Аксага каратылган баскындардын токтотулушу. Израиль региондо Түркия сыяктуу бир мамлекетке муктаж. Биз да Израилге муктаж экенибизди тан алышыбыз керек. Бул региондук акыйкат. Биз өз ара жакындык алкагында бул кадамдарды таштоого жетишсек, мына ошондо теңдик жүзөгө чыгат. Палестинадагы боордошторубузду да эстен чыгарбашыбыз керек”, – деди Эрдоган.

Журналисттердин бири Түркиянын АКШ менен болгон мамилеси тууралуу суроо берди. Буга жооп иретинде Түркия президенти АКШ жетекчилери менен жакын алакада экендигин айтып өттү. Эрдогандын айтымында, АКШ менен жакын алаканы улантуу Түркия өкмөтүнүн арзуусу болуп эсептелет.

“Окуяларга баа берүүдө кээ-кээде АКШ менен қарама-каршылыктар болду. А бирок, эч качан тышкы саясатта АКШ менен карама-каршылыкка барбадык. Учурда да ушундай абал уланууда. Обама мага телефон чалат, мен ага телефон чалам. 24 саат өтпөй туруп бири-бирибизге байланышка чыгабыз. Ишенимдүү байланыш линиясы аркылуу алакага чыгабыз. 31-март күнү ядролук коопсуздук саммитинде катышуу үчүн АКШга барамын. Обаманын убактысы болсо, Мэриленд штатындагы окуу жайды биргеликте ачабыз. Бул болсо, бизден тарыхка кала турган эң чоң мурас болот. АКШда демократтар болобу, же республикачыларбы  айырмасыз, алардын бардыгы менен мамилебиз жакшы. Буш менен да мамилебиз жакшы эле. Обама менен да алакаларыбыз ордунда. АКШ менен мындан кийинки баскычтарда да бирге болууну каалайбыз”, – деди Түркия президенти.

Туркистон:

Эрдогандын проблемасы турмуш жөнүндөгү өлчөөлөрдү түшүнө албаганында же аларды түшүнгөн абалда кырдаалдан тынчсызданып, куфр кызыкчылыктарына карай бурмалап жатканында.

Дүйнөдө исламий жетекчи топтордун дээрлик бардыгында ушул проблема бар. Алар исламий идеологиянын турмушубуздагы негизги баалуулуктарынан болгон адал жана арам негизиндеги илахий өлчөөлөрдү тебелеп-тепсешти. Натыйжада куфр дүйнөсү аларды бут астында кызмат кылуучу дөбөттөргө айландырып алышты. Алар Эрдоган сыяктуу ушул паскечтикке негизделген куфрга кызмат кылуу жараянына курсант болуп, ооз көбүртүп Обама менен же яхудий акимдер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүнө мактанмакчы болушат. Алар бул куфрдун кеңештери менен иш алып барууну сыймык деп билишет.

Түпкүлүгүндө болсо, жүз миңдеген мусулмандарды өлтүрүп, миллиарддаганын кемсинтип, динибизди тебелеп, миллиондогон мусулмандарды качкындарга айландырып, мал-дүйнөбүздү арзыбаган баага алып чыгып кетип жаткан куфр жетекчилери – ал  тургай рамазан айында иптар кылып – чакырышса да, алардын тамагынан жегенге болобу? Алар менен жакшы мамиле кылуу мүмкүнбү? Мына ушул мамилелер бүгүнкүдөй абалда мусулман адам үчүн сыймыктуу болушу мүмкүнбү?

Проблема мына ушул чекитте! Мына ушул пикир көпчүлүк элге жетиштүү даражада көчүп өтпөгөндүгүндө. Антпесе, түрк элинин  алдында Эрдоган бул сыяктуу төмөн кетүүдөн коркот эле. Ооба, ал Аллахтан таква кылбаса да, өз калкынын раъйынан коркот эле!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here