Коопсуздук Кеңеши Сирия чечимине байланыштуу токтомду бир добуштан тастыктады

310
0

Коопсуздук Кеңеши Сирия чечимине байланыштуу токтомду бир добуштан тастыктады

Өткөн жума күнү Коопсуздук Кеңеши Сирия маселесине байланыштуу жаңы эл аралык токтомду бир добуштан тастыктады. 2254 номерлүү (түпкүлүгүндө Американын токтом долбоору болуп эсептелген) бул токтом бир нече беренелерден туруп, анда Женева конференциясынын билдирүүсүнө таянылды о.э. Сирияга тиешелүү Вена конференциясындагы билдирүүлөр колдоп-кубатталды. Ал тургай, бул билдирүүлөргө Сирия чатагын жөнгө салуу максатындагы саясий өткөөл мезгил операциясын ишке ашыруунун маанилүү негизи деген этибарда каралды. О.э. токтомдо Сирия келечегин Сирия калкы белгилеши өзгөчө баса белгиленди.

Ушул токтомдо БУУнун башкы катчысынын чакырыгы да келтирилди. Пан Ги Мун Сирия режимин жана оппозиция өкүлдөрүн «тездик менен» саясий өткөөл мезгилге тиешелүү сүйлөшүүлөрдө катышууга о.э. «Сирия кризисинин туруктуу саясий чечимине жетишүү максатындагы» ушул саясий өткөөл мезгилге байланыштуу сүйлөшүүлөрдү 2016-жылдын январь айынын башында өткөрүүгө чакырды.

О.э. токтомдо төмөнкүлөр баса белгиленди:

БУУнун көзөмөлү астында өтүүчү Сириядагы саясий доор Коопсуздук Кеңеши тарабынан колдоп-кубатталат. Анткени, бул саясий доор учурунда тайпачылык кылбай турган жана бардыгын өз ичине ала турган ишенимдүү башкаруу комитети түзүлөт о.э. алты айдын ичинде жаңы конституция иштелип чыгат.

Он сегиз айдын ичинде жаңы конституция негизинде эркин, ачык-айкын шайлоолор өткөрүлүшү жана бул БУУнун көзөмөлү астында болушу Коопсуздук Кеңеши тарабынан колдоп-кубатталат.

Сирия режими жана оппозиция өкүлдөрү БУУ жетекчилиги астында өтө турган саясий өткөөл мезгилди көздөй кадамдарды таштаган убакта, Коопсуздук Кеңеши да дароо Сириянын бардык аймактарында ок атууну токтотууга жетишүү зарылдыгы маселесин колдоп-кубаттайт. (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Ушул 2254 номерлүү эл аралык токтомго көңүл буруп караган адам күбө болгондой, негизги этибар Сириядагы куралдуу топторду режим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө үндөөгө жана ок атууну токтотууга каратылды. Мындан тышкары, токтомдо Женева конференциясы билдирүүсүнө таянылды о.э. Сирияга тиешелүү Вена конференциясындагы билдирүүлөр колдоп-кубатталды. Белгилүү болгондой, Женева жана Вена конференциясынын билдирүүлөрүндөгү келишүү Америка жана Россия тышкы иштер министрлеринин «Сириянын илманий мамлекет болуп калышы зарылдыгы» туурасындагы билдирүүлөрүнө ылайык келет болчу.

Токтомго амал кылынып, ишке ашырыла турган болсо, бул нерсе Сирия калкынын курмандыктары сая кеткендигин о.э. Америка баш болгон колонизатор кафирлердин таасири мына ушул курмандыктарды берүүнүн натыйжасында бекемделишин түшүндүрөт. Себеби, Сирия калкы бир малайды башка бир малайга алмаштыруу үчүн козголоң кылган эмес, ушунча курмандыктарды Батышка моюн сунууну улантуу үчүн берген жок. Шам калкы бүт дүйнө алардан баш тарткан бир учурда Башар режими жана Американын башка каражаттары тарабынан кылынган ырайымсыз зулумдарга сабыр кылды. Бирок, алар абал Хофиз Асад башкаруусу доорундагы же андан кийин үстүртөн өзгөртүүлөр киргизилген Башар Асад доорундагы абалга кайтышы үчүн сабыр кылышкан жок. Тескерисинче, алар чыныгы азаттыкка жетишүү о.э. исламий акыйдалары негизиндеги кеңири камтуучу өзгөрүүнү ишке ашыруу үчүн бутка турушту жана бул жолдо кымбат-баалуу нерселерин курмандыкка беришти. Анткени, исламий акыйда аларды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Ислам менен жашоого буюрат. Шам калкы түшүнүп жетиши керек болгон нерсе, Американын артынан жүргөн жана ушул жаңы эл аралык токтомго ыраазы болуп, аны ишке ашырууга аракет кылган ар бир кимсе Аллахка, Расулуна жана момундарга кыянат кылган болуп эсептелет. Ошондуктан, мындай кимселерди четке кагып, кылмыштарын ашкере кылуу о.э. аларды тыйып коюу зарыл. Шам калкы башка өлкөлөрдөгү чыккынчы жана малайлар тарабынан башкарылган мусулмандардын ачуу тажрыйбаларынан сабак алышы керек. Анткени, алардын берген ушунча курмандыктары колонизатор кафирлер саясатын ишке ашыруу жолунда сая кетти. Палестина калкы Палестинаны азат кылуу жолунда курмандыктарды берди. Тиги Азаттык уюмундагы жетекчилер болсо, алардын берген ушунча курмандыктарына кыянат кылышты. Миср калкы өзгөрүү үчүн козголоң кылды. Бирок, алардын наадан жана малай жетекчилери болсо, алар берген ушунча курмандыктардан Американын пайдаланышына мүмкүнчүлүк беришти. Яман, Ливия, Ирак жана башка өлкөлөрдө да кудум ушундай абал кайталанууда… Эй Шам калкы, сак болгула! Силер да козголоң кылып, курмандыктарды берген, андан соң мунун натыйжасы тиги бир ууч малайлар себептүү колонизатор кафирлердин пайдасына чечилген кимселерден болуп калбагыла. Силер Аллах ыраазы боло турган сабырды бекем кармагыла. Силердин эрдигиңерди Аллах Тааланын Өзү, Анын периштелери жана солих пенделери эске алсын. Силер берген ушунча курмандыктар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетине алып баруучу бир көпүрө болсун. Силер Аллахтын уруксаты менен буга татыктуусуңар.

Роя гезитинин 2015-жыл, 23-декабрдагы 57-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here