Хизб ут-Тахрирге жалаа жабууну качан токтотосуңар

297
0

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун кабар беришинче, милиция кызматкерлери Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчө болгон 17 адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

 ИИМ кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн кезектеги операция 30-31-декабрь күндөрү Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Арстанбап  айылында жана Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн. Кабар берилишиниче, шектүү жарандардын үйүнөн экстремисттик мазмундагы 150 даана китеп, 200 баракча, DVD дисктер, гезит, видеокамера, фото аппарат жана “Бекас-2” үлгүсүндөгү курал, ок-дары жана наркотикалык заттар табылган. Колго алынган бардык материалдар экспертизага жөнөтүлгөн.

Туркистон:

Акыркы кездерде Кыргызстанда жүз берип жаткан иштер – күч  түзүмдөрү тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы кеңири масштабдуу операциялардын башталышы, бул жолдо негизинен кыргыз коомчулугунда таасир күчүнө ээ болгон Хизб ут-Тахрир жамаатын жаманатты кылууга аракет кылынышы о.э. өкмөткө караштуу ЖМКлардын күч түзүмдөрү тарабынан берилген кабарлар чын-төгүн экендигине карабастан таркатышы – Кыргызстанда президенттин таасир күчү калбагандыгына, бардык иштер күч түзүмдөрүнүн колуна өтүп кеткендигине ишара кылууда.

  Бүгүнкү күндө күч түзүмдөрү Кыргызстандагы бардык иштерди – кылмыш дүйнөсүнөн баштап, мамлекеттик кызматтарга кадр дайындоого чейин – көзөмөлүнө алып болушту. Президент да бийлигин сактап калуу үмүтүндө иштин тизгинин күч түзүмдөрүнө берүү менен элдин тагдырын алардын колуна тапшырып койгон окшойт.

 Күч түзүмдөрү болсо өз кезегинде элди коркууда кармап туруу үчүн исламий коркунуч жана “ИШИМ” коркунучун мүмкүн болушунча күчөтүү аркылуу Ислам динин, айрыкча, Хизб ут-Тахрирди жаманатты кылуу максатында маалыматтык чабуулдарын күчөтүүдө. Мындан көздөлгөн максат, Хизбди Кыргызстан жарандарынан ажыратып алуу же аны элдин көз алдында согуштук аракеттерди кылуучу уюмдар менен аралаштырып жиберүү.

 Бүт дүйнөгө белгилүү болгондой, Хизб ут-Тахрир саясий Хизб болуп, анын мабдасы Ислам. Хизб Үммөт Исламды өзүнүн тагдырий маселеси кылып алышы үчүн жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууну турмушка кайтаруу максатында Үммөткө жетекчилик кылуу үчүн Үммөттүн арасында, аны менен бирге аракеттенет. Хизбдин иши исламий даъватты саясий жол менен майданга алып чыгуу. Ошондуктан да Хизб ут-Тахрир маддий (материалдык) иштер менен алектенбейт. Себеби, Хизб Исламий мамлекетти кайрадан тикелөө тарыйкаты катары пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. тарыйкатын бекем кармаган о.э. анын мабдасы Ислам. Бул болсо, Хизб пикирлерди жана өкүмдөрдү исламий акыйда жана бул акыйда алып келген шаръий нусустардан гана алышын түшүндүрөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here