Өкмөт Россия менен ГЭС куруу келишимин жокко чыгарды

291
0

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Россия Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча келишимди аткаруудан баш тартып жаткандыгы  себептүү Путинге “капа болбогула, бирок биз башка өнөктөш издешибиз керек” деп ачык айткандыгын билдирген эле.

 Атамбаевдин бул билдирүүсүнөн кийин Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко“Марал” радиосу менен болгон маекте Украина гидроэнергетика тармагында тажрыйбасы бар болгондуктан Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин билдирген эле.

Дорошенко: “Албетте, Украина Кыргызстан менен бардык тармактарда кызматташууга кызыкдар. Гидроэнергетика тармагы Кыргызстан-Украина кызматташтыгынын бир бөлүгү болуп калат. Жакында президент Алмазбек Атамбаевдин ГЭСтер туурасындагы билдирүүсүн уктум. ГЭСтерди куруу боюнча Украинанын тажрыйбасы 70-жылдарга барып такалат. Мындай ири курулуштарды куруу жаңы технологиянын жардамында ишке ашырылат. Украинаны бул тараптан да өтө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгерде Кыргызстан өкмөтү кызыгуусун билдирсе, элчикана Кыргызстан жана Украина энергетика тармагынын өкүлдөрү ортосунда форум өткөрүүгө даяр. Себеби, Украина ири ГЭСтерди курууда атайын жабдыктар менен толук камсыздай алат. Бул Кыргызстан үчүн да өтө пайдалуу деп ойлоймун”, – деген болчу.

31-декабрда болсо, Кыргызстан өкмөтү Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу жана эксплуатация кылуу боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу туурасында токтом кабыл алды.

Өкмөттүн маалымат катчысы Бакыт Асановдун кабар беришинче, өкмөттүн бүгүнкү жыйынында экономика министринин орун басары Айбек Калиев Россия азыркы экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду финансылык жактан камсыздай албастыгын мойнуна алгандыгы себептүү келишим жокко чыгарылгандыгын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here