БУУ Сирия сүйлөшүүсүнүн убактысын белгиледи

286
0

Сирия проблемасын ири мамлекеттер пайдасына чечүү үчүн режим жана оппозиция өкүлдөрүн сүйлөшүү столуна алып келүү максат кылынган о.э. учурда даярдык көрүлүп жаткан сүйлөшүүлөр 2016-жылдын 25-январында Женевада баштала тургандыгы тууралуу кабарланды.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын офисинен берилген билдирүүдө сүйлөшүүлөр үчүн аракеттер күчөтүлгөндүгү айтылды. Билдирүүдө айтылышынча, Сирия режими жана оппозициясы ортосундагы сүйлөшүүлөр 18-декабрда Ню-Йоркто өткөрүлгөн “Сирияны колдоп-кубаттоо” тобунун жыйынында жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кабыл алынган токтомдорго таянган абалда жүргүзүлөт.

О.э. билдирүүдө Мистура январь айынын башында кеңешүү иштерин аякташы жана 2016-жылдын 25-январында болсо Женевада сүйлөшүүлөр башталышы тууралуу кабарланды. Саясий өткөөл мезгилинин башталышы үчүн режим жана оппозиция өкүлдөрүн Женева декларациясы жана Венадагы жарашууга ылайык келе турган көрүнүштө бир жерге топтоо максат кылынган.

Стеффан де Мистуранын бардык кызыкдар тараптардан бул планды колдоп-кубатташын талап кылгандыгы жана майдандагы өзгөрүүлөр ушул жараянга зыян жеткиришинин алдын алуу зарыл экендигин баса белгилегендиги айтып өтүлдү.

“Сирия калкы тарткан азаптарды бүтүндөй регион жана башкалар да сезип жатышат. Бардык тараптар Сирия үчүн келишпестиктерди четке сүрүп, сүйлөшүүлөргө көңүл бурушу керек. Сирия калкы буга татыктуу”, – деди Мистура.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 18-декабрь күнү Сирияда саясий диалог жараянынын башталышы жана мамлекеттик масштабда келишүү жарыя кылууну талап кылып, Женева декларациясы менен Вена жыйынында кабыл алынган токтомдун долбоорун бир добуштан кабыл алган эле.

Башар Асаддын өткөөл мезгилдеги абалыэмне болушу жана кайсы топтор оппозициялык топ, кайсынысы террордук уюм деп эсептелиши туурасындагы келишпестик сүйлөшүүлөр башталышынын алдындагы эң маанилүү тоскоолдуктар болуп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here