Тажикстандын авиа базаларынан Индия аскерлери пайдаланууда

280
0

Тажикстан аскерий аба базаларында Россия кошуундары менен бир катарда Индиянын аскерий күчтөрү да жайгаштырылгандыгы тууралуу кабарлар таркады. Кабарларга ылайык, Индия аскерлеринин саны көбөйүшү эки мамлекеттин ортосундагы келишимге ылайык ишке ашырылууда.

 “eurasianews.info” электрондук баракчасында жарыя кылынган кабарда айтылышынча, Хатлон аскерий гарнизонундагы ооруканада Индиянын 73 аскерий дарыгери кызмат өтөп жатат. Бул аскерий оорукана 2014-жылы Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылган эле.

Мындан тышкары, кабарда сөз кылынган “Тажик-Индия” достугунун зарыл тарабы катары Садриддин Айни авиа базасында индиялык 100 аскердин кызмат өтөп жаткандыгы тууралуу да айтылат. Тажикстан өкмөтүнүн билдиришинче, индиялык аскерийлер тажик учкучтарын окутуу тармагында жана башка техникалык жардам тармактарында кызмат кылып жатышат.

Азыркы учурда Тажикстан аба күчтөрүнүн Чехиядан чыккан 4 даана L-39 окуу самолёту, 7 даана Mi-8 жана 3 даана Mi-24 вертолёттору бар. Тажикстан массалык маалымат каражаттары тажик офицерлеринин тажрыйбасын ашыруу керектигин айтып келишет.

Расмий Душанбе атактуу жазуучу Садриддин Айнинин аты берилген авиа базада Индия аскерлеринен башкасы болушуна уруксат бербейт. Мунун себеби 2012-жылы иштей баштаган аскерий база Индиянын 70 миллион долларлык финансылык жана техникалык жардамы менен кайрадан жаңыртылган. Индия аскерий жактан пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн жардам берген эле.

Бардык түрдөгү самолёттор учуп конушу мүмкүн болгон Айни аскерий аэродромунда учуп-конуу тилкесинин узундугу 3200 метрге барабар. Аэродром заманбап техникалык жана башка каражаттар менен жабдылган. Ал эми Индия тарап бул авиа базадан кандай максатта пайдаланышы азырынча анык эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here