Тажикстан да аскерий коалицияга кошулмакчы

276
0

Тажикстандын Эр-Рияддагы элчиси Шариф Азамшо Латифзоданын билдиришинче, Тажикстан Саудиянын демилгеси менен террорчулукка каршы түзүлгөн мусулман коалициясынын курамына кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууда. Элчинин айтымында, Тажикстан коалициянын тең укуктуу мүчөсү болууну каалап жатат.

Латифзоданынын айтымында, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2016-жылдын январында Эр-Риядга сапар кылып, король Абдулазиз Салман менен жолугушууну пландаштырган. Тараптар ошол жолугушууда терроризмге каршы күрөш маселелеринде өз ара кызматташтыкты күчөтүү маселесин талкуулашат. Душанбе ошол жолугушуудан кийин коалициянын мүчөсүнө айланышы мүмкүн.

Саудия 15-декабрь күнү терроризмге каршы күрөшүүчү 34 мусулман мамлекеттен турган альянс түзгөндүгүн жарыялаган болчу.

АКШнын коргоо министрлиги Саудия башчылык кылган коалицияны куттуктап чыккан болсо, расмий Москва бул коалициянын максаттарын анык билбеген абалда, мамиле билдирүүгө азырынча эрте экендигин айтып өткөн  эле.

Туркистон:  

Ушул мусулман өлкөлөрдүн коалициясы, албетте АКШ баш болуп Батыш тарабынан сунушталып жатат. Россия болсо бул оюнда өзү үчүн белгиленген орунду таба албады. Себеби, бул долбоор аны менен кеңешилбестен иштелип чыкты. Ошондуктан, ал бираз экиленип турат.

Тажикстандын бул мусулмандар түзүп  жаткан куфр коалициясына кызыгуусу, ушул коалиция ийгиликтүү бирер натыйжаларга жетише баштаса, ал Сирия жана Ирактан да кененирээк региондордогу проблемаларды чечүүгө киришүүсү мүмкүн экендигине далалат кылат. Т.а. Афганистан проблемасын чечүүдө да ушул коалициядан пайдаланууга үмүттөнүшөт. Тажикстан алгачкы карлыгач болгон болсо, андан соң Борбор Азия мамлекеттеринин бардыгы бул коалицияга мажбурлап киргизилет. Бул нерсе Сирия проблемасы Борбор Азияда да пайда болушу үчүн кеңири шарт түзүп берет. Куфр дүйнөсү мусулмандардын саясий алсыздыктарынан жана чыккынчылыгынан пайдаланып, дээрлик жок жерден проблемаларды пайда кылуу менен мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп, ич ара согуш чыгарууга алып бара жатат.

Россия бул согуштан четте калып жатканынан кабатыр болуп жатат. Себеби, азыркы кырдаалда Путинге – ал тургай максатсыз болсо да – согуш гана керек. Ал режимин согуш же аскерий башкаруу жана аскерий абал менен гана сактап калышы мүмкүн. Эгерде Россия Сириядагы аскерий аралашуулардан четтетилсе, Путин Кавказда же Россиянын бирер исламий регионунда жаңы согуштук абалды пайда кылууга мажбур болот.

Тажикстандын – Россия бирер чечим кабыл албай туруп – өзүн ушул коалицияга сунуш кылышы, Исламга каршы дүйнөлүк куфр жүрүшүндөгү Россиянын орду генералдар трибунасында эместигине жана ал да Тажикстан сыяктуу эле АКШнын аскерлеринин бирине айланып калгандыгына далалат кылат.

Демек, АКШ Сирияда Россияны бир топ убакыт өз кызыкчылыгына пайдаланды. Эми эстафетаны исламий өлкөлөргө тапшырууну ыктыяр кылды. Эми бул АКШнын малайларын Ислам дүйнөсү канчалык кабыл алышы куфр дүйнөсү үчүн өтө маанилүү. Бул операциянын долбоору боюнча “Ислам Мамлекети” уюмун пайда кылды, аны колдоп-кубаттады. Анын милдети, Сирияда Асад менен ынкылаптык күчтөр ортосундагы тең салмактуулукту кармап туруу болчу. Ошону менен бир учурда ал тарабынан болгон жана болбогон бардык  жырткычтык иштерди видео материалдар аркылуу дүйнөгө кеңири таркатты. Эми аны кудум дүйнөнү ээлеп алышы мүмкүн болгон өтө чоң кубат жана жырткыч машина сыяктуу өтө көбүртүп, адамзат үчүн ошону менен бирге мусулмандар үчүн өтө чоң проблема кылып көрсөтүү максатында, кеңири маалыматтык чабуул жүргүзүп жатат. Саудия баш болуп түзүлүп келе жаткан жогорудагы коалиция ушул долбоордун жыйынтыктоочу жана негизги көздөлгөн бөлүгү болуп эсептелет. Т.а.Сирия ынкылабына каршы мурдатан түзүлгөн бардык долбоор жана операциялар ушул мусулмандар коалициясын түзүү үчүн иштелип чыккан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here