Америка ИШИМге каршы күрөшүү үчүн Германиядан кошумча жардам сурап жатат

293
0

Германияда чыгуучу «Der Spiegel» журналыны өткөн ишембидеги кабарына ылайык, Германия парламенти Сириядагы аскерий кампанияга кошулууга ыраазылык бергенден кийин, Кошмо Штаттар Германиядан ИШИМ уюмуна каршы күрөштө кошумча жардам берүүнү талап кылды.

Кабарда айтылышынча, Америка коргоо министри Эштон Картер Берлинге кат жолдоп, бул кампанияда аскерий тараптан көбүрөөк салым кошууну талап кылган.

Учурда Германиянын салымы 6 даана Торнадо разведка самолёту, Франциянын Шарль де Голль авианосецтерин коргой турган Фрегат, күйүүчү май менен камсыздай турган самолёттор жана 1200 аскерден турат.

Бул күчтөрдү жөнөтүү, Париж чабуулдарынан кийинки Франция өкмөтүнүн талабына жооп иретинде ишке ашырылды. А бирок, Германиянын өзү Сирияда авиа соккуларды берүүнү пландаштырып жаткан жок. Германия коргоо министрлиги Кошмо Штаттардан кат алгандыгын тастыктады жана каттын мазмунундагы талаптарды үйрөнүп жатышкандыгын билдирди, а бирок, кеңири баян кылууну каалабады (Рейтер маалымат агенттиги).

Роя гезитинин комментарийи:

Америка өзү башчылык кылып жаткан коалицияга Германия сыяктуу мамлекеттердин кошулушун каалап жатат. Ал ИШИМ уюму коркунучун, айрыкча, Европага болгон коркунучту шылтоолоп, бул мамлекеттердин бардыгын өз канатынын астына алууну каалап жатат.

Рейтер маалымат агенттиги өткөн жекшемби күнү Германия канцлери Ангела Меркел Американын талабын четке каккандыгын кабарлады. Бирок, Рейтер анын бул кабарын түздөн-түз келтирбеди. Меркел Зи-Ди-Эф телеканалына интервью берип жаткан учурда ага Американын талабына байланыштуу Германия журналынын отчёту туурасында суроо берилгенде ал: «Германия өз милдетин аткарып жатат жана жакын арада ушул маселе боюнча сөз кылууга зарылдык жок деп ишенемин», – деп жооп берди.

Роя гезитинин 2015-жыл, 16-декабрдагы 56-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here