“Мусулман агайындар” Жон Керрини курсант кылган токтомду колдоп-кубаттады

234
0

Сириядагы “Мусулман агайындар” (Ихванул Муслимин) тобу Саудиянын борбору Эр-Риядда өткөрүлгөн жыйында Сирия оппозициясы тарабынан кабыл алынган токтомдорду колдоп-кубаттай тургандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттиги билдирди.

“Мусулман агайындар” тобу тарабынан чыгарылган басма сөз билдирүүсүндө айтылышынча, Россия жана Иран бул өлкөнү басып алып жаткан бир учурда Саудиянын демилгеси менен Сирия ынкылаптык күчтөрүнүн бир жерге топтолушу мактоого татыктуу.

“Өкүлдүк даражасы жана коопсуздук күчтөрүнө тиешелүү механизм туурасында түрдүү пикирде болсок да, Сириядагы “Мусулман агайындар” уюму катары бул демилгени алкыштайбыз. Биз Сирия калкын колдоп-кубаттаганы үчүн Саудия бийлигине ыраазылык билдиребиз”, – деп айтылат Сириядагы “Мусулман агайындар” тобу тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

 “Мусулман агайындар” тобу Эр-Риядда уюштурулган сүйлөшүү комитетин да колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди. Бирок, бул үчүн келишилген улуттук баалуулуктарга амал кылынышы шарт.

Сирия оппозициясы проблеманы дипломатиялык жолдор аркылуу чечүү үчүн бейшемби күнү Эр-Риядда чогулуп, Асад режими менен сүйлөшүү максатында жогорку даражалуу комиссия түзүшкөн эле. Оппозиция өкүлдөрү тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, борбору Эр-Риядда жайгашкан ушул комиссия өткөөл мезгилдин башталышы үчүн режим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган делегацияны белгилейт.

Туркистон:

АКШ Асаддын ордуна татыктуу кадр таба албаган соӊ, оппозиция арасынан Батышка ыктагандарын Асаддын кысымга алууга жетелеп жатат. Саудия өкмөтүнүн демилгеси менен ишке ашырылган бул жыйын Сирия ынкылабын АКШнын кызыкчылыгы тарапка багытоодон башка нерсе эмес. Ал жерде келишилген негизги нерсе Исламдын ар кандай көрүнүшүнө террор тамгасын жабыштырып, Сирия бийлигине Исламий башкаруунүн келишине жол бербестик. Ошондуктан, жыйында “демократиялык жана жарандык мамлекет куруу” о.э. “терроризмдин (Исламий башкаруунун) бардык формаларын четке кагуу” сыяктуу бир нече беренелер үстүндө келишип алышты.

Бул карамүртөз план “Сирияда кан төгүүнү токтотуу” шылтоосу менен жаап-жашырылып жатат. Түпкүлүгүндө, АКШ жана Батыш сызган сызык менен жүрүү ушул кезге чейин төгүлгөн пакиза кандарга кыянат кылуу болуп эсептелет. Себеби, бул келишим – куфр мамлекеттеринин колдоосуна ээ болгон, а бирок, элдин ишенимине ээ болбогон айрым илманий оппозиция өкүлдөрү менен канкор Асад режиминин ортосунда боло турган келишим. Ортодогу келишим беш жылдан курмандык берип келе жаткан Сирия мусулмандарынын пайдасын эмес, АКШ жана Батыштын пайдасын көздөп түзүлөт. Андан соӊ Сирия калкы буга моюн сунууга мажбурланат. Ошондуктан, мусулман адам жүз берип жаткан окуяларга тереӊ назар таштап, Исламий акыйда көз карашынан келип чыгып баа бериши керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here