Европанын Сирияга баскын кылуудан максаты эмне?

449
0

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембиДЕГИ 55-санынан:

Британия жана Германия францияны ээрчип жатат… Европанын Сирияга баскын кылуудан максаты эмне?

Окуяларды күзөтүп келе жатканда назардан качырбаш керек болгон нерсе, түшүнүүнүн негизи болгон акыйкаттарды аӊдап алуу.

Бул акыйкаттардын биринчиси: Европа мамлекеттери колонизатор мамлекеттер экендиги. Себеби, алар динди мамлекеттен ажыратуучу капиталисттик мабда-системаны кабыл алышкан. Бул мабда кызыкчылык негизине курулган болуп, иштердин өлчөөсү да пайда. Колонизатордук дал ушул мабданы жаюунун жолу, кала берсе бул анын максаты. Булардын бардыгы акыйкат болуп, адам ушул акыйкат аркылуу Европа мамлекеттерин жана Американы түшүнүп алышы керек о.э. буга тескери пикир менен өзүн-өзү алдабашы керек. Антпесе, ушул мамлекеттердин тузагына түшүп, бүтүндөй капилетте калат. Мисалы, айрым улама сыяктуу кимселер жана башкалар Американын Иракка болгон, Франция жана башка мамлекеттердин Ливияга болгон баскынын коргоп жатышат.

Экинчи акыйкат: Бул капиталисттик мамлекеттер өз мабдасы каршысында бирер мабданын турушуна ыраазы болушпайт. Ошол себептен да алар коммунисттик мабдага каршы күрөшүштү жана акырында бул мабда кулады. Ислам мабдасына да каршы күрөшүп, мамлекетин кулатышты. Азыр болсо ушул Исламдын кайтып келишине о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайра тикеленишине каршы күрөшүп жатышат. Алар жеке адамдар жана жамааттар катары капиталисттик мабда астында жашап, анын мыйзамдарына амал кылып жаткан мусулмандарды кабыл алышса да, мамлекети бар болгон жана мабда сыпатындагы Ислам өкүмдарлыгын кабыл алышпайт.

Үчүнчү акыйкат: Ушул Европа мамлекеттеринин башында Британия, Франция, Германия турат жана алардын ар бири улуу мамлекет деген сыпатка ээ. Бул мамлекеттер илгертеден өкүмдар болуу, колония кылуу үстүндө атаандашып келген. Ошондуктан да биринчи жана экинчи дүйнөлүк согушта бири-бирин талкалашты. Иш мусулмандарга байланыштуу болсо, мусулмандардын таптакыр кадыр-баркы болбоду. Өз максаттарын ишке ашыруу максатында алардан пайдаланып жатканда гана бир аз көӊүл буруп коюшту. Кийин Америка келди жана алар менен атаандашып, бул мамлекеттерди бир четке чыгарып койду. Мына бүгүн Америка бүт дүйнөгө өз өкүмдарлыгын өткөрүүгө, анын көпчүлүк байлыктарын бардык жолдор менен өздөштүрүп алууга аракет кылууда.

Ошондуктан, Сирия кутурган колонизатордук күрөштөргө күбө болду. Франция чыгып кеткендан кийин Британия өз малайлары аркылуу кирип алды. Кийин Америка келди жана Британия менен атаандаша баштады… Натыйжада бул экөөнүн ортосундагы күрөштөр себептүү өткөн кылымдын элүүнчү жана алтымышынчы жылдарында Сирия бир нече ынкылаптарды башынан өткөрдү. Акыры, Америка жетимишинчи жылдарда Хофиз Асад бийликке келгенден кийин Сирияда өз таасирин орнотуп алды. Бирок, иш ошону менен аяктабады. Себеби, Сирия калкы Америка таасиринен кутулууну каалап, бир нече аракеттерди кылды, натыйжада 2011-жылдагы козголоң пайда болду.

Бул козголоң Америка таасирине эле эмес, бүтүндөй Батыштын таасирине коркунуч туудурду. Ошол себептен улам, Америка козголоң жалынын малайы Башар Асад жардамында өчүрүү колунан келбеген соӊ, алгач Иран жана анын Ливандагы Хизбин, кийин Россияны жардамга чакырды. Россия Сирияга түздөн-түз аскерий жактан аралашты жана өзү менен кошуп регион мамлекеттерин да алып кирди… Америка Россиянын жанында Европанын аскерий аралашуусуна да жол берүүгө мажбур болду. Түпкүлүгүндө болсо Европанын, айрыкча, Британиянын аралашуусунан кооптонот эле. Себеби, Сириядагы акыркы т.а. Америка кирип барышынан мурунку оюнчу Британия эле. Анын билими, күч-кубаты жана тажрыйбасы бар болуп, өз адаты боюнча ыпылас англисче рол ойношу мүмкүн.

Ошондуктан, Америка Европа мамлекеттеринин өзүнө болгон зыяндарын токтотуп калуу, согушту өз көзөмөлү жана жетегинде алып баруу максатында алардын Сирияга карата аскерий аралашуусуна уруксат берди, алардын өз башкаруусунан тышкарыда аракет кылышынан кооптонуп, ушундай кылды. Себеби, бул мамлекеттер басым өткөрүп келе жаткан эле. Биз күбө болгондой, Франция Сирияга аскерий жактан аралашууга уруксат берилген соӊ мурдагы билдирүүлөрүнөн баш тартып, Асаддын калышына ыраазы боло баштады жана аны ИШИМ уюму маселесине байланыштырбады. Британия да ушундай кылды.

Чындыгында, 2015-жыл, 4-декабрь күнү Германия парламенти өкмөттүн ИШИМ уюмуна каршы күрөш шылтоосунда Сирияга аскерий күчтөрдү жиберүүгө тиешелүү токтомун бир добуштан макулдады. Бул аскерий күчтөр 1200 аскер, 6 разведка самолёту, Франция Авианосецтерин коргоочу жана аларды күйүүчү май менен камсыздоочу фрегаттан турат. Бул болсо, немистерде чет өлкөдөгү аскерий аралашууга массалык умтулуу бар экендигине далалат кылат. О.э. бул Германия улуу мамлекетке айланууга аракет кылып жатканын жана колонизатордук менен алектенмекчи болуп жатканын көрсөтөт. Ушул тармакта тажрыйба ашыруу үчүн ал Франция менен келишкен абалда аракет кылууга токтом кылды жана токтомду Меркелдин 2015-жыл, 26-ноябрдагы Франция сапарынан кийин кабыл алды. Анткени, Германия менен Франция 2003-жылдан баштап өздөрүнө таандык негизде аракет кыла башташты. Ошондо эки мамлекет теӊ Американын Иракка кылган баскынына каршы чыгышкан эле. Франция болсо Сирияга аскерий жактан аралашууга 2015-жыл, сентябрда токтом кылып, 24-сентябрь күнү биринчи соккусун берди.

Британия Сирияга болгон чабуулун 2015-жыл, 2-декабрь күнү парламент добуш бергенден бир нече сааттан кийин баштады жана өзүнүн Кипрдеги аскерий базаларынан аракет кылды.

Британия менен Франция Сирия ишинде өз ролдоруна ээ болууга аракет кылып жатышат. Эл аралык оюнчулар катары калууну, эл аралык маселелерди талкуулоодон четте калып, өз позицияларын жоготуп койбостукту каалап жатышат. Германия да ушуну каалап жаткан эле жана аларга жетип да алды. Анткени, ал Европа саясатында жана Украинада айрым утуштарга жетишти о.э. Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө катышты. Жакында болсо Вена конференцияларында катышуу үчүн Сирия качкындары маселесинен күзүр карта катары пайдаланды.

Американын максаты, Сирия режимин кандай болсо ошондой сактап калуу. Бул үчүн ал өз малайы Башардын тагдырына байланыштуу талкууну кечиктирип, адамдардын көӊүлүн ИШИМ уюмуна буруп жатат жана бардыгын ушул уюмга каршы согушууга чакырып жатат. Анын жүзү жоктугу ушунчалык даражага жетти дейсиӊ, ал тургай Сирия калкын ИШИМ уюмуна каршы согушуу үчүн режим менен союз түзүүгө чакырууда. Сирия калкынын ИШИМ уюму кылган кылмыштардан миллион эсе жийиркеничтүү болгон режимдин кылмыштарын унутушун каалап жатат. Анткени, Америка тышкы иштер министри Керри 2015-жыл, 4-декабрь күнү мындай деди: «Башар Асадды кетирүүнүн ордуна, биринчи кезекте Сирия режими менен оппозиция күчтөрү ортосунда ИШИМ уюмуна каршы күрөштө өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар», – деди. Керри башка калктарга караганда бир топ аӊ-сезимдүү болгон Сирия калкын акмак деп ойлоп жатат. Же болбосо, Америка беш жылдан бери алдай албай жаткан калкты алдай аламын деп эсептеп жатат. Демек, Америка кризисте калды, өзүнүн саясий чечимин колдоно албады. Ошол себептен улам бардык ыкмаларды колдонууга өттү, бүт дүйнөнү өзүнө шерик кылууда. Өзүндөгү бардык мүмкүнчүлүктү ишке салып, Сирия калкына катуу басым өткөрүүдө. Европанын ИШИМ уюмуна каршы аскерий аралашуусуна уруксат берип, көӊүлдү Башар Асад темасынан башка тарапка буруп жиберди. Муну менен Сирия калкында “проблема ИШИМ уюмунда, бүт дүйнө ага каршы Америка менен бирге, ошондуктан ушул багыт боюнча жүрүүдөн башка чарабыз жок” деген пикирди пайда кылмакчы болуп жатат. Бул болсо, Америка ИШИМ уюмун тез арада жок кылбастыгын, тескерисинче Сирия калкы тарабынан ушул маселе кабыл алынгандан кийин гана бул ишке кирише тургандыгын түшүндүрөт. Качан Сирия калкы мына ушул багыт боюнча жүрсө жана Башар Асаддын өткөөл мезгил баскычында калышынаыраазы болушса, андан кийин ал бар болуп турганда анын режими менен сүйлөшүүгө ыраазы болушса жана саясий чечимди колдонууну кабыл алышса, мына ошондо гана Америка ИШИМ уюмун Сириядан жок кылуу операциясын баштайт.

ИШИМ уюму пикирий жана саясий жактан аӊ-сезимдүү болбогондуктан өзүн да, Исламды да, мусулмандарды да жаман кылып көрсөттү. Бул болсо, Америкага ыӊгайлуу болду. Ал козголоңду муунтуп таштоо үчүн Сирияга каршы кылган баскынында дал ушул уюмдун кылмыштарынан пайдаланды. Бүт дүйнө мамлекеттерин ИШИМ уюмуна каршы күрөшүүгө чакырды жана ушул уюмду шылтоолоп, кыйроого жүздөнүп жаткан таасирин сактап калуу үчүн, аларга өзүнүн жанында туруп аскерий жактан аралашууга уруксат берди. Эгерде бул уюм аң-сезимдүү жана түшүнүктүү болгондо, бардык исламий уюмдарга каршы душмандык кылбаган болот эле жана өзүн гана туура деп, калгандар болсо өзүнө итаат кылышы керек деп эсептебейт болчу. Анткени, ал өзүн Ислам Мамлекети жана исламий Халифалык деп жарыя кылды. Анын бул иши толук мааниде шариятка тескери болуп, беймааниликтен башка нерсе эмес. Ооба, ал бир аз аң-сезимдүү жана азыраак түшүнүктүү болгондо, бардык исламий уюмдар менен союз түзүп, биргеликте Дамашкка кирип барып режимди кулатып, ошондон кийин гана шаръий шарттар негизинде халифа шайлоо жана Халифалык жарыя кылууда ушул уюмдар менен келишкен болор эле.

Американын ушул бардык чөйрөлөрдөн жардам сурамайынча Сириядагы таасирин коргоого алсыздык кылып жатканы анын ийгиликсиздигине жана кыйроого жүздөнүп жатканына далил болот. Үммөттүн эр жүрөк уландары козголоң кылып, курмандыктарды берип, Аллахтын калимасын бийик кылууга багыт алып, Анын динине жардам берип жатышкан соӊ, Аллах да аларга албетте нусрат-жардам берет. Алар мына ушул иште бекем турушса, Аллах албетте Халифалык, үстөмдүк, коопсуздук жана бейпил жашоо берүү туурасындагы Өз убадасын ишке ашырат. Бирок, ушул замандын фиръавны болгон Америка жана анын малайлары, союздаштары, өнөктөштөрү тарабынан мусулмандардын перзенттери, аялдары, ал тургай жаш балдары да кыргын кылынышы сыяктуу үлкөн сыноо бар экен, албетте муну Роббибиз күзөтүп турат.

إن ربك لبالمرصاد

«Роббиӊ (бардык нерсени) албетте күзөтүп туруучу»                                                 [89:14]

Асъад Мансур калемине таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here